Difference between revisions of "АНТОНИОНИ"
м (→top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) |
|||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АНТОНИОНИ''' Микеланжело (29. 9. 1912, Италия, Феррара | '''АНТОНИОНИ''' Микеланжело (29. 9. 1912-жыл, Италия, Феррара шаары – 30. 7. 2007-жыл, Рим шаары) – италиялык кинорежиссёр, сценарист. Болоньедеги экономика <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> коммерция жогорку мектебин бүтүргөн, ошондой эле журналистика <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> кино сын боюнча да окуган. 1942-жылы режиссёр катары Францияда «Кечки келгиндер» (режиссёру М. Карне) тасмасында стажер катары иштеген. «Трагедиялык аңчылык» (1947-жыл, режиссёру Д. Ж. де Сантис) жана башка тасмаларга сценарий жазган. «Ак шейх» тасмасынын сюжетинин автору (1952-жыл, режиссёру Ф. Феллини). «Түн» (1960), «Тутулуу» (1962), «Кызыл чал» (1964), «Забрискипойнт» (1970), «Кесиби: репортёр» (1975) жана башка тасмаларды жараткан. М. Антониони дээрлик бардык тасмалардын сценарийинин автору. 1980-жылы «Обервальддын сыры» (Ж.Коктонун «Эки баштуу бүркүт» пьесасы боюнча), 1982-жылы «Аялдагы окшоштук» телетасмасын тарткан. Кинотасмалардын эл аралык сыйлыгынын бир нече жолку лауреаты. |
09:56, 17 Июль (Теке) 2023 -деги абалы
АНТОНИОНИ Микеланжело (29. 9. 1912-жыл, Италия, Феррара шаары – 30. 7. 2007-жыл, Рим шаары) – италиялык кинорежиссёр, сценарист. Болоньедеги экономика жана коммерция жогорку мектебин бүтүргөн, ошондой эле журналистика жана кино сын боюнча да окуган. 1942-жылы режиссёр катары Францияда «Кечки келгиндер» (режиссёру М. Карне) тасмасында стажер катары иштеген. «Трагедиялык аңчылык» (1947-жыл, режиссёру Д. Ж. де Сантис) жана башка тасмаларга сценарий жазган. «Ак шейх» тасмасынын сюжетинин автору (1952-жыл, режиссёру Ф. Феллини). «Түн» (1960), «Тутулуу» (1962), «Кызыл чал» (1964), «Забрискипойнт» (1970), «Кесиби: репортёр» (1975) жана башка тасмаларды жараткан. М. Антониони дээрлик бардык тасмалардын сценарийинин автору. 1980-жылы «Обервальддын сыры» (Ж.Коктонун «Эки баштуу бүркүт» пьесасы боюнча), 1982-жылы «Аялдагы окшоштук» телетасмасын тарткан. Кинотасмалардын эл аралык сыйлыгынын бир нече жолку лауреаты.