Difference between revisions of "АК-СУУ (ГРИГОРЬЕВКА) ЖАРЫМ АРАЛЫ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
1 -сап: 1 -сап:
'''АК-СУУ (ГРИГОРЬЕВКА) ЖАРЫМ АРАЛЫ''' Ысык-Көлдүн түн. жээгинин орто бөлүгүндө жайгашкан. Көлгө 5 км кирип турат. Негизи 26 кмге созулган (Корумду ‒ Ананьев сызыгы б-ча) трапецияны элестетет. Жээк сызыгынын уз. 21,9 км. Көп бөлүгү Чоӊ Ак-Суу, Ак-Суу, Тегирменти, Карачач сууларынын шиленди конустарынан түзүлгөн жантайыӊкы аккумуляциялык-пролювий түздүгү. Орто бөлүгүн Чоӊ Ак-Суу, Ак-Суунун тереӊ сайлары (туурасы 0,3‒1,5 км) ээлейт. Голоцендик тектирлердин жазылыгы 0,4‒1,8 км; чыгышы Чоӊ Ак-Суу колтугуна чейин саздак, кум жалчаларынан турат; батышы таштак. Чоӊ Ак-Суу колтугунун төр жагы кум жайылып, тайыздап бараткандыктан, ал кеме токтоочу жай катары маанисин жоготууда. Анын жээгинде Григорьевка кеме турагы, кыштак, балык комбинаты, күйүүчү-майлоочу май базасы жайгашкан. <br>
'''АК-СУУ (ГРИГОРЬЕВКА) ЖАРЫМ АРАЛЫ''' Ысык-Көлдүн түндүк  жээгинин орто бөлүгүндө жайгашкан. Көлгө 5 км кирип турат. Негизи 26 кмге созулган (Корумду ‒ Ананьев сызыгы боюнча) трапецияны элестетет. Жээк сызыгынын узундугу  21,9 км. Көп бөлүгү Чоӊ Ак-Суу, Ак-Суу, Тегирменти, Карачач сууларынын шиленди конустарынан түзүлгөн жантайыӊкы аккумуляциялык-пролювий түздүгү. Орто бөлүгүн Чоӊ Ак-Суу, Ак-Суунун тереӊ сайлары (туурасы 0,3‒1,5 км) ээлейт. Голоцендик тектирлердин жазылыгы 0,4‒1,8 км; чыгышы Чоӊ Ак-Суу колтугуна чейин саздак, кум жалчаларынан турат; батышы таштак. Чоӊ Ак-Суу колтугунун төр жагы кум жайылып, тайыздап бараткандыктан, ал кеме токтоочу жай катары маанисин жоготууда. Анын жээгинде Григорьевка кеме турагы, кыштак, балык комбинаты, күйүүчү-майлоочу май базасы жайгашкан. <br>

15:24, 14 Сентябрь (Аяк оона) 2023 -деги абалы

АК-СУУ (ГРИГОРЬЕВКА) ЖАРЫМ АРАЛЫ Ысык-Көлдүн түндүк жээгинин орто бөлүгүндө жайгашкан. Көлгө 5 км кирип турат. Негизи 26 кмге созулган (Корумду ‒ Ананьев сызыгы боюнча) трапецияны элестетет. Жээк сызыгынын узундугу 21,9 км. Көп бөлүгү Чоӊ Ак-Суу, Ак-Суу, Тегирменти, Карачач сууларынын шиленди конустарынан түзүлгөн жантайыӊкы аккумуляциялык-пролювий түздүгү. Орто бөлүгүн Чоӊ Ак-Суу, Ак-Суунун тереӊ сайлары (туурасы 0,3‒1,5 км) ээлейт. Голоцендик тектирлердин жазылыгы 0,4‒1,8 км; чыгышы Чоӊ Ак-Суу колтугуна чейин саздак, кум жалчаларынан турат; батышы таштак. Чоӊ Ак-Суу колтугунун төр жагы кум жайылып, тайыздап бараткандыктан, ал кеме токтоочу жай катары маанисин жоготууда. Анын жээгинде Григорьевка кеме турагы, кыштак, балык комбинаты, күйүүчү-майлоочу май базасы жайгашкан.