Difference between revisions of "ГУНН (ХУНН) УРУУЛАРЫ"
м (→top: clean up, replaced: м-н → менен, ж-а → жана (2)) |

1 -сап: | 1 -сап: | ||
– б. з. ч. 1-миң жылдыктын башында Борбор Азиядагы байыркы көчмөн калктар; түрк элдеринин байыркы ата-тегинин бири. Б. з. ч. 3- | '''ГУНН (ХУНН) УРУУЛАРЫ'''– б. з. ч. 1-миң жылдыктын башында Борбор Азиядагы байыркы көчмөн калктар; түрк элдеринин байыркы ата-тегинин бири. Б. з. ч. 3-кылымдын акырында Гун уруулары азыркы Борбордук Монголия менен Байкалдын боюн мекендешкен. Ушул доордо Модэ шанүй (падыша, кол башчы) башкарган. Гун уруулары дунхуларды (байыркы монголдордун ата-теги), юэчжилерди талкалап, кыргыздарды жана усундарды жеңип алган. Кийин Кытайга жортуул жасап, император Лю Банды салык төлөөгө мажбурлаган. Б. з. ч. 1-кылымда Гун урууларынын дагы бир кол башчысы Чжичжи батышка жортуул жасап, кыргыздарды жана алардын түндүгүндөгү динлиндерди талкалаган. Б. з. ч. 1-кылымдын ортосунда Гун уруулары Кытайга убактылуу сөз жүзүндө баш ийген. Б. з. 48-жылында Гун урууларынын жети уругу Кытай императоруна баш ийип, түштүк гунндар деп аталып калган. Түндүк гунндар б. з. 1-кылымынын акырында экиге бөлүнгөн. Бир бөлүгү Монголия аймагында кала берип, кийинчерээк түрк урууларынын өзөгүн түзгөн. Экинчи бөлүгү Борбор Азия тарапка жылган. Батышка жылган түндүк Гун урууларынын айрым топтору Европага чейин журт которуп, өзүнө башка көчмөн урууларды сиңирип, жаңы гунндар уруу бирикмесине айланган. Борбор Азиянын чыгыш бөлүгүнө журт которгон түндүк Гун урууларынын калган-катканы кийинчерээк Батыш түрк кагандыгынын негизги калкына аралашып кеткен. Түштүк Гун уруулары Кытайда бир катар чакан мамлекетти негиздешкен; 6-кылымга чейин жужан, табгач (тоба), түрк, кытай сыяктуу элдерге аралашып, алардын арасына сиңип кеткен.

09:28, 28 Февраль (Бирдин айы) 2024 -деги абалы
ГУНН (ХУНН) УРУУЛАРЫ– б. з. ч. 1-миң жылдыктын башында Борбор Азиядагы байыркы көчмөн калктар; түрк элдеринин байыркы ата-тегинин бири. Б. з. ч. 3-кылымдын акырында Гун уруулары азыркы Борбордук Монголия менен Байкалдын боюн мекендешкен. Ушул доордо Модэ шанүй (падыша, кол башчы) башкарган. Гун уруулары дунхуларды (байыркы монголдордун ата-теги), юэчжилерди талкалап, кыргыздарды жана усундарды жеңип алган. Кийин Кытайга жортуул жасап, император Лю Банды салык төлөөгө мажбурлаган. Б. з. ч. 1-кылымда Гун урууларынын дагы бир кол башчысы Чжичжи батышка жортуул жасап, кыргыздарды жана алардын түндүгүндөгү динлиндерди талкалаган. Б. з. ч. 1-кылымдын ортосунда Гун уруулары Кытайга убактылуу сөз жүзүндө баш ийген. Б. з. 48-жылында Гун урууларынын жети уругу Кытай императоруна баш ийип, түштүк гунндар деп аталып калган. Түндүк гунндар б. з. 1-кылымынын акырында экиге бөлүнгөн. Бир бөлүгү Монголия аймагында кала берип, кийинчерээк түрк урууларынын өзөгүн түзгөн. Экинчи бөлүгү Борбор Азия тарапка жылган. Батышка жылган түндүк Гун урууларынын айрым топтору Европага чейин журт которуп, өзүнө башка көчмөн урууларды сиңирип, жаңы гунндар уруу бирикмесине айланган. Борбор Азиянын чыгыш бөлүгүнө журт которгон түндүк Гун урууларынын калган-катканы кийинчерээк Батыш түрк кагандыгынын негизги калкына аралашып кеткен. Түштүк Гун уруулары Кытайда бир катар чакан мамлекетти негиздешкен; 6-кылымга чейин жужан, табгач (тоба), түрк, кытай сыяктуу элдерге аралашып, алардын арасына сиңип кеткен.