Difference between revisions of "АЛАЙ-ОШ ЭЛДИК КЫЙМЫЛЫ"
Jump to navigation
Jump to search
228-323>KadyrM |
м (1 revision imported) |
(Айырма жок)
|
21:27, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы
‒ 1845-ж. Алай, Ош аймагындагы кыргыздардын Кокон
хандыгына каршы элдик көтөрүлүшү. Алайда башталган кыймыл кыска мезгил ичинде Ош аймагына чейин жайылып, Кокон хандыгынын коопсуздугуна коркунуч туудурган. Ошол кезде хансарайды бийлеп турган Мусулманкул миӊ башынын Ташкентке кеткендигинен пайдаланып, көтөрүлүшчүлөр Ошту басып алышкан. Көтөрүлүш ж-дө кабарды уккан Шахрихан вилаетинин акими кыпчак Мухаммед Назар Көр оглы кошуун топтоп, көтөрүлүшчүлөргө каршы аттанган. Ошол эле мезгилде Ташкенттеги Мусулманкулдун кошууну шашылып кайтып келип, Көр оглынын кошууну м-н бирдикте көтөрүлүшчүлөрдү талкалаган. Мусулманкул миӊбашы Ошту багындырып, кыймылга катышкан кыргыздарды аёосуз жазалаган.