Difference between revisions of "АТ-БАШЫ ӨРӨӨНҮ"
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АТ-БАШЫ ӨРӨӨНҮ'''‒ Ички Теӊир-Тоонун түштүгүндөгү тоо аралык ири өрөөн. Түндүгүнөн Нарын, Ала-Мышык, Кара-Тоо, Байбиче, түштүгүнөн Ат-Башы, Жаӊы-Жер кырка тоолору менен | '''АТ-БАШЫ ӨРӨӨНҮ''' ‒ Ички Теӊир-Тоонун түштүгүндөгү тоо аралык ири өрөөн. Түндүгүнөн Нарын, Ала-Мышык, Кара-Тоо, Байбиче, түштүгүнөн Ат-Башы, Жаӊы-Жер кырка тоолору менен чектешет. Түндүк-чыгыштан түштүк- | ||
[[File:АТ-БАШЫ ӨРӨӨНҮ26.png | thumb|Ат-Башы өрөөнүнүн борбордук бөлүгү.]] | [[File:АТ-БАШЫ ӨРӨӨНҮ26.png | thumb|Ат-Башы өрөөнүнүн борбордук бөлүгү.]] | ||
батышка карай 160 ''км''ге созулат. Туурасы 15‒27 ''км.'' Өрөөн деӊиз деӊгээлинен 2000‒3200 ''м'' бийиктикте. Өрөөндүн таманы ортосун көздөй акырындап жапыздайт. Бул багытта чыгыштан Ат-Башы суусу, түштүк-батыштан анын ири куймасы ‒ Кара-Коюн суусу агат. Өрөөн тектирлүү; Кара-Коюндун жогорку бөлүгүндө түп тектирлери 14кө чейин жетет. Ат-Башы менен Кара-Коюн суулары кошулган жерден 10 ''км'' төмөнүрөөк чуӊкур жерлер көп кездешет. Өрөөндүн | |||
[[File:АТ-БАШЫ ӨРӨӨНҮ27.png | thumb|none]] | [[File:АТ-БАШЫ ӨРӨӨНҮ27.png | thumb|none]] | ||
ортоңку бөлүгүндө жуулуудан пайда болгон «жетим тоолор» (Чеч-Дөбө, Тоголок-Дөбө) бар. Ала-Мышык, Кара-Тоонун түштүк этектерине (Быткылда) чап рельефи мүнөздүү. Ат-Башы кырка тоосунун этегинде шиленди тектерден турган түздүктөр жатат. Бул жерде төртүнчүлүк мезгилдин чөкмөлөрүнүн калыӊдыгы 10‒20 ''м''ден ашпайт. Рельефи каледон бүктөлүүсүнөн түзүлө баштап, герцин орогенези мезгилинде өнүккөн; бирок ургаалдуу өнүгүшү альп орогенези мезгилине таандык, анда азыркы рельефинин турпаты түзүлгөн. Ат-Башы өрөөнү ири геосинклиналды элестетет. Өрөөндө палеоген жана неоген мезгилдеринде пайда болгон кыргыздын кызыл түстүү комплекси менен антропогендин мөӊгү, суу чөкмөлөрү бар. Климаты континент тик жана кургак. Кышы суук, январдын орточо температурасы ‒18,7°С, июлдуку 16,3°С. Жылдык жаан-чачыны чыгышында 300‒400 ''мм,'' батышында 200‒260 ''мм.'' Өрөөндү курчаган тоолордо жалпы аянты 112,1 ''км''2 келген 255 мөӊгү бар. Суулары: Ат-Башы (ири куймалары ‒ Ача-Кайыӊды, Баш-Кайыӊды, Богошту, Үйүрмө, Кайнар, Балык-Суу, Жаӊы-Жер, Улан, Узун-Булак, Каманды, Башача, Боронду), Кара-Коюн (куймалары ‒ Чет-Келтебек, Орто-Келтебек, Баш-Келтебек, Шырыкты, Кара-Суу). Тоо беттери коӊур-күрөӊ, токой арасы кара жана ачык күрөӊ топурактуу. Ат-Башы суусун бойлото тал, байтерек, чычырканак ж. б. бадалдар, тектирлерде бетеге, шыбак (2000‒2300 ''м''), адырларда чекенде өсүмдүктөрү (2100‒2500 ''м'') өсөт. Ат-Башы кырка тоосунун этегиндеги түрдүү чөптүү шалбаалуу талаа, бийиктеген сайын карагай токою (четин, карагат, шилби, сары жыгач аралаш), субальп, альп шалбаа (3500‒4300 ''м'') алкактарына өтөт. Өрөөндүн түндүк тарабына (Нарын кырка тоосунун түштүк капталы; 3400‒3500 ''м'') жарым чөл жана талаа ландшафттары мүнөздүү. Ат-Башы өрөөнү ‒ мал чарбачылыгы үчүн жайлуу жер. Сугат жана кайрак жерлеринде буудай, арпа, тоют өсүмдүктөрү айдалат. Өрөөн аркылуу Бишкек ‒ Торугарт автомобиль жолу өтөт. | |||
