Difference between revisions of "АТ-ЖАЙЛОО КАЛАЙ КЕНИ"
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АТ-ЖАЙЛОО КАЛАЙ КЕНИ | '''АТ-ЖАЙЛОО КАЛАЙ КЕНИ''' – Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда, Эӊилчек кыштагынын түштүк-чыгыш тарабында, Эӊилчек <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> Кайыӊды өрөөндөрүнүн аралыгында. 1961-ж. табылган. Кен аймагын силур мезгилинин башталышында пайда болгон акиташ, сланец тектери <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> аларды жиреп чыккан пермдин интрузия тектери түзөт. Чөкмө тектер метаморфизмделген мрамор <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> роговикке айланган. Кенташ (руда) негизинен интрузиянын экзо- <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> эндоконтактыларындагы карбонаттуу тоо тектерде топтолгон. Ал граниттин апофизин бойлой тарам, уя, линза түрүндө жатат. Айрым тарамдардын узундугу 40‒140 ''м,'' калыӊдыгы 1,8‒3,8 ''м.'' Минералдык курамы боюнча кварц-турмалиндүү, молибдендүү, касситерит-сейрек металлдуу, касситерит, вольфрамит, халькопирит ж. б. Кенташтагы калайдын орточо өлчөмү 0,5‒1,5%. Андан башка флюорит ‒ 52,5%, күмүш ‒ 18,5 ''г/т,'' висмут ‒ 0,026% кездешет. Кенташтын эсептелген запасы С<sub>2</sub> категориясы боюнча 974, 5 миӊ ''т'', калай металлыныкы 11,3 миӊ ''т.'' |
15:15, 17 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 -деги абалы
АТ-ЖАЙЛОО КАЛАЙ КЕНИ – Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда, Эӊилчек кыштагынын түштүк-чыгыш тарабында, Эӊилчек жана Кайыӊды өрөөндөрүнүн аралыгында. 1961-ж. табылган. Кен аймагын силур мезгилинин башталышында пайда болгон акиташ, сланец тектери жана аларды жиреп чыккан пермдин интрузия тектери түзөт. Чөкмө тектер метаморфизмделген мрамор менен роговикке айланган. Кенташ (руда) негизинен интрузиянын экзо- жана эндоконтактыларындагы карбонаттуу тоо тектерде топтолгон. Ал граниттин апофизин бойлой тарам, уя, линза түрүндө жатат. Айрым тарамдардын узундугу 40‒140 м, калыӊдыгы 1,8‒3,8 м. Минералдык курамы боюнча кварц-турмалиндүү, молибдендүү, касситерит-сейрек металлдуу, касситерит, вольфрамит, халькопирит ж. б. Кенташтагы калайдын орточо өлчөмү 0,5‒1,5%. Андан башка флюорит ‒ 52,5%, күмүш ‒ 18,5 г/т, висмут ‒ 0,026% кездешет. Кенташтын эсептелген запасы С2 категориясы боюнча 974, 5 миӊ т, калай металлыныкы 11,3 миӊ т.