Difference between revisions of "АЛА-АРЧА КАПЧЫГАЙЫ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
228-323>KadyrM
 
м (1 revision imported)
(Айырма жок)

21:30, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы

 Кыргыз Ала-Тоосунун түн. капталында, Бишкек ш-нын түш. тарабында (35 км). Түбөлүк кар зонасынан (3800м бийиктиктен) башталып, Байтик өрөөнүнө (1600м) чыгат. Уз. 30 км, туурасы 7 км. Капчыгай негизинен палеозойдун башында пайда болгон сланец, кумдук, конгломерат, гранит ж-а гранит-диорит тоотектеринен түзүлгөн. Рельефи ж-а генезистик тиби б-ча капчыгай экиге бөлүнөт. Жогорку 14 кмге чейинки аралыгы кууш, тик капталдуу (40‒45°), тереӊ (800 мге
Ала-Арча капчыгайынын ортонку бөлүгү

чейин), нугу тепши сымал. Ал төртүнчүлүк мезгилдеги мөӊгүлөр дүн эрозиялык аракеттеринин натыйжасында пайда болуп, альп, субальп шалбаа лары м-н капталган. Төмөнкү бөлүгүнүн таманы жайык келип (300‒500 м), тик капталдуу (30‒40°), тереӊдиги 300‒400 м. Бул жерде карагай, арча, бадалдуу шалбаа өсөт. Капчыгай аркылуу Ала-Арча суусу агат. Капчыгайда альпинисттик лагерь (2000 м бийиктикте) жайгашкан. Бишкек ш-нан альплагерге чейин асфальт жол курулган. Капчыгай ‒ Бишкек калкынын эсалуу жайларынын бири. Мында 1976-ж. аймактын табиятын сактоо максатында Ала-Арча улуттук табият паркы уюшулган.