Difference between revisions of "БАГАМА АРАЛДАРЫ, мамлекет"
м (→top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (9), а. и. → <span cat='ж.кыск' oldv='а. и.'>анын ичинде</span> (3)) |
|||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''БАГАМА АРАЛДАРЫ''', Б а г а м а | '''БАГАМА АРАЛДАРЫ''', Б а г а м а А р а л д а р ы Ы н т ы м а к т ы г ы ‒ Вест-Индиядагы арал мамлекет. Флорида ж. а-нан түш.-чыгышта, Куба а-нан түн.-чыгышта жайгашкан. Багама аралдар архипелагынын көп бөлүгүн (700дөй арал) ээлейт. Аянты 13,87 миӊ ''км''<sup>2</sup>. Калкы 307,6 миӊ (2010); калкынын 70%тен ашыгы Нью-Провиденс, 15%тен ашыгы Чоӊ Багама а-нда жашайт. Борбору ‒ Нассау ш. (Нью-Провиденс а-нда). Шаар калкы 84%. Ири шаарлары: Нассау, Нью-Провиденс, Фрипорт. | ||
Акча бирдиги ‒ багама доллары. | Акча бирдиги ‒ багама доллары. | ||
Б. а. ‒ БУУнун (1973), Америка мамлекеттери уюмунун (1982), Эл аралык валюта фондунун (1973) мүчөсү. | Б. а. ‒ БУУнун (1973), Америка мамлекеттери уюмунун (1982), Эл аралык валюта фондунун (1973) мүчөсү. |
14:12, 14 Декабрь (Бештин айы) 2022 -деги абалы
БАГАМА АРАЛДАРЫ, Б а г а м а А р а л д а р ы Ы н т ы м а к т ы г ы ‒ Вест-Индиядагы арал мамлекет. Флорида ж. а-нан түш.-чыгышта, Куба а-нан түн.-чыгышта жайгашкан. Багама аралдар архипелагынын көп бөлүгүн (700дөй арал) ээлейт. Аянты 13,87 миӊ км2. Калкы 307,6 миӊ (2010); калкынын 70%тен ашыгы Нью-Провиденс, 15%тен ашыгы Чоӊ Багама а-нда жашайт. Борбору ‒ Нассау ш. (Нью-Провиденс а-нда). Шаар калкы 84%. Ири шаарлары: Нассау, Нью-Провиденс, Фрипорт.
Акча бирдиги ‒ багама доллары. Б. а. ‒ БУУнун (1973), Америка мамлекеттери уюмунун (1982), Эл аралык валюта фондунун (1973) мүчөсү. Б. а. ‒ Шериктештикке кирет. Конституциясы 10. 7. 1973-ж. кабыл алынган. Башкаруунун формасы ‒ конституциялык монархия.
Мамл. башчысы ‒ британиялык монарх, анын жерг. өкүлү генерал-губернатор. Закон чыгаруучу жогорку органы ‒ Эки палаталуу (сенаттар жана чогулуш палатасы) парламент. Саясий партиялары: Прогрессивдүү либералдык, Эркин демократиялык улуттук кыймыл, 2002-жылдан Прогрессивдүү либералдык партия.
Жери түздүктүү, бийикт. 60 мге чейин, карсттык рельеф кеӊири таралган. Климаты тропиктик пассаттык. Айлык орт. темп-расы 21‒24°Сден 32°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны 1000‒1600 мм. Туздуу көлдөр көп. Таза суу карст кудуктарынан алынат. Катуу шамал тез-тез болуп турат. Тикенектүү дайыма жашыл бадал, Андрос жана Чоӊ Абако а-нда жалбырагы күбүлмө жана дайыма жашыл токой өсөт.
Калкынын 85%ке жакынын багама креолдору (негр жана мулат) түзөт. О. эле негр (гаитилик), АКШлык америкалыктар, англоканадалыктар, италяндар, гректер, еврейлер ж. б. улуттар жашайт. Калкынын жашынын орт. узактыгы: эркектериники ‒ 73,5, аялдарыныкы ‒ 79,5 жаш. Христиан [95%; анын ичинде 19% католик, 76% протестант (анын ичинде 32% баптистер, 20% англикандар , 6% методисттер ж. б.)] динин тутат.
