Difference between revisions of "АЛЫМКУЛ АТАЛЫК"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: clean up, replaced: м-н → менен (6), ж-а → жана (2))
1 -сап: 1 -сап:
Молдо Алымкул Асан бий уулу (1829/32, Бугун-Биткан деген жер, Кокон хандыгы – 10. 5. 1865, Ташкент ш.) – ''Кокон хандыгынын'' белгилүү саясий ишмери жана аскер башчысы; түш. кыргыздардын ичкилик тобундагы кыргыз-кыпчак уруусунун төбөлү. Бала чагында Баткендеги мусулман мектебинен билим алып, кийин Анжиян, Кокондогу медреседен окуган. Ал жездеси Тагайкул датканын жардамы менен аскер ишин өздөштүргөн. Кезегинде ''Алымбек даткага'' кошулуп, ''Кудаяр хандын'' ордуна Маллабекти хан көтөрткөн. 1862-ж. ''Малла хан'' өлтүрүлүп, тактыга 15 жаштагы Шахмурад олтурат, ал эми А. а. хандыктын башкы вазири болуп дайындалат. 1863-ж. жазында А. а. төңкөрүш уюштуруп, тактыга Малла хандын уулу Султан Саидди отургузат да, иш жүзүндө хандыкты өзү башкарган (1863–65). Кыска убакыт аралыгында А. а. хандыкта тартипти чыңдап, өлкөнү борборлоштурууга аракет кылган. Чек аралардын коопсуздугун чыңдоо максатында чептерди оңдоп, сарбаздардын санын көбөйткөн. Ал анжияндык, аркалык кыргыздарды ынтымакка чакырган. Мис., 1863-ж. сарыбагыш уруусунун чоң манабы Жантай Карабек уулуна орус аскерлерине каршы күрөштө бирге болууга үндөгөн кат жөнөткөн. А. а-тын көрсөтмөсү менен Кокондон Талас, Чүй, Ысык-Көл, Нарындын манаптарына ынтымакка чакырган каттарды жана өкүлдөрдү жиберишкен. О. эле өлкөнүн эл аралык абалын жакшыртуу максатында 1863–64-ж. ал Россия императоруна, Түрк султанына, Кытайга, Индиядагы Англия бийлигине, Афганистанга ж. б. мамлекеттерге Кокон хандыгынын атынан элчилерди жөнөткөн. 1864-ж. полковник М. Г. Черняев башында турган 2500дөй орус аскери Олуя-Ата ш-н, полковник Н.А. Веревкин 1600дөй аскери менен Түркстан чеп калаасын каратып алышкандан кийин А. а. 4–6 миңдей аскери менен аларга каршы жортуулга чыккан. Орус аскерлери менен айыгышкан салгылашуулар Ак-Булак, Чымкент, Ыкан ж. б. жерлерде болгон. 1865-ж. ал кокон аскерлеринин башкы аскер командачысы катары Ташкенттин алдында Шор-Төбө деген жерде Черняев башында турган орус аскерлерине каршы күчтүү коргонууну уюштура алган. Маргалаң, Анжиян, Ош, Шахрикандан ж. б. жерлерден шашылыш аскер топтоп, натыйжада шаарды коргоочулардын санын 30 миңге жеткирген. Салгылашуу 9-майда башталып, адеп орус аскерлери чегинүүгө ж-a чабуул коюудан коргонууга өтүүгө аргасыз болушкан. Кайрадан башталган салгылашуу учурунда А. а. оор жаракат алып, курман болот. Бул окуяны өз көзү менен көргөн Мухаммед Салих Кори Ташканди «Тарих-и Жадидаи Ташканд» («Ташкенттин жаңы тарыхы») аттуу эмгегинде А. а-тын өлүмдөн коркпой айкаштын алдынкы катарында жүрүп, баатырларча курман болгондугу тууралуу баяндайт. Күчтүү кол башчысынан айрылган соң Ташкент ш. тез эле орус аскерлери тарабынан басылып алынган.
