Difference between revisions of "АРХИВ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: clean up, replaced: м-н → менен, ж-а → жана (8))
1 -сап: 1 -сап:
'''АРХИВ'''-- (гр. arheia – сөзмө сөз – улуктар жазуусу, б. а. расмий документтер) – I) документ түрүндөгү материалдарды сактай турган өз алдынча мекемелер же мекемелердеги, уюмдардагы жана ишканалардагы ушул ишти аткаруучу бөлүмдөр; 2) мекемелердин, коомдордун жана жеке адамдардын иш-аракеттеринин натыйжасында топтолгон документациясындагы жазылмалар жыйындысы. Жазма булактарды жыйнап топтоо иши алгач Египет, Кытай, Байыркы Грекияда, Римде, Араб халифаттарында ж. б. өлкөлөрдө мамл. деңгээлде колго алынган. Чет өлкөлүк А-дердин ичинен изилдөөчүлөр үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон бир нече А. бар:

'''АРХИВ'''-- (гр. arheia – сөзмө сөз – улуктар жазуусу, б. а. расмий документтер) – 1) документ түрүндөгү материалдарды сактай турган өз алдынча мекемелер же мекемелердеги, уюмдардагы жана ишканалардагы ушул ишти аткаруучу бөлүмдөр; 2) мекемелердин, коомдордун жана жеке адамдардын иш-аракеттеринин натыйжасында топтолгон документациясындагы жазылмалар жыйындысы. Жазма булактарды жыйнап топтоо иши алгач Египет, Кытай, Байыркы Грекияда, Римде, Араб халифаттарында ж. б. өлкөлөрдө мамлекеттик деңгээлде колго алынган. Чет өлкөлүк Архивдердин ичинен изилдөөчүлөр үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон бир нече Архив бар: Батыш Европадагы чиркөө тарыхы (католик, протестантизм, православие ж. б.) боюнча булактар, Европа, Америка, Азия, Африка өлкөлөрүнүн тарыхы сакталган Ватикан Архиви; Франциядагы Батыш жана Борбордук Европанын, Россия жана СССРдин тарыхы камтылган документтер сакталган Улуттук Архив; Англиянын жана Батыш Европанын, ошондой эле колониялык саясаттын тарыхын чагылдырган Улуу Британиянын мамлекеттик Архиви ж. б. Кыргызстандын Архив кызматы Совет өкмөтү тарабынан 1918-жылы 1-июнда «Архив иштерин кайрадан уюштуруу жана борборлоштуруу» декрети кабыл алынган соң башталган. 1924-жылга чейин Кыргызстан Түркстан АССРинин курамында болгондуктан, Архивдик иштерди Түркстандагы борбордук  башкармалык жүргүзгөн. 1926-жылы 1-сентябрда Кыргыз автономиялуу облусунун Аткаруу комитетинин алдында Архив бюросу уюшулган. Ал 1927-29-жылдары Борбдук  Архив, 1929-жылдан Архив башкармалыгы деп аталган. Анын карамагына 4 кантондук (Фрунзе, Талас, Нарын, Каракол) жана Ош округдук Архив бюролору кирген. Кийин алар жоюлуп, 1935-жылы 35 райондук, 1 шаардык Архив түзүлөт. 1939-жылы республиканын архив уюмдары Ички иштер Эл комиссариатынын алдындагы Архив бөлүмүнө толугу менен өткөрүлүп, көп документтер «жашыруун» сакталган. 1940-жылы 5 облустук (Жалал-Абад, Ысык-Көл, Тянь-Шань, Фрунзе, Ош), 1944-жылы Талас облусу, 1941-жылы Кинофото документтеринин борбордук мамлекеттик Архивдери уюшулган. 1964-жылы  Кыргыз CCP Министрлер Советинин алдындагы Архив  бөлүмү Архив башкармалыгы болуп өзгөртүлүп, райондук, шаардык Архивдер Борбордук мамлекеттик  Архивдин филиалдары жана облустук мамлекеттик Архивдер катары түзүлгөн. 1974-жылы Борбордук мамлекеттик  Архивде жеке фонду уюштурулуп, учурда анда республиканын 170тей белгилүү адамдарынын архивдик фонддору сакталып турат. 1980-98-жылдарда башкы архив башкармалыгы, 1998-жылдан КРдин Билим, илим жана маданият министрлигине караштуу Архив иштери боюнча департамент, 2005-жылдан КРдин Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик Архив агентчилиги. Республикада учурда үч борбордук мамлекеттик Архив, документтештирүү борбору, илимий-методикалык борбор, жети облустук, мамлекеттик Архив, үч Архив филиалы, 54 райондук, шаардык Архив, мамлекеттик  администрациялардын алдындагы жети Архив жана документ башкармалыгы бар. Аларда көлөмү 2237 миңден ашкан 12427 Архив фонддору сакталууда. Кыргызстан архивчилери 1995-жылы июнда эл аралык Архив кеңешине мүчө болуп киришкен. Республиканын мамлекеттик  Архив кызматынын алгачкы чыйырын А. А. Струкова, К. А. Денисов, С. Шералиева ж. б. башташкан.

'' С. Жумалиев, Т. Абдыкаров.''

Батыш Европадагы чиркөө тарыхы (католик, протестантизм, православие ж. б.) б-ча булактар, Европа, Америка, Азия, Африка өлкөлөрүнүн тарыхы сакталган Ватикан А.; Франциядагы Батыш жана Борб. Европанын, Россия жана СССРдин тарыхы камтылган документтер сакталган Улуттук А.; Англиянын жана Батыш Европанын, о. эле колониялык саясаттын тарыхын чагылдырган Улуу Британиянын мамл. А. ж. б. Кырг-ндын А. кызматы Совет өкмөтү тарабынан 1918-ж. 1-июнда «Архив иштерин кайрадан уюштуруу жана борборлоштуруу» декрети кабыл алынган соң башталган. 1924-ж-га чейин Кырг-н Түркстан АССРинин курамында болгондуктан, А-дик иштерди Түркстандагы борб. башкармалык жүргүзгөн. 1926-ж. 1-сентябрда Кыргыз автономиялуу обл-нун Аткаруу комитетинин алдында А. бюросу уюшулган. Ал 1927-29-ж. Борб. А., 1929-жылдан А. башкармалыгы деп аталган. Анын карамагына 4 кантондук (Фрунзе, Талас, Нарын, Каракол) жана Ош округдук А. бюролору кирген. Кийин алар жоюлуп, 1935-ж. 35 райондук, I шаардык А. түзүлөт. 1939-ж. республиканын архив уюмдары Ички иштер Эл комиссариатынын алдындагы А. бөлүмүнө толугу менен өткөрүлүп, көп документтер «жашыруун» сакталган. 1940-ж. 5 обл. (Жалал-Абад, Ысык-Көл, Тянь-Шань, Фрунзе, Ош), 1944-ж. Талас обл., 1941-ж. Кинофото документтеринин борб. мамл. А-дери уюшулган. 1964-ж. Кыргыз CCP Министрлер Советинин алдындагы А. бөлүмү А. башкармалыгы болуп өзгөртүлүп, райондук, шаардык А-дер Борб.мамл. А-дин филиалдары жана обл. мамл. А-дер катары түзүлгөн. 1974-ж. Борб. мамл. А-де жеке фонду уюштурулуп, учурда анда респуб-ликанын 170тей белгилүү адамдарынын архивдик фонддору сакталып турат. 1980-98-ж. Жогорку архив башкармалыгы, 1998-жылдан КРдин Билим, илим жана маданият министрлигине караштуу Архив иштери б-ча департамент, 2005-жылдан КРдин Өкмөтүнө караштуу мамл. Архив агентчилиги.

Республикада учурда үч борб. мамл. А., документтештирүү борбору, ил.-методикалык борбор, жети обл., мамл. А., үч А. филиалы, 54 райондук, шаардык А., мамл. администрациялардын алдындагы жети А. жана документ башкармалыгы бар. Аларда көлөмү 2237 миңден ашкан 12427 А. фонддору сакталууда. Кыргызстан А-чилери 1995-ж. июнда эл аралык А. кеңешине мүчө болуп киришкен. Республиканын мамл. А. кызматынын алгачкы чыйырын А. А. Струкова, К. А. Денисов, С. Шералиева ж. б. башташкан.

'' С. Жумалиев, Т. Абдыкаров.''

12:01, 19 Декабрь (Бештин айы) 2023 -деги абалы

АРХИВ-- (гр. arheia – сөзмө сөз – улуктар жазуусу, б. а. расмий документтер) – 1) документ түрүндөгү материалдарды сактай турган өз алдынча мекемелер же мекемелердеги, уюмдардагы жана ишканалардагы ушул ишти аткаруучу бөлүмдөр; 2) мекемелердин, коомдордун жана жеке адамдардын иш-аракеттеринин натыйжасында топтолгон документациясындагы жазылмалар жыйындысы. Жазма булактарды жыйнап топтоо иши алгач Египет, Кытай, Байыркы Грекияда, Римде, Араб халифаттарында ж. б. өлкөлөрдө мамлекеттик деңгээлде колго алынган. Чет өлкөлүк Архивдердин ичинен изилдөөчүлөр үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон бир нече Архив бар: Батыш Европадагы чиркөө тарыхы (католик, протестантизм, православие ж. б.) боюнча булактар, Европа, Америка, Азия, Африка өлкөлөрүнүн тарыхы сакталган Ватикан Архиви; Франциядагы Батыш жана Борбордук Европанын, Россия жана СССРдин тарыхы камтылган документтер сакталган Улуттук Архив; Англиянын жана Батыш Европанын, ошондой эле колониялык саясаттын тарыхын чагылдырган Улуу Британиянын мамлекеттик Архиви ж. б. Кыргызстандын Архив кызматы Совет өкмөтү тарабынан 1918-жылы 1-июнда «Архив иштерин кайрадан уюштуруу жана борборлоштуруу» декрети кабыл алынган соң башталган. 1924-жылга чейин Кыргызстан Түркстан АССРинин курамында болгондуктан, Архивдик иштерди Түркстандагы борбордук башкармалык жүргүзгөн. 1926-жылы 1-сентябрда Кыргыз автономиялуу облусунун Аткаруу комитетинин алдында Архив бюросу уюшулган. Ал 1927-29-жылдары Борбдук Архив, 1929-жылдан Архив башкармалыгы деп аталган. Анын карамагына 4 кантондук (Фрунзе, Талас, Нарын, Каракол) жана Ош округдук Архив бюролору кирген. Кийин алар жоюлуп, 1935-жылы 35 райондук, 1 шаардык Архив түзүлөт. 1939-жылы республиканын архив уюмдары Ички иштер Эл комиссариатынын алдындагы Архив бөлүмүнө толугу менен өткөрүлүп, көп документтер «жашыруун» сакталган. 1940-жылы 5 облустук (Жалал-Абад, Ысык-Көл, Тянь-Шань, Фрунзе, Ош), 1944-жылы Талас облусу, 1941-жылы Кинофото документтеринин борбордук мамлекеттик Архивдери уюшулган. 1964-жылы Кыргыз CCP Министрлер Советинин алдындагы Архив бөлүмү Архив башкармалыгы болуп өзгөртүлүп, райондук, шаардык Архивдер Борбордук мамлекеттик Архивдин филиалдары жана облустук мамлекеттик Архивдер катары түзүлгөн. 1974-жылы Борбордук мамлекеттик Архивде жеке фонду уюштурулуп, учурда анда республиканын 170тей белгилүү адамдарынын архивдик фонддору сакталып турат. 1980-98-жылдарда башкы архив башкармалыгы, 1998-жылдан КРдин Билим, илим жана маданият министрлигине караштуу Архив иштери боюнча департамент, 2005-жылдан КРдин Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик Архив агентчилиги. Республикада учурда үч борбордук мамлекеттик Архив, документтештирүү борбору, илимий-методикалык борбор, жети облустук, мамлекеттик Архив, үч Архив филиалы, 54 райондук, шаардык Архив, мамлекеттик администрациялардын алдындагы жети Архив жана документ башкармалыгы бар. Аларда көлөмү 2237 миңден ашкан 12427 Архив фонддору сакталууда. Кыргызстан архивчилери 1995-жылы июнда эл аралык Архив кеңешине мүчө болуп киришкен. Республиканын мамлекеттик Архив кызматынын алгачкы чыйырын А. А. Струкова, К. А. Денисов, С. Шералиева ж. б. башташкан.

С. Жумалиев, Т. Абдыкаров.