1492-ж. Х. Колумб аралды ачканга чейин аравактар жердешкен. Испандар аз убакыт ичинде индейлерди кырып, калгандарын Американын башка ээликтерине (кара жумушка) алып кетишкен. Ээн калган арал англичандардын көӊүлүн буруп, 1629-ж. алгачкы кыштактар пайда болгон. 17-к-да диний-саясий куугунтуктоодон качып келген англичандар тарабынан кеӊейген. Испания деӊиз каракчыларынан жабырланып келишкен. 1720-ж. капитан В. Рожерс каракчыларга сокку берген. 1782-ж. арал испандыктарга берилип, бирок Версаль тынчтык келишими б-ча 1783-ж. Улуу Британияга өткөн. 1838-ж. кулчулук жоюлган. 19-к-дын аягына чейин экономикасы деградацияга учураган. Кийинчерээк курорт-турист бизнеси өнүгүп, аралдын өнүгүүсүнө шарт түзүлгөн. 1973-жылдын 10-июлунан көз карандысыз мамлекет.
Ички дүӊ продукциясынын көлөмү 7,4 млрд доллар (АКШ, 2009), аны киши башына бөлүштүргөндө 21,7 миӊ доллардан туура келет. Ички дүӊ продукциясынын 90%и тейлөө чөйрөсүнө, 7%и өнөр жайына, 3%и а. ч-на таандык. Экономикасынын негизин чет элдик туризм, офшор финансы кызматы жана деӊиз кемелерин каттоо түзөт. Эл аралык аэропорт, ири отелдер, жаӊы курорт райондору курулган. Б. а. ‒ кооз пляждары, тропик өсүмдүктөрү менен дүйнөгө белгилүү; «Бейиш аралы» (Парадайз Айленд; Нассау ш-нын гаванында жайгашкан) деп да аталат. О. эле туристтерди кызыктырган «деӊиз бакчасы», Шарлотта (1789), Финкасл (1793) форттору, «Адастра Гарднз» ботан. багы бар. 2004-ж. 4,4 млн турист келип, андан түшкөн киреше 1,5 млрд долларды түзгөн. Туризмдин негизги түрлөрү: дайвинг, яхтинг, сёрфинг, виндсёрфинг. Б. а. дүйнөдөгү алдынкы финансы борборлордун бири. Көптөгөн финансы компанияларынын 430дан ашык офшор банктары (36 өлкөнүн) бар. Алар салыктан жеӊилдетилген. Өнөр жай райондору Чоӊ Багама а-нда жайгашкан. 1980-жылдан оор өнөр жайлары жабылган. Тамак-аш («Бакорди» рому), текстиль, тигүү өнөр жайлары иштейт. Чоӊ Инагуа жана Лонг-Айленд а-нда туз, Сэнди-Ки а-на жакын арагонит (жылына 1 миӊ т) казылып алынат. 2007-ж. 2 млрд кВт.с электр энергиясы өндүрүлгөн. Аймагынын 1%тен азыраагы иштетилет, 84%ин токой ээлейт. Чоӊ Абако, Чоӊ Багама а-нда цитрус өсүмдүктөрү (лимон, грейпфрут), Эльютер, Чоӊ Абако а-нда тропик жемиштери (папайя, банан, ананас), эрте бышчу жашылчалар (бадыраӊ, калемпир, томат, негизинен Чоӊ Абакодо), гүлдөр жана кооз дарактар (АКШга экспорттолот) өстүрүлөт. А. ч. начар өнүгүп, азык-түлүк сырттан ташылат. Бал камыш плантациялары да кескин кыскарган. Мал чар
басынын негизги тармагы ‒ үй кушун багуу . Деӊиз жээктеринен балык, омар, таш бака кармалат. Туризмдин өнүгүшүнө байланыштуу салт болуп калган кол өнөрчүлүк (сизаль, таштуу үлүлдөр, таш баканын чопкутунан жасалган буюмдар) өнүккөн. Автомобиль жолунун уз. 2,5 миӊ км (анын ичинде 1,45 миӊ км асфальтталган). Ири деӊиз порттору: Нассау, Фрипорт (круизге чыккан кемелерди кабыл алат), Матью-Таун (Чоӊ Инагуа а-нда). Сыртка ром, рак чыгарылат. Сырттан машина жана анын жабдууларын, азык-түлүк алат. Негизги сырткы соода шериктери: АКШ, Германия, Испания, Франция.
Англиянын ээлиги болгондон баштап шаарлар пайда болгон. Монтегю (1741) жана Шарлотта (1780) фортторунун дубалдары, колониалык стилдеги арх-ра сакталган. Өкмөт үйү (1803‒06), Ыйык Матвей англикан (1800‒04), Ыйык Андрей пресвитериан (1810) чиркөөлөрү бар. Улуттук фестивал «Жанкану» өткөрүлүп турат. Вест-Индия ун-тинин филиалы (1965), коллеж (1974), жалпы элдик китепкана (1837-ж.), Жамби-Виллипс (1975), Помпей (1992, улуттук иск-во), Лукай индейлеринин тарыхы, тарых музейлери бар.