Difference between revisions of "АЛА-БЕЛ АШУУСУ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
228-323>KadyrM
 
м (1 revision imported)
(Айырма жок)

21:27, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы

Талас Ала-Тоосу м-н Суусамыр кырка тоосунун кошулган жеринде. Чычкан өрөөнүнүн суу бөлгүчүндө, деӊиз деӊг. 3184м бийиктикте. Анын айланасындагы тоо чокуларынын бийикт. Талас Ала-Тоосунда 3730 мге, Суусамыр кырка тоосунда 3798 мге жетет. Ордовик мезгилинин башталышында пайда болгон метаморфизмделген кумдук, конгломерат, туф, айрым бөлүгүндө порфириттер, кремнийлүү тектер, акиташ теги ж-а үстүнкү протерозойдун серициттешкен кварцтуу сланецтери, неоген-палеогендин чопо, конгломераттары, антропогендин борпоӊ чөгүндүлөрү жатат. Ашуу асиммет риялык түзүлүштө, чыгышы (Суусамыр жагы) жазы, батышы (Чычкан тарабы) тик ж-а кыска. Суусамыр тоосунун түн. капталындагы азыркы мөӊгүлөр ашууга жакын. Күзүндө кар эрте түшүп, кышында калыӊдап кар көчкүлөр жүрүп, жолдун айрым бөлүгүн бөгөп калат да жол катнашын кыйындатат. Январдын орт. темп-расы ‒18,6°С, июлдуку 7,3°С, жылдык жаан-чачыны 634 мм. Ашуунун түш.-батыш тарабынан Чычкан, түн.-чыгышынан Суусамыр суулары башталат. Кыртышы таштак ж-а кумдак келип, көбүнчө альп шиберлери өсөт. Ашууда жол эксплуатациялоо участогу ж-а каркөчкү станциясы бар. Ашуунун чарбалык мааниси өтө зор. Ал аркылуу Бишкек ‒ Ош автомобиль жолу өтөт; Талас ж-а Токтогул р-нун малы Суусамыр жайлоосуна ашырылат.