Difference between revisions of "АДЫЛОВ Султан"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (Dilde moved page АДЫЛОВ to АДЫЛОВ Султан)
(Айырма жок)

11:19, 14 Июль (Теке) 2023 -деги абалы

АДЫЛОВ Султан (1934-ж. т., Ысык-Көл обл., Жети-Өгүз р-ну, Желе‑Дөбө кыш.) – химик, химия илимд. кандидаты (1964), проф. (1991). КРдин илим ж‑a техника б‑ча мамл. сыйл. лауреаты (2000). Москвадагы Д. И. Менделеев атн. МХТИни (1957), СССР ИАнын Топчиев атн. нефть‑хим. синтез ин‑тунун аспирантурасын (1963) бүтүргөн. ФПИде улук мугалим, доцент, 1969-жылдан КМУнун орг. химия кафедрасынын башчысы болгон. Ил. багыты бирикмелерди синтездөө ж‑a изилдөөгө арналган. 80ден ашык ил.эмгектери, анын ичинде монографиясы, 9 окуу китеби ж‑a окуу куралдары бар. Ж. Баласагын атн. сыйлыкка татыктуу болгон (1998).

Эмг.: Сульфидообразование в условиях электро эрозии металлов (соавторстве). Фр., 1989; Органикалык химия (авторлош). Б., 1991; Органикалык бирикмелерди кычкылдандыруу ж‑a калыбына келтирүүр реакциялары. Б., 1991;. Органикалык химия (авторлош). Б., 1997; Органикалык химия курсу (авторлош). Б., 2003.