Difference between revisions of "АХИЛЛ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
1 -сап: 1 -сап:
'''АХИЛЛ,''' А х и л л е с — грек мифологиясындагы Троя согушунун башкы каарманы, ''Троя'' ш-н багындырууга барган грек баатыры. А. тууралуу мифтердин биринде, анын энеси — деӊиз кудайы Фетида уулун өлбөс кылуу үчүн жер астындагы Стикс суусуна түшүрөт. Согончогунан кармап сууга салгандыктан, касиеттүү сууга тийбей калган согончогу анын денесинин талылуу жерине айланат. А. Троя согушунда баатырларча кармашып, эч ким жеӊе албай, акырында Паристин аткан жебесин ''Аполлон'' анын дал согончогуна багыттап, ошондон курман болот. Ушундан улам «ахиллестин согончогу», б. а. «талылуу жер» деген түшүнүк келип чыккан. Анын образы «Илиада» поэмасында кеӊири чагылдырылып, А. культу Элида, Спарта, Түн. Кара деӊиз боюнда кеӊири тараган.<br>
'''АХИЛЛ,''' А х и л л е с — грек мифологиясындагы Троя согушунун башкы каарманы, ''Троя'' шаарын багындырууга барган грек баатыры. Ахилл тууралуу мифтердин биринде, анын энеси — деӊиз кудайы Фетида уулун өлбөс кылуу үчүн жер астындагы Стикс суусуна түшүрөт. Согончогунан кармап сууга салгандыктан, касиеттүү сууга тийбей калган согончогу анын денесинин аялуу жерине айланат. Ахилл Троя согушунда баатырларча кармашып, эч ким жеӊе албай, акырында Паристин аткан жебесин ''Аполлон'' анын дал согончогуна багыттап, ошондон курман болот. Ушундан улам «ахиллестин согончогу», башкача айтканда «талылуу жер» деген түшүнүк келип чыккан. Анын образы «Илиада» поэмасында кеӊири чагылдырылып, Ахилл культу Элида, Спарта, Түн. Кара деӊиз боюнда кеӊири тараган.<br>

15:28, 24 Июль (Теке) 2023 -деги абалы

АХИЛЛ, А х и л л е с — грек мифологиясындагы Троя согушунун башкы каарманы, Троя шаарын багындырууга барган грек баатыры. Ахилл тууралуу мифтердин биринде, анын энеси — деӊиз кудайы Фетида уулун өлбөс кылуу үчүн жер астындагы Стикс суусуна түшүрөт. Согончогунан кармап сууга салгандыктан, касиеттүү сууга тийбей калган согончогу анын денесинин аялуу жерине айланат. Ахилл Троя согушунда баатырларча кармашып, эч ким жеӊе албай, акырында Паристин аткан жебесин Аполлон анын дал согончогуна багыттап, ошондон курман болот. Ушундан улам «ахиллестин согончогу», башкача айтканда «талылуу жер» деген түшүнүк келип чыккан. Анын образы «Илиада» поэмасында кеӊири чагылдырылып, Ахилл культу Элида, Спарта, Түн. Кара деӊиз боюнда кеӊири тараган.