Difference between revisions of "АБАКИРОВ Барктабас"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
1 -сап: 1 -сап:
'''АБАКИРОВ''' Барктабас (2. 5. 1933, Нарын обл., Кочкор р-ну, Төрт-Күл айылы – 26. 5. 2006, Бишкек) – акын, журналист, коомдук ишмер, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1983). Бишкектеги К. И. Скрябин атындагы Айыл чарба институтун (1955), Москвадагы Жогорку партиялык мектептин журналистика бөлүмүн (1970) бүткөн. 1963-ж. «Советтик Кыргызстан», 1963–68-ж. райондук «Эмгек туусу», 1971–80-ж. облустук «Нарын правдасы» гезитинде башкы редактор, 1983-ж. «Кыргызстан» басмасында директор, 1987-ж. «Кыргызстан айыл чарбасы» журналында башкы редактор, 1987-жылдан КРдин Маданият министрлигинде жетектөөчү редактор болуп иштеген. «Чаарчык» аттуу туңгуч ырлар жыйнагы 1961-ж. жарыкка чыккан. Ал «Сапар» (1965), «Тоо таңы» (1968), «Бийик жерде» (1970), «Нарын агат» (1973), «Жылдар барагы» (1978), «Күтүү» (1979), «Соң-Көл толкуну» (1982), «Элүүнчү жаз», «Нарын күндөрү», «Арча бешик» (1985), «Өмүр кадамдары» (1989), «Манасчы Сагымбай» (1993), «Кыргыз үнү» (1997) аттуу китептердин автору. Лирикаларында, публицистикалык поэмаларында бийик граждандык пафос, терең социалдык мазмун ачык туюлат. Анын 200дөн ашык ырларына музыка жазылган. Китептери орус, казак тилдерине, көптөгөн ырлары дүйнө элдеринин тилдерине которулган. М. Ю. Лермонтов, С. Есенин, Р. Гамзатов, М. Турсун-Заде, Д. Кугультинов, Б. Степанюк, В. Бээкман ж. б. акындардын ырларын кыргызчага которгон. «Ардак Белгиси» ордени ж-a медалдар <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> сыйланган. ''Ж. Медералиева.''<br>
'''АБАКИРОВ''' Барктабас (2. 5. 1933-жылы, Нарын облусу, Кочкор району, Төрт-Күл айылы – 26. 5. 2006, Бишкек шаары) – акын, журналист, коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1983). Бишкек шаарындагы К. И. Скрябин атындагы Айыл чарба институтун (1955), Москва шаарындагы Жогорку партиялык мектептин журналистика бөлүмүн (1970) бүткөн. 1963-жылы «Советтик Кыргызстан», 1963 – 68-жылдары райондук «Эмгек туусу», 1971 – 80-жылдары облустук «Нарын правдасы» гезитинде башкы редактор, 1983-жылы. «Кыргызстан» басмасында директор, 1987-жылы «Кыргызстан айыл чарбасы» журналында башкы редактор, 1987-жылдан Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинде жетектөөчү редактор болуп иштеген. 1961-жылы «Чаарчык» аттуу туңгуч ырлар жыйнагы жарыкка чыккан. Ал «Сапар» (1965), «Тоо таңы» (1968), «Бийик жерде» (1970), «Нарын агат» (1973), «Жылдар барагы» (1978), «Күтүү» (1979), «Соң-Көл толкуну» (1982), «Элүүнчү жаз», «Нарын күндөрү», «Арча бешик» (1985), «Өмүр кадамдары» (1989), «Манасчы Сагымбай» (1993), «Кыргыз үнү» (1997) аттуу китептердин автору. Лирикаларында, публицистикалык поэмаларында бийик жарандык пафос, терең социалдык мазмун ачык туюлат. Анын 200дөн ашык ырларына музыка жазылган. Китептери орус, казак тилдерине, көптөгөн ырлары дүйнө элдеринин тилдерине которулган. М. Лермонтов, С. Есенин, Р. Гамзатов, М. Турсун-Заде, Д.Кугультинов, Б. Степанюк, В. Бээкман жана башка акындардын ырларын кыргызчага которгон. «Ардак Белгиси» ордени жaна медалдар <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> сыйланган. ''Ж.Медералиева.''<br>

15:26, 10 Июль (Теке) 2023 -деги абалы

АБАКИРОВ Барктабас (2. 5. 1933-жылы, Нарын облусу, Кочкор району, Төрт-Күл айылы – 26. 5. 2006, Бишкек шаары) – акын, журналист, коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1983). Бишкек шаарындагы К. И. Скрябин атындагы Айыл чарба институтун (1955), Москва шаарындагы Жогорку партиялык мектептин журналистика бөлүмүн (1970) бүткөн. 1963-жылы «Советтик Кыргызстан», 1963 – 68-жылдары райондук «Эмгек туусу», 1971 – 80-жылдары облустук «Нарын правдасы» гезитинде башкы редактор, 1983-жылы. «Кыргызстан» басмасында директор, 1987-жылы «Кыргызстан айыл чарбасы» журналында башкы редактор, 1987-жылдан Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинде жетектөөчү редактор болуп иштеген. 1961-жылы «Чаарчык» аттуу туңгуч ырлар жыйнагы жарыкка чыккан. Ал «Сапар» (1965), «Тоо таңы» (1968), «Бийик жерде» (1970), «Нарын агат» (1973), «Жылдар барагы» (1978), «Күтүү» (1979), «Соң-Көл толкуну» (1982), «Элүүнчү жаз», «Нарын күндөрү», «Арча бешик» (1985), «Өмүр кадамдары» (1989), «Манасчы Сагымбай» (1993), «Кыргыз үнү» (1997) аттуу китептердин автору. Лирикаларында, публицистикалык поэмаларында бийик жарандык пафос, терең социалдык мазмун ачык туюлат. Анын 200дөн ашык ырларына музыка жазылган. Китептери орус, казак тилдерине, көптөгөн ырлары дүйнө элдеринин тилдерине которулган. М. Лермонтов, С. Есенин, Р. Гамзатов, М. Турсун-Заде, Д.Кугультинов, Б. Степанюк, В. Бээкман жана башка акындардын ырларын кыргызчага которгон. «Ардак Белгиси» ордени жaна медалдар менен сыйланган. Ж.Медералиева.