Difference between revisions of "АКМАТОВ Казат"
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АКМАТОВ''' Казат (23. 12. 1941, Ысык‑Көл | '''АКМАТОВ''' Казат (23. 12. 1941, Ысык‑Көл облусу, Ысык‑Көл району, Бостери айылы – 13. 9. 2015, Бишкек) – жазуучу, драматург, сценарист, коом­дук ишмер, 2011‑жылы КРдин Эл жазуучусу. 1966‑жылы Москвадагы ВЛКСМ БКнын алдындагы Жогорку комсомол мекте­бин, 1967‑ж. КМУУнун жур­налистика факультетин бүтүргөн. 1964‑70‑жылдары комсомолдук кызматта, 1972‑74‑жылдары «Кыргызстан» басмасында башкы редактордун орун басары, башкы редактор, 1983‑жылы Кыргызстан Коммунисттик партиясы­нын Борбордук комитетинде сектор башчысы, инструктор, 1983‑86‑жылдары Кыргыз ССРинин мамлекеттик телерадио комитетинде башкы редактор болуп эм­гектенген. 1986‑жылы Кыргызстан Жазуучулар Союзунун секретары, 1990-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин депу­таты. Ошол эле жылдары СССР Жогорку Сове­тинде Союздар Советинин мүчөсү. «Кыргызстан демократиялык кыймылынын» теңтөрагасы, 1998‑2003‑жылдарда Мамлекеттик тил боюнча улуттук ко­миссиянын төрагасынын орун басары, Борбор Азия элдеринин маданий Ассамблеясы­нын вице‑президенти, Люксембург Улуу Герцог­дугунун Кыргызстандагы Ардактуу консулу кызма­тын аткарган. К. Акматовдун алгачкы «Эки сап өмүр» повести «Ала‑Too», «Роман‑газета» (Москва) журналдарында жарык көрүп, Бүткүл союздук Н. Островский атындагы сыйлыгына ээ болгон. 1986‑жылы «Мез­гил» романы боюнча «Жаралуу үчүн жан берүү» аттуу көркөм фильм (реж. Ж. Сооданбек) тар­тылган. К. Акматовдун «Күндү айланган жылдар» рома­ны (1996) кыргыз интеллигенциясынын генези­син, анын өкүлдөрүн тоталитардык режим кан­дайча деформацияга учураткандыгын көрсөткөн. «Мунабия» новелласы ж. б. аңгемелери турмуш­тагы аркыл драмалык татаал окуяларды,адамдык мамилелердин психологиялык тереңдигин ачып бе­рген. «Миң бир күн» (1998) тарыхый‑документал­дык эмгегинде[[File:ВЛКСМ49.png | thumb | none]] | ||
ал кыргыз элинин тарыхындагы бурулуш этапты – эгемен мамлекет болуу доо­рун, ага катышкан ондогон адамдардын реалист­тик портреттерин көркөм баяндаган. «Жаңы тамсилдер» аттуу үчилтиги өспүрүмдөргө эгемен доордун өзгөчө көрүнүштөрүн элестүү чечмелеп берет. «Архат» романы – үчилтиктин биринчи китеби (2005), экинчи‑үчүнчү китеби (2006) маз­муну, темасы, сүрөттөө манерасы | ал кыргыз элинин тарыхындагы бурулуш этапты – эгемен мамлекет болуу доо­рун, ага катышкан ондогон адамдардын реалист­тик портреттерин көркөм баяндаган. «Жаңы тамсилдер» аттуу үчилтиги өспүрүмдөргө эгемен доордун өзгөчө көрүнүштөрүн элестүү чечмелеп берет. «Архат» романы – үчилтиктин биринчи китеби (2005), экинчи‑үчүнчү китеби (2006) маз­муну, темасы, сүрөттөө манерасы боюнча кыргыз романтикасындагы мурда болбогон жаңы көрү­нүш, жаңы окуя катары бааланган. Акматовдун чы­гармалары немец, түрк, орус, украин, өзбек, ка­зак, азербайжан ж. б. тилдерге которулган. | ||
Д. Андашев.<br> |
17:12, 18 Сентябрь (Аяк оона) 2023 -деги абалы
АКМАТОВ Казат (23. 12. 1941, Ысык‑Көл облусу, Ысык‑Көл району, Бостери айылы – 13. 9. 2015, Бишкек) – жазуучу, драматург, сценарист, коомдук ишмер, 2011‑жылы КРдин Эл жазуучусу. 1966‑жылы Москвадагы ВЛКСМ БКнын алдындагы Жогорку комсомол мектебин, 1967‑ж. КМУУнун журналистика факультетин бүтүргөн. 1964‑70‑жылдары комсомолдук кызматта, 1972‑74‑жылдары «Кыргызстан» басмасында башкы редактордун орун басары, башкы редактор, 1983‑жылы Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинде сектор башчысы, инструктор, 1983‑86‑жылдары Кыргыз ССРинин мамлекеттик телерадио комитетинде башкы редактор болуп эмгектенген. 1986‑жылы Кыргызстан Жазуучулар Союзунун секретары, 1990-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Ошол эле жылдары СССР Жогорку Советинде Союздар Советинин мүчөсү. «Кыргызстан демократиялык кыймылынын» теңтөрагасы, 1998‑2003‑жылдарда Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары, Борбор Азия элдеринин маданий Ассамблеясынын вице‑президенти, Люксембург Улуу Герцогдугунун Кыргызстандагы Ардактуу консулу кызматын аткарган. К. Акматовдун алгачкы «Эки сап өмүр» повести «Ала‑Too», «Роман‑газета» (Москва) журналдарында жарык көрүп, Бүткүл союздук Н. Островский атындагы сыйлыгына ээ болгон. 1986‑жылы «Мезгил» романы боюнча «Жаралуу үчүн жан берүү» аттуу көркөм фильм (реж. Ж. Сооданбек) тартылган. К. Акматовдун «Күндү айланган жылдар» романы (1996) кыргыз интеллигенциясынын генезисин, анын өкүлдөрүн тоталитардык режим кандайча деформацияга учураткандыгын көрсөткөн. «Мунабия» новелласы ж. б. аңгемелери турмуштагы аркыл драмалык татаал окуяларды,адамдык мамилелердин психологиялык тереңдигин ачып берген. «Миң бир күн» (1998) тарыхый‑документалдык эмгегинде
ал кыргыз элинин тарыхындагы бурулуш этапты – эгемен мамлекет болуу доорун, ага катышкан ондогон адамдардын реалисттик портреттерин көркөм баяндаган. «Жаңы тамсилдер» аттуу үчилтиги өспүрүмдөргө эгемен доордун өзгөчө көрүнүштөрүн элестүү чечмелеп берет. «Архат» романы – үчилтиктин биринчи китеби (2005), экинчи‑үчүнчү китеби (2006) мазмуну, темасы, сүрөттөө манерасы боюнча кыргыз романтикасындагы мурда болбогон жаңы көрүнүш, жаңы окуя катары бааланган. Акматовдун чыгармалары немец, түрк, орус, украин, өзбек, казак, азербайжан ж. б. тилдерге которулган.
Д. Андашев.