Difference between revisions of "БАДЫРАҢ"
м (→top: clean up, replaced: а. и. → <span cat='ж.кыск' oldv='а. и.'>анын ичинде</span>) |
|||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''БАДЫРАҢ''' (Cucumis sativus) ‒ өсүмдүктөрдүн ашкабактар тукумундагы бир же көп жылдык жашылча. Өзөк тамырлуу (1 ''м''дей), сабагы (1‒2 ''м)'' жерге төшөлүп же оролуп өсөт. Жалбырагы жазы, беш бурчтуу, учтуу; кезектешип жайгашат. Гүлү коӊгуроо сымал, өӊү сары. Негизинен бир үйлүү, айрым жыныстуу өсүмдүк. Мөмөсү сүйрү, көп (100‒400) уруктуу. Анын 30дай түрү | '''БАДЫРАҢ''' (Cucumis sativus) ‒ өсүмдүктөрдүн ашкабактар тукумундагы бир же көп жылдык жашылча. Өзөк тамырлуу (1 ''м''дей), сабагы (1‒2 ''м)'' жерге төшөлүп же оролуп өсөт. Жалбырагы жазы, беш бурчтуу, учтуу; кезектешип жайгашат. Гүлү коӊгуроо сымал, өӊү сары. Негизинен бир үйлүү, айрым жыныстуу өсүмдүк. Мөмөсү сүйрү, көп (100‒400) уруктуу. Анын 30дай түрү негизинен | ||
[[File:БАДЫРАҢ109.png | thumb|none]] | [[File:БАДЫРАҢ109.png | thumb|none]] | ||
Африкада, айрым түрү Азияда кезигет. Ал жарык, нымдуу, жылуу жерде жакшы өсөт. Эгилме Б. Индиядан таралган. Бардык жерде өстүрүлөт. Жаӊы кезинде, туздалган, маринаддалган түрдө желет. Курамында суу, кургак зат, <span cat='ж.кыск' oldv='а. и.'>анын ичинде</span> кант, белок, май, клетчатка, С, В<sub>1,</sub> В<sub>2</sub> витаминдери, орг. кислота, эфир майы ж. б. болот. Жылытылмада (теплицада) да өстүрүлөт. Кыргызстанда Түшүмдүү-86, Назик, Берешен-118, Жеӊүүчү ж. б. сорттору эгилет. Зыянкечтери: бадыраӊ желелеме кенеси, бадыраӊ бити. Илдеттери: бактериоз, чаӊгыл кебер, ак чирик, антракноз.<br> |
11:28, 3 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 -деги абалы
БАДЫРАҢ (Cucumis sativus) ‒ өсүмдүктөрдүн ашкабактар тукумундагы бир же көп жылдык жашылча. Өзөк тамырлуу (1 мдей), сабагы (1‒2 м) жерге төшөлүп же оролуп өсөт. Жалбырагы жазы, беш бурчтуу, учтуу; кезектешип жайгашат. Гүлү коӊгуроо сымал, өӊү сары. Негизинен бир үйлүү, айрым жыныстуу өсүмдүк. Мөмөсү сүйрү, көп (100‒400) уруктуу. Анын 30дай түрү негизинен
Африкада, айрым түрү Азияда кезигет. Ал жарык, нымдуу, жылуу жерде жакшы өсөт. Эгилме Б. Индиядан таралган. Бардык жерде өстүрүлөт. Жаӊы кезинде, туздалган, маринаддалган түрдө желет. Курамында суу, кургак зат, анын ичинде кант, белок, май, клетчатка, С, В1, В2 витаминдери, орг. кислота, эфир майы ж. б. болот. Жылытылмада (теплицада) да өстүрүлөт. Кыргызстанда Түшүмдүү-86, Назик, Берешен-118, Жеӊүүчү ж. б. сорттору эгилет. Зыянкечтери: бадыраӊ желелеме кенеси, бадыраӊ бити. Илдеттери: бактериоз, чаӊгыл кебер, ак чирик, антракноз.