төртүнчүлүк мезгилдин чөкмөлөрүнүн калыӊдыгы 10‒20 ''м''ден ашпайт. Рельефи каледон бүктөлүүсүнөн түзүлө баштап, герцин орогенези мезгилинде өнүккөн; бирок ургаалдуу өнүгүшү альп орогенези мезгилине таандык, анда азыркы рельефинин турпаты түзүлгөн. | |||
''М. Дүйшөнакунов.'' |
15:06, 17 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 -деги абалы
АТ-БАШЫ ӨРӨӨНҮ ‒ Ички Теӊир-Тоонун түштүгүндөгү тоо аралык ири өрөөн. Түндүгүнөн Нарын, Ала-Мышык, Кара-Тоо, Байбиче, түштүгүнөн Ат-Башы, Жаӊы-Жер кырка тоолору менен чектешет. Түндүк-чыгыштан түштүк-
батышка карай 160 кмге созулат. Туурасы 15‒27 км. Өрөөн деӊиз деӊгээлинен 2000‒3200 м бийиктикте. Өрөөндүн таманы ортосун көздөй акырындап жапыздайт. Бул багытта чыгыштан Ат-Башы суусу, түштүк-батыштан анын ири куймасы ‒ Кара-Коюн суусу агат. Өрөөн тектирлүү; Кара-Коюндун жогорку бөлүгүндө түп тектирлери 14кө чейин жетет. Ат-Башы менен Кара-Коюн суулары кошулган жерден 10 км төмөнүрөөк чуӊкур жерлер көп кездешет. Өрөөндүн
ортоңку бөлүгүндө жуулуудан пайда болгон «жетим тоолор» (Чеч-Дөбө, Тоголок-Дөбө) бар. Ала-Мышык, Кара-Тоонун түштүк этектерине (Быткылда) чап рельефи мүнөздүү. Ат-Башы кырка тоосунун этегинде шиленди тектерден турган түздүктөр жатат. Бул жерде төртүнчүлүк мезгилдин чөкмөлөрүнүн калыӊдыгы 10‒20 мден ашпайт. Рельефи каледон бүктөлүүсүнөн түзүлө баштап, герцин орогенези мезгилинде өнүккөн; бирок ургаалдуу өнүгүшү альп орогенези мезгилине таандык, анда азыркы рельефинин турпаты түзүлгөн. Ат-Башы өрөөнү ири геосинклиналды элестетет. Өрөөндө палеоген жана неоген мезгилдеринде пайда болгон кыргыздын кызыл түстүү комплекси менен антропогендин мөӊгү, суу чөкмөлөрү бар. Климаты континент тик жана кургак. Кышы суук, январдын орточо температурасы ‒18,7°С, июлдуку 16,3°С. Жылдык жаан-чачыны чыгышында 300‒400 мм, батышында 200‒260 мм. Өрөөндү курчаган тоолордо жалпы аянты 112,1 км2 келген 255 мөӊгү бар. Суулары: Ат-Башы (ири куймалары ‒ Ача-Кайыӊды, Баш-Кайыӊды, Богошту, Үйүрмө, Кайнар, Балык-Суу, Жаӊы-Жер, Улан, Узун-Булак, Каманды, Башача, Боронду), Кара-Коюн (куймалары ‒ Чет-Келтебек, Орто-Келтебек, Баш-Келтебек, Шырыкты, Кара-Суу). Тоо беттери коӊур-күрөӊ, токой арасы кара жана ачык күрөӊ топурактуу. Ат-Башы суусун бойлото тал, байтерек, чычырканак ж. б. бадалдар, тектирлерде бетеге, шыбак (2000‒2300 м), адырларда чекенде өсүмдүктөрү (2100‒2500 м) өсөт. Ат-Башы кырка тоосунун этегиндеги түрдүү чөптүү шалбаалуу талаа, бийиктеген сайын карагай токою (четин, карагат, шилби, сары жыгач аралаш), субальп, альп шалбаа (3500‒4300 м) алкактарына өтөт. Өрөөндүн түндүк тарабына (Нарын кырка тоосунун түштүк капталы; 3400‒3500 м) жарым чөл жана талаа ландшафттары мүнөздүү. Ат-Башы өрөөнү ‒ мал чарбачылыгы үчүн жайлуу жер. Сугат жана кайрак жерлеринде буудай, арпа, тоют өсүмдүктөрү айдалат. Өрөөн аркылуу Бишкек ‒ Торугарт автомобиль жолу өтөт.
М. Дүйшөнакунов.