''Т. Өмүрбеков.''

'''АЛЫМКУЛ АТАЛЫК,''' Молдо Алымкул Асан бий уулу (1829/32, Бугун-Биткан деген жер, Кокон хандыгы – 10. 5. 1865, Ташкент ш.) – ''Кокон хандыгынын'' белгилүү саясий ишмери жана аскер башчысы; түш. кыргыздардын ичкилик тобундагы кыргыз-кыпчак уруусунун төбөлү. Бала чагында Баткендеги мусулман мектебинен билим алып, кийин Анжиян, Кокондогу медреседен окуган. Ал жездеси Тагайкул датканын жардамы менен аскер ишин өздөштүргөн. Кезегинде ''Алымбек даткага'' кошулуп, ''Кудаяр хандын'' ордуна Маллабекти хан көтөрткөн. 1862-ж. ''Малла хан'' өлтүрүлүп, тактыга 15 жаштагы Шахмурад олтурат, ал эми А. а. хандыктын башкы вазири болуп дайындалат. 1863-ж. жазында А. а. төңкөрүш уюштуруп, тактыга Малла хандын уулу Султан Саидди отургузат да, иш жүзүндө хандыкты өзү башкарган (1863–65). Кыска убакыт аралыгында А. а. хандыкта тартипти чыңдап, өлкөнү борборлоштурууга аракет кылган. Чек аралардын коопсуздугун чыңдоо максатында чептерди оңдоп, сарбаздардын санын көбөйткөн. Ал анжияндык, аркалык кыргыздарды ынтымакка чакырган. Мис., 1863-ж. сарыбагыш уруусунун чоң манабы Жантай Карабек уулуна орус аскерлерине каршы күрөштө бирге болууга үндөгөн кат жөнөткөн. А. а-тын көрсөтмөсү менен Кокондон Талас, Чүй, Ысык-Көл, Нарындын манаптарына ынтымакка чакырган каттарды жана өкүлдөрдү жиберишкен. О. эле өлкөнүн эл аралык абалын жакшыртуу максатында 1863–64-ж. ал Россия императоруна, Түрк султанына, Кытайга, Индиядагы Англия бийлигине, Афганистанга ж. б. мамлекеттерге Кокон хандыгынын атынан элчилерди жөнөткөн. 1864-ж. полковник М. Г. Черняев башында турган 2500дөй орус аскери Олуя-Ата ш-н, полковник Н.А. Веревкин 1600дөй аскери менен Түркстан чеп калаасын каратып алышкандан кийин А. а. 4–6 миңдей аскери менен аларга каршы жортуулга чыккан. Орус аскерлери менен айыгышкан салгылашуулар Ак-Булак, Чымкент, Ыкан ж. б. жерлерде болгон. 1865-ж. ал кокон аскерлеринин башкы аскер командачысы катары Ташкенттин алдында Шор-Төбө деген жерде Черняев башында турган орус аскерлерине каршы күчтүү коргонууну уюштура алган. Маргалаң, Анжиян, Ош, Шахрикандан ж. б. жерлерден шашылыш аскер топтоп, натыйжада шаарды коргоочулардын санын 30 миңге жеткирген. Салгылашуу 9-майда башталып, адеп орус аскерлери чегинүүгө ж-a чабуул коюудан коргонууга өтүүгө аргасыз болушкан. Кайрадан башталган салгылашуу учурунда А. а. оор жаракат алып, курман болот. Бул окуяны өз көзү менен көргөн Мухаммед Салих Кори Ташканди «Тарих-и Жадидаи Ташканд» («Ташкенттин жаңы тарыхы») аттуу эмгегинде А. а-тын өлүмдөн коркпой айкаштын алдынкы катарында жүрүп, баатырларча курман болгондугу тууралуу баяндайт. Күчтүү кол башчысынан айрылган соң Ташкент ш. тез эле орус аскерлери тарабынан басылып алынган.
''Т. Өмүрбеков.''

16:14, 12 Декабрь (Бештин айы) 2022 -деги абалы

АЛЫМКУЛ АТАЛЫК, Молдо Алымкул Асан бий уулу (1829/32, Бугун-Биткан деген жер, Кокон хандыгы – 10. 5. 1865, Ташкент ш.) – Кокон хандыгынын белгилүү саясий ишмери жана аскер башчысы; түш. кыргыздардын ичкилик тобундагы кыргыз-кыпчак уруусунун төбөлү. Бала чагында Баткендеги мусулман мектебинен билим алып, кийин Анжиян, Кокондогу медреседен окуган. Ал жездеси Тагайкул датканын жардамы менен аскер ишин өздөштүргөн. Кезегинде Алымбек даткага кошулуп, Кудаяр хандын ордуна Маллабекти хан көтөрткөн. 1862-ж. Малла хан өлтүрүлүп, тактыга 15 жаштагы Шахмурад олтурат, ал эми А. а. хандыктын башкы вазири болуп дайындалат. 1863-ж. жазында А. а. төңкөрүш уюштуруп, тактыга Малла хандын уулу Султан Саидди отургузат да, иш жүзүндө хандыкты өзү башкарган (1863–65). Кыска убакыт аралыгында А. а. хандыкта тартипти чыңдап, өлкөнү борборлоштурууга аракет кылган. Чек аралардын коопсуздугун чыңдоо максатында чептерди оңдоп, сарбаздардын санын көбөйткөн. Ал анжияндык, аркалык кыргыздарды ынтымакка чакырган. Мис., 1863-ж. сарыбагыш уруусунун чоң манабы Жантай Карабек уулуна орус аскерлерине каршы күрөштө бирге болууга үндөгөн кат жөнөткөн. А. а-тын көрсөтмөсү менен Кокондон Талас, Чүй, Ысык-Көл, Нарындын манаптарына ынтымакка чакырган каттарды жана өкүлдөрдү жиберишкен. О. эле өлкөнүн эл аралык абалын жакшыртуу максатында 1863–64-ж. ал Россия императоруна, Түрк султанына, Кытайга, Индиядагы Англия бийлигине, Афганистанга ж. б. мамлекеттерге Кокон хандыгынын атынан элчилерди жөнөткөн. 1864-ж. полковник М. Г. Черняев башында турган 2500дөй орус аскери Олуя-Ата ш-н, полковник Н.А. Веревкин 1600дөй аскери менен Түркстан чеп калаасын каратып алышкандан кийин А. а. 4–6 миңдей аскери менен аларга каршы жортуулга чыккан. Орус аскерлери менен айыгышкан салгылашуулар Ак-Булак, Чымкент, Ыкан ж. б. жерлерде болгон. 1865-ж. ал кокон аскерлеринин башкы аскер командачысы катары Ташкенттин алдында Шор-Төбө деген жерде Черняев башында турган орус аскерлерине каршы күчтүү коргонууну уюштура алган. Маргалаң, Анжиян, Ош, Шахрикандан ж. б. жерлерден шашылыш аскер топтоп, натыйжада шаарды коргоочулардын санын 30 миңге жеткирген. Салгылашуу 9-майда башталып, адеп орус аскерлери чегинүүгө ж-a чабуул коюудан коргонууга өтүүгө аргасыз болушкан. Кайрадан башталган салгылашуу учурунда А. а. оор жаракат алып, курман болот. Бул окуяны өз көзү менен көргөн Мухаммед Салих Кори Ташканди «Тарих-и Жадидаи Ташканд» («Ташкенттин жаңы тарыхы») аттуу эмгегинде А. а-тын өлүмдөн коркпой айкаштын алдынкы катарында жүрүп, баатырларча курман болгондугу тууралуу баяндайт. Күчтүү кол башчысынан айрылган соң Ташкент ш. тез эле орус аскерлери тарабынан басылып алынган.
Т. Өмүрбеков.