Difference between revisions of "АДАБИЙ АГЫМДАР"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
v1e2_72-116>Kadyrm
 
v1e2_72-116>Kadyrm
(Айырма жок)

18:37, 13 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы

 ‒ белгилүү бир эстетика лык принциптерди көздөгөн, колдогон, ар түрдүү көзкараштагы жазуучуларды бириктирген өзүнчө бир көркөм багыт, көрүнүш. Ар бир элдин, улуттун, региондун ж-а бүт дүйнөнүн көркөм ад-ты алардын өсүп-өнүгүш тарыхына тыгыз байланыштуу калыптанат ж-а өнүгөт. А. а. улам жаӊы чыгармачыл инсандардын келишине байланыштуу өзгөрүп, жаӊыланат. Көркөм процессти дүйнөлүк масштабда караганда, ал жалпы адамзатка тиешелүү эӊ бийик иск-водон тартып, үйрөнчүк, эпигондук ад-тка чейин ар түркүн көрүнүштөрдөн турат. Демек, ар бир элдин, улуттун, региондун ж-а бүтүндөй дүйнөнүн басып өткөн мезгилге ж-а мейкиндикке жараша ар биринин өзүнчө эстетикалык принциптери,

стилдик кубулуштары бар. А. а. жазуучу өзүнүн авторлук жекечелигин түшүнүп, сезгенде гана пайда боло баштайт. Мына ушундай даражага жеткен А. а-дын көрүнүктүүлөрү Ренессанс (Кайра жаралуу), Классицизм , Сентиментализм , Реализм , Романтизм , Натурализм , Символизм .