Difference between revisions of "АССИРИЯ ТААНУУ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
1 -сап: 1 -сап:
'''АССИРИЯ ТААНУУ‒''' шынаа сымал жазууга негизделген жазма системасын пайдаланышкан байыркы Ж. Чыгыш элдеринин тарыхы, мад-ты ж-а тили ж-дөгү илимдердин комплекси. Алгач ''аккад тилинин'' вавилондук ж-а ассириялык диалекттери, жазуусу ж-а байыркы Месопотамиянын тарыхы ж-дөгү илим. А. шумерологияны, хеттологияны, хурритологияны, эламитологияны, урарту таанууну да камтыйт. А-га О. Г. Лейарддын (Англия) ж-а П. Э. Боттун (Франция) 19-к-дын орто ченинде Иракта жүргүзгөн изилдөөлөрү, Г. Роулинсондун (Англия) Ирандагы ачкан жаӊылыгы (Персия падышасы Дарий Iнин б. з. ч. 521-жылга жакын, Бехустун аскасындагы байыркы фарс элам-вавилон тилиндеги шынаа сымал жазуулары) база болгон. А. 1857-ж. жаӊы илим деп таанылган. Э. Хинкс (Ирландия) вавилон-ассирия шынаа сымал жазуусу м-н эки башка тилдеги тексттер жазылгандыгын аныктаган. Булардын 1-си семит тобуна кирип, 2-си белгисиз болгон. Кийин ал шумер тили экени аныкталган. Шумер тилин изилдеп үйрөнүү б-ча алгачкы иштер П. Хауптка (АКШ), Ж. Оппертке (Франция) таандык. Э. де Сарзек (Франция) байыркы Лагаш ш. урандыларынан (б. з. ч. 3-жылдагы) чыныгы шумер жазууларын ж-а чарбалык документтерин таап, аларды 1884‒1905-ж. А. Амьо м-н Ф. Тюро-Данжен (Франция) чечмелеп, окуп чыгышкан ж-а А-нун бир тармагы катарында шумер таануу илимине негиз салынган; вавилон-ассириялык шынаа сымал жазуусу ж-а Вавилониянын бардык мад-ты шумерден чыккандыгы далилденген. Россияда А. б-ча эмгектер 19-к-дын 90-ж-да жарыялана баштаган (В. С. Голенищев, Б. А. Тураев). Орустун 1-ассириологу ж-а шумерологу М. В. Никольский тарабынан чогултулган шумерге таандык документтерди бастырып чыгарган. 19-к-да ж-а 20-к-дын 1-жарымында А. илимин изилдеп үйрөтүүчү тилдердин катарына урарту, хетт, хуррит, луви, палай ж-а элам тилдери кошулган. Урартолог Б. Б. Пиотровский археология тармагында да ийгиликтерге жетишкен. Санкт-Петербург, Тбилиси, Ереван ун-ттери А. илимин иликтөө борбору болуп калган. А. ж-дөгү макалалар россиялык «Вестник древней истории» (1937-жылдан чыгат), «Кавказско-ближневосточный сборник» , о. эле чет өлкөлүк бир нече атайын А. маселелерине арналган журналдарда жарыяланып турат. А-нун чет мамлекеттердеги негизги борборлору Чикаго (Чыгыш ун-ти), Москва (Россия ИАнын Чыгыш таануу ин-ту), Санкт-Пе тербург (Эрмитаж), Багдад (Багдад музейи), Рим (Папанын библиялык ин-ту), Стамбул (Стамбул музейи), Анкара, Берлин, Мюнхен, Гейделберг, Прага ж. б. ш-ларда жайгашкан. Кийинки жылдарда А-га Ирактын илимпоздору да өз салымдарын кошууда.<br>
'''АССИРИЯ ТААНУУ‒''' шынаа сымал жазууга негизделген жазма системасын пайдаланышкан байыркы Ж. Чыгыш элдеринин тарыхы, мад-ты ж-а тили ж-дөгү илимдердин комплекси. Алгач ''аккад тилинин'' вавилондук ж-а ассириялык диалекттери, жазуусу ж-а байыркы Месопотамиянын тарыхы ж-дөгү илим. А. шумерологияны, хеттологияны, хурритологияны, эламитологияны, урарту таанууну да камтыйт. А-га О. Г. Лейарддын (Англия) ж-а П. Э. Боттун (Франция) 19-к-дын орто ченинде Иракта жүргүзгөн изилдөөлөрү, Г. Роулинсондун (Англия) Ирандагы ачкан жаӊылыгы (Персия падышасы Дарий Iнин б. з. ч. 521-жылга жакын, Бехустун аскасындагы байыркы фарс элам-вавилон тилиндеги шынаа сