Difference between revisions of "АЛАЙ КЫРКА ТООСУ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
228-323>KadyrM
 
м (1 revision imported)
(Айырма жок)

21:27, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы

Алай‒Түркстан тоо системасына кирет. Кеӊдик багытта 350 кмге созулуп жатат. Орт. жазылыгы 70‒80 км (Фергана өрөөнүнө чейин), эӊ бийик жери 5539 м (батышында Тамдыкул чокусу). Тоо орографиялык жактан кескин айырмаланган 3 бөлүктөн турат. Б а т ы ш б и й и к б ө л ү г ү н д ө тоонун түн. капталы КРна карап, негизинен Сох д-нын алабын камтыйт; мында бийик чокулуу мөӊгүлөр арбын. Кыры аска-зоокалуу келип, 4500‒5000 м бийиктиктен жогору жатат. Тоонун түн. капталы жазы (60‒70 км), тереӊ капчыгайлуу өрөөндөр (Кожо-Ашкан, Сох ж.б.) м-н тилмеленип, Жети-Көл (бийик чокусу ‒ 4079м), Коргон (5100 м), Кулдук-Тоо (5016 м), Курук-Сай (5147 м), Тескей (3690 м) тоо тармактарынан турат. О р т о н к у б ө л ү г ү Исфайрам-Сай, Ак-Буура, Талдык (түн.), Кызыл-Суу (түш.) сууларынын алабын камтып, ири мөӊгүлөр (Егоров, Дугов, Ливинский, Федченко, Гезарт, Агарт, Сары-Могол, Кайыӊды) жайгашкан. Кыры аскалуу, негизинен 4300‒4600 м бийиктикте жатат. Тоонун түн. капталы (жазылыгы 70‒80 км) Фергана өрөөнүнө жантайыӊкы, баш жагында тереӊ капчыгайлуу кенен өрөөндөр (Кичи Алай, Сурма-Таш, Исфайрам-Сай, Шаймерден ж. б.) арбын. Түндүгүндөгү тоо тармактары: Коллектор (эӊ бийик жери ‒5259 м), Кичи Алай (4933 м), Ак-Төр (4501 м), Жоо-Жатты (4048м), Гаузан (3273 м), Ярунтуз (3670 м), Олокон-Тоо (4629 м), Талдык (4237 м), Теке-Секи рик-Бел (2913 м) ж. б. Түш. капталы Алай өрөөнүн карай тик түшөт, кыска (10‒15 км); кокту-колоттор, майда капчыгайлар, Текелик (эӊ би

йик жери 5727 м), Кара-Тепе (3794 м) сыяктуу тармактары бар. Ч ы г ы ш ж а п ы з б ө л ү г ү Куршаб, Көк-Суу (Чыгыш), Алайкуу‒Тар сууларынын алаптарын ээлейт. Мында мөӊгүлөр азайып, чокулары жапыздайт да, түн.-чыгыш та Какшаал‒Фергана тоо тоомдоруна такалат. Кыры 3900‒4300 м бийиктикте жатып, капталдары тик; кыска ж-а тереӊ капчыгайлуу ири өрөөндөрү [Гүлчө, Көк-Суу (Чыгыш), Алайкуу ж. б.], Терек-Тоо (эӊ бийик жери 4767 м), Көк-

АЛАЙ КЫРКА ТООСУ22.png

Булак (4039 м), Алайкуу (4733 м) ж. б. тоо тармактары бар. А. к. генезистик тиби б-ча горст-антиклиналь; герцин бүктөлүүсүнөн пайда болгон. Батыш ж-а ортонку бөлүктөрүнөн тоого жарыш жаткан, чыгышынан түштүктөн түндүккө багытталган тектон. жаракалар өтөт. Тоонун геол. түзүлүшү өтө татаал: батыш ж-а ортонку бөлүктөрү силур, девон ж-а карбондун калыӊдыгы 1500‒3000 мге чейинки кумдук, кремнийлүү ж-а көмүрлүү сланец, гнейс, доломит, алевролит, акиташ, порфирит, туф, диабаз, полимиктүү ж-а акиташ тектүү конгломерат; чыгышы юранын калыӊдыгы 3300 мге чейин жеткен конгломерат, гравелит, аргиллит тектеринен турат. Аларды айрым жерлерде (Кичи Алай, Кайыӊды тоолору) гранит, гранит-диорит, сиенит интрузиялары жиреп чыккан. Тоо этектери (адырлар ж-а бөксө тоолор ‒ Папан, Отуз-Адыр, Катыраӊ-Тоо ж. б.) ж-а өрөөндөрдүн тамандары палеоген, неоген ж-а антропоген мезгилдеринин калыӊдыгы 200 мге чейинки чөкмө тектери (чопо, кум, мергель, майда таш, шагыл) ж-а мөӊгү шилендилери м-н капталган. А. к-нда сымап, сурьма, темир, боксит, вольфрам, висмут, полиметалл, мышьяк, көмүр ж. б-нын кендери бар. Алардын айрымдары өнөр жайлык мааниге ээ. Тоонун климаты ж-а ландшафты бийиктик алкактуулук мыйзам ченемине ылайык өзгөрөт. Климаты негизинен континент түү келип, жапыз тоолуу бөлүгүндө июль айынын орт. темп-расы 20‒23°С, январдыкы ‒3°С... ‒5°С; орто бийиктиктеги бөлүгүндө июлдуку 14‒16°С, январдыкы ‒5°С...‒7°С; бийик тоолуу бөлүгүндө июлдуку 9‒10°С, январдыкы ‒16°С... ‒18°С. Жылдык жаан-чачыны 300‒400 мм. Ири суулары: Сох, Исфайрам-Сай, Араван-Сай, Ак-Буура, Гүлчө, Алай-Куу-Тар (түн. капталында), Кызыл-Суунун куймалары (түштүгүндө). А. к-нун түн. капталына кургак талаа ж-а талаа (2000‒2200 м бийиктикке чейин), шалбаалуу талаа ж-а бийик чөптүү шалбаа (2600‒2800 мге чейин), жыш өскөн арча, токойлуу шалбаа ж-а бадал аралашкан сейрек токой, шалбаалуу талаа (2900‒3100 мге чейин), субальп, альп шалбаа ж-а сейрек бетегелүү талаа (3500‒3600 мге чейин), андан жогору бийик тоо тундралуу талаа ж-а нивалдык-гляциалдык ландшафт ал кактары мүнөздүү. Түштүк бетинде бийик тоолуу кургак талаа ж-а шалбаалуу талаа ландшафты басымдуу. А. к-нун чарбачылыкта мааниси зор: ири мөӊгүлөрү ж-а түбөлүк кар алкагы Фергана ж-а Алай өрөөндөрүнө карай аккан сууларды толуктап турат; тоо тармактары ж-а капчыгай-өрөөндөрү малга жайыт катары пайдаланылат. Ашуулары: Талдык (3615 м), Карагушхана (3903 м бийиктикте), Жаӊы-Даван (4379 м), Кара-Казык (4495 м), Кайыӊды (3997 м), Теӊизбай (2627 м), Теке-Салды (4072 м), Жиптик (4175 м), Шарт-Даван (3954 м). Талдык ашуусу аркылуу эл аралык маанидеги Ош ‒ Хорог автомобиль жолу өтөт. Алай деген аттын келип чыгышы ж-дө к. Ала. К. Матикеев .