Difference between revisions of "АЛА КИЙИЗ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
1 -сап: 1 -сап:
'''АЛА КИЙИЗ''' ‒ түр-оюм түшүрүлүп, уютулуп жасалган кийиз буюм. А. к-ди кыргыздар байыртадан эле пайдаланып келгендиги белгилүү. Ал ак жана кара койдун кылчыктуу күзгү жүнүнөн жасалат. Уютулуучу жүн кыска болот, узунун кырчып-кырчып кыскартат. Сабалгандан кийинки майда тытылган бир кылка өӊдөгү жүндү токулган ак чийдин үстүнө каалаган өлчөмдө жана калыӊдыкта тегиз төшөп, калыӊ, жука жерлери текшиленип чабакталат.[[File:АЛА КИЙИЗ19.png | thumb|none]]
'''АЛА КИЙИЗ''' ‒ түр-оюм түшүрүлүп, уютулуп жасалган кийиз буюм. Ала кийизди кыргыздар байыртадан эле пайдаланып келгендиги белгилүү. Ал ак жана кара койдун кылчыктуу күзгү жүнүнөн жасалат. Уютулуучу жүн кыска болот, узунун кырчып-кырчып кыскартат. Сабалгандан кийинки майда тытылган бир кылка өӊдөгү жүндү токулган ак чийдин үстүнө каалаган өлчөмдө жана калыӊдыкта тегиз төшөп, калыӊ, жука жерлери текшиленип чабакталат.[[File:АЛА КИЙИЗ19.png | thumb|none]]
Ар кандай түскө боёлуп, үшмөктөлүп, түйдөктөлгөн жүндүн жука катмары аркылуу ичке сызык болуп төрт бурчтук, үч бурчтук же ар кандай оюмдар түшүрүлөт. Түр салынгандан кийин жүндүн бетине кайнак суу текши себилип, чий жүн менен кошо оролуп түрүлөт.
Ар кандай түскө боёлуп, үшмөктөлүп, түйдөктөлгөн жүндүн жука катмары аркылуу ичке сызык болуп төрт бурчтук, үч бурчтук же ар кандай оюмдар түшүрүлөт. Түр салынгандан кийин жүндүн бетине кайнак суу текши себилип, чий жүн менен кошо оролуп түрүлөт.
[[File:АЛА КИЙИЗ20.png | thumb|none]]
[[File:АЛА КИЙИЗ20.png | thumb|none]]
Оролгон чийге дагы кайнак суу куюлуп, анын эки башына кап же башка материал кийгизилет. Сыртынан аркан жип менен бекем чырмап таӊып, аны аласалдырып, балдар тепкилей баштайт (кээде чыгырыкка салып, унаа менен сүйрөйт). Чийдин арасынан үксүйүп жүн чыга баштаганда же чий катууланып кайра тээп калганда кийизди тепкилөө токтотулат. Жүнү кирген али алешем кийизди чийден этияттап чыгарып, өзүнчө түрмөктөп алып, келин-кыздар катар отуруп, кайта-кайта өзүнө имере тарта оӊду-солду басып, билектин күчү менен кийизди уютушат. Эл арасында «кийиз кимдики болсо, билек ошонуку» деген макал ошондон улам айтылса керек. А. к. бышырылгандан кийин гана даяр болот. Уздардын айтымында орточо А. к-ге 10''кг''дай кара жүн жана 1,5 ''кг''дай түр жүн чыгымдалат. Учурда чеберлер мурдатан колдонулуп келген оюмдарды андан ары өркүндөтүшүп, жаӊы мазмундагы А. к-дерди жасап жатышат. Мындай А.к-дер эл аралык көргөзмөлөргө (Грекия, Италия, Франция ж. б.) коюлуп, чет элдиктердин кызыгуусун жаратууда.

Оролгон чийге дагы кайнак суу куюлуп, анын эки башына кап же башка материал кийгизилет. Сыртынан аркан жип менен бекем чырмап таӊып, аны аласалдырып, балдар тепкилей баштайт (кээде чыгырыкка салып, унаа менен сүйрөйт). Чийдин арасынан үксүйүп жүн чыга баштаганда же чий катууланып кайра тээп калганда кийизди тепкилөө токтотулат. Жүнү кирген али алешем кийизди чийден этияттап чыгарып, өзүнчө түрмөктөп алып, келин-кыздар катар отуруп, кайта-кайта өзүнө имере тарта оӊду-солду басып, билектин күчү менен кийизди уютушат. Эл арасында «кийиз кимдики болсо, билек ошонуку» деген макал ошондон улам айтылса керек. Ала  кийиз бышырылгандан кийин гана даяр болот. Уздардын айтымында орточо Ала  кийизге 10''кг''дай кара жүн жана 1,5 ''кг''дай түр жүн чыгымдалат. Учурда чеберлер мурдатан колдонулуп келген оюмдарды андан ары өркүндөтүшүп, жаӊы мазмундагы Ала  кийиздерди жасап жатышат. Мындай Ала кийиздер эл аралык көргөзмөлөргө (Грекия, Италия, Франция ж. б.) коюлуп, чет элдиктердин кызыгуусун жаратууда.

''Ш. Керимова.''

''Ш. Керимова.''

15:29, 22 Сентябрь (Аяк оона) 2023 -деги абалы

АЛА КИЙИЗ ‒ түр-оюм түшүрүлүп, уютулуп жасалган кийиз буюм. Ала кийизди кыргыздар байыртадан эле пайдаланып келгендиги белгилүү. Ал ак жана кара койдун кылчыктуу күзгү жүнүнөн жасалат. Уютулуучу жүн кыска болот, узунун кырчып-кырчып кыскартат. Сабалгандан кийинки майда тытылган бир кылка өӊдөгү жүндү токулган ак чийдин үстүнө каалаган өлчөмдө жана калыӊдыкта тегиз төшөп, калыӊ, жука жерлери текшиленип чабакталат.

АЛА КИЙИЗ19.png

Ар кандай түскө боёлуп, үшмөктөлүп, түйдөктөлгөн жүндүн жука катмары аркылуу ичке сызык болуп төрт бурчтук, үч бурчтук же ар кандай оюмдар түшүрүлөт. Түр салынгандан кийин жүндүн бетине кайнак суу текши себилип, чий жүн менен кошо оролуп түрүлөт.

АЛА КИЙИЗ20.png

Оролгон чийге дагы кайнак суу куюлуп, анын эки башына кап же башка материал кийгизилет. Сыртынан аркан жип менен бекем чырмап таӊып, аны аласалдырып, балдар тепкилей баштайт (кээде чыгырыкка салып, унаа менен сүйрөйт). Чийдин арасынан үксүйүп жүн чыга баштаганда же чий катууланып кайра тээп калганда кийизди тепкилөө токтотулат. Жүнү кирген али алешем кийизди чийден этияттап чыгарып, өзүнчө түрмөктөп алып, келин-кыздар катар отуруп, кайта-кайта өзүнө имере тарта оӊду-солду басып, билектин күчү менен кийизди уютушат. Эл арасында «кийиз кимдики болсо, билек ошонуку» деген макал ошондон улам айтылса керек. Ала кийиз бышырылгандан кийин гана даяр болот. Уздардын айтымында орточо Ала кийизге 10кгдай кара жүн жана 1,5 кгдай түр жүн чыгымдалат. Учурда чеберлер мурдатан колдонулуп келген оюмдарды андан ары өркүндөтүшүп, жаӊы мазмундагы Ала кийиздерди жасап жатышат. Мындай Ала кийиздер эл аралык көргөзмөлөргө (Грекия, Италия, Франция ж. б.) коюлуп, чет элдиктердин кызыгуусун жаратууда.

Ш. Керимова.