Difference between revisions of "АТЛАНТА"
м (→top: clean up, replaced: м-н → менен (2), ж-а → жана (2)) |

1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АТЛАНТА''' ‒ АКШнын | '''АТЛАНТА''' ‒ АКШнын түштүк-чыгышындагы шаар. Жоржия штатынын администрация борбору. Калкы 447,8 миӊ (2013; агломерациясында 5,5 млн). Пидмонт бөксө тоосунда жайгашкан. Жолдор тоому. Эл аралык Хартсфилд-Жексон аэропорту бар. Атланта ‒ Түштүк АКШнын ири соода-финансы, өнөр жай борбору. Электроника, химиялык, целлюлоза-кагаз өнөр жайы, автомобиль («Женерал моторс», «Форд»), «Локхид-Мартин» (авиа) заводдору, «Кока-Коланын» штаб-квартирасы (музейи менен), авиакомпания («Дельта эйрлайнз» ж. б.) бар. Жыл сайын ярмаркалар өткөрүлөт.
Терминус деген ат менен 1837-ж. негизделген. 1845-жылдан Атланта аталат; 1847-жылдан шаар. Пахта сатуунун борбору болгон. 1868-жылдан штаттын борбору. Архитектура эстеликтерден Капитолий имараты (1884‒1889), асман мелжиген имараттар (1929) бар. Фернбанк илимий борбору, 4 университет, технологиялык институту, медициналык ири борборлор жана клиникалар иштейт. Искусство жана археологиялык, асем-өнөр искусство музейлери, Искусство, Президент Картер, аскерий мемориалы, М. Лютер Кинг (Нобель сыйлыгынын лауреаты) улуттук тарыхый борборлору; Панорама, Пидмонт паркы, Стон-Маунтин дүйнөдөгү эӊ ири тоо паркы, зоопарк бар. 1996-ж. XXVI Олимпиада оюну өткөрүлгөн. АКШдагы эӊ ири үстү жабык стадион курулган. | ||
Терминус деген ат менен 1837-ж. негизделген. 1845-жылдан | |||
16:32, 17 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 -деги абалы
АТЛАНТА ‒ АКШнын түштүк-чыгышындагы шаар. Жоржия штатынын администрация борбору. Калкы 447,8 миӊ (2013; агломерациясында 5,5 млн). Пидмонт бөксө тоосунда жайгашкан. Жолдор тоому. Эл аралык Хартсфилд-Жексон аэропорту бар. Атланта ‒ Түштүк АКШнын ири соода-финансы, өнөр жай борбору. Электроника, химиялык, целлюлоза-кагаз өнөр жайы, автомобиль («Женерал моторс», «Форд»), «Локхид-Мартин» (авиа) заводдору, «Кока-Коланын» штаб-квартирасы (музейи менен), авиакомпания («Дельта эйрлайнз» ж. б.) бар. Жыл сайын ярмаркалар өткөрүлөт.
Терминус деген ат менен 1837-ж. негизделген. 1845-жылдан Атланта аталат; 1847-жылдан шаар. Пахта сатуунун борбору болгон. 1868-жылдан штаттын борбору. Архитектура эстеликтерден Капитолий имараты (1884‒1889), асман мелжиген имараттар (1929) бар. Фернбанк илимий борбору, 4 университет, технологиялык институту, медициналык ири борборлор жана клиникалар иштейт. Искусство жана археологиялык, асем-өнөр искусство музейлери, Искусство, Президент Картер, аскерий мемориалы, М. Лютер Кинг (Нобель сыйлыгынын лауреаты) улуттук тарыхый борборлору; Панорама, Пидмонт паркы, Стон-Маунтин дүйнөдөгү эӊ ири тоо паркы, зоопарк бар. 1996-ж. XXVI Олимпиада оюну өткөрүлгөн. АКШдагы эӊ ири үстү жабык стадион курулган.