Difference between revisions of "АШУУ"
Jump to navigation
Jump to search
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АШУУ''' ‒ тоолордун кыр бөлүктөрүндөгү жапызыраак, ашып өтүүгө ыӊгайлуу кайкы жери; адатта эки өрөөндү байланыштырып турат. Айрым | '''АШУУ''' ‒ тоолордун кыр бөлүктөрүндөгү жапызыраак, ашып өтүүгө ыӊгайлуу кайкы жери; адатта эки өрөөндү байланыштырып турат. Айрым ашуулар кар-мөӊгүлүү зонада жатат. Пайда болушу боюнча тектоникалык, эрозиялык <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> мөӊгүнүн аракетинен жаралган ашуулар болуп бөлүнөт. Ашуулардан өткөн жолдор жыл бою (мисалы, Төө-Ашуу) ачык болот, айрымдары гана кар көп түшүп, же кар, көчкү басып, кышында жабылып калат. Кыргызстандагы маанилүү ашуулар: Төө-Ашуу, Долон, Ала-Бел, Талдык, Кызыл-Арт, Чапчыма, Торугарт ж. б. Ашуу ''бел, дабан, өтмөк, арт'' <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> ажык деп да аталат.<br>''Table 1: Кыргызстандагы маанилүү ашуулар '' | ||
''Table 1: Кыргызстандагы маанилүү ашуулар '' | |||
{| style="border-spacing:0;width:6.9667in;" | {| style="border-spacing:0;width:6.9667in;" | ||
|- style="background-color:transparent;border-top:2pt solid #000000;border-bottom:0.75pt solid #000000;border-left:none;border-right:none;padding:0in;" | |- style="background-color:transparent;border-top:2pt solid #000000;border-bottom:0.75pt solid #000000;border-left:none;border-right:none;padding:0in;" |
11:47, 20 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 -деги абалы
АШУУ ‒ тоолордун кыр бөлүктөрүндөгү жапызыраак, ашып өтүүгө ыӊгайлуу кайкы жери; адатта эки өрөөндү байланыштырып турат. Айрым ашуулар кар-мөӊгүлүү зонада жатат. Пайда болушу боюнча тектоникалык, эрозиялык жана мөӊгүнүн аракетинен жаралган ашуулар болуп бөлүнөт. Ашуулардан өткөн жолдор жыл бою (мисалы, Төө-Ашуу) ачык болот, айрымдары гана кар көп түшүп, же кар, көчкү басып, кышында жабылып калат. Кыргызстандагы маанилүү ашуулар: Төө-Ашуу, Долон, Ала-Бел, Талдык, Кызыл-Арт, Чапчыма, Торугарт ж. б. Ашуу бел, дабан, өтмөк, арт жана ажык деп да аталат.
Table 1: Кыргызстандагы маанилүү ашуулар
Ашуунун аты | Деӊиз деӊг.бийиктиги (м) | Жайгашкан орду | Ашуулардан өтүүчү маанилүү авт. жолдору |
1 | 2 | 3 | 4 |
Ак-Бейит | 3286 | Ат-Башы кырка тоосунун батыш учу менен Арпанын Ала-Тоосунда | Бишкек ‒ Торугарт |
Ала-Бел | 3184 | Талас Ала-Тоосу менен Суусамыр кырка тоосунун кошулган жеринде | Бишкек ‒ Ош |
Барскон | 3756 | Тескей Ала-Тоонун борб. бөлүгүндө | Ысык-Көл ‒ Кум-Төр |
Беш-Таш | 3578 | Талас Ала-Тоосунун түн.-чыгышында | Талас ‒ Кетмен-Төбө |
Долон | 3030 | Байдулу жана Соӊкөл тоолорунун кесилишинде | Бишкек ‒ Торугарт |
Кара-Буура | 3305 | Талас Ала-Тоосунда (Кара-Буура жана Кара-Касмак сууларынын башында) | Талас ‒ Чаткал |
Карагөө | 2800 | Молдо-Тоодо | Бишкек ‒ Тогуз-Торо |
Катынарт | 3514 | Алай кырка тоосунда | Ош ‒ Хорог |
Көгарт | 3319 | Фергана тоо тизмегинде (Көгарт суусунун башында) | Көгарт ‒ Тогуз-Торо |
Кубакы | 2350 | Кыргыз Ала-Тоосунун чыгышында | Боом ‒ Орто-Токой |
Кызарт | 2664 | Сандык жана Кызарт тоолорунун аралыгында | Кочкор ‒ Жумгал |
Кызыларт | 4280 | Чоӊ Алай тоосунда (Кызыларт суусунун башында) | Ош ‒ Хорог |
Кызыл-Бел-Чар | 2600 | Нарын кырка тоосу менен Ала-Мышык тоосунун тутумдашкан жеринде | Бишкек ‒ Торугарт |
Өтмөк | 3330 | Талас Ала-Тоосунун чыгыш бөлүгүндө | Талас ‒ Суусамыр |
Талдык | 3615 | Алай кырка тоосунда | Ош ‒ Хорог |
Тоӊ-Мурун | 3536 | Алай жана Чоӊ Алай кырка тоолорунун аралыгындагы белбаскакта | Улуу Жибек жолунун бир тармагы өткөн |
Торугарт | 3752 | Торугарт кырка тоосунун чыгыш жагында | Нарын ‒ Кашкар |
Тосор | 3893 | Тескей Ала-Тоодо (Тосор жана Үч-Эмчек сууларынынбашталышында) | Ысык-Көл ‒ Сырт |
Төө-Ашуу | 3586 | Кыргыз Ала-Тоосунун борб. бөлүгүндө | Бишкек ‒ Ош |
Чанач | 3408 | Чаткал кырка тоосунун орто бөлүгүндө | Фергана ‒ Чаткал |
Чапчыма | 2841 | Чаткал кырка тоосунун борб. бөлүгүндө | Касан-Сай ‒ Чаткал |
Чоӊ Ашуу | 3822 | Тескей Ала-Тоонун чыгыш бөлүгүндө | Ысык-Көл ‒ Сары-Жаз |
Чыйырчык | 2402 | Алай кырка тоосунда | Ош ‒ Хорог |
Чытты | 3572 | Фергана тоо тизмегинде (Чытты жана Бычан сууларынын башында) | Фергана ‒ Арпа |