Difference between revisions of "АИР ЖАНА ТЕНЕРЕ"
Jump to navigation
Jump to search
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АИР ЖАНА ТЕНЕРЕ''' – Нигердеги табийгый корук. Сахарада Аир бөксө тоосунун чыгыш капталында жайгашкан. Аянты 77,36 миң км<sup>2</sup>, | '''АИР ЖАНА ТЕНЕРЕ''' – Нигердеги табийгый корук. Сахарада Аир бөксө тоосунун чыгыш капталында жайгашкан. Аянты 77,36 миң км<sup>2</sup>, бийиктиги 400–1998 ''м.'' Тенерени “чөлдөгү чөл” деп айтышат. Кышында такыр түздүктөрүндө кум учурган шамалы жайында ысык чаң <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> коштолот. Өсүмдүк жокко эсе. Тоо массивдеринде 350гө жакын өсүмдүктөр кездешет. Ал өсүмдүктөр Сахара чөлүнө мүнөздүү. Алар – акация, баялыш, жапайы маслина, таруу, оазистеринде пальма, тамарикс, ар түрдүү маданий өсүмдүктөр. Корукту гепард, чаар гиена, павиандар, страустардын ири популяциясы <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> туяктуулардын көптөгөн түрү (газель, антилопа ж. б.) мекендешет. Корук ''Бүткүл дүйнөлүк мурастын ''тизмесине киргизилген. |
11:02, 5 Сентябрь (Аяк оона) 2023 -деги абалы
АИР ЖАНА ТЕНЕРЕ – Нигердеги табийгый корук. Сахарада Аир бөксө тоосунун чыгыш капталында жайгашкан. Аянты 77,36 миң км2, бийиктиги 400–1998 м. Тенерени “чөлдөгү чөл” деп айтышат. Кышында такыр түздүктөрүндө кум учурган шамалы жайында ысык чаң менен коштолот. Өсүмдүк жокко эсе. Тоо массивдеринде 350гө жакын өсүмдүктөр кездешет. Ал өсүмдүктөр Сахара чөлүнө мүнөздүү. Алар – акация, баялыш, жапайы маслина, таруу, оазистеринде пальма, тамарикс, ар түрдүү маданий өсүмдүктөр. Корукту гепард, чаар гиена, павиандар, страустардын ири популяциясы жана туяктуулардын көптөгөн түрү (газель, антилопа ж. б.) мекендешет. Корук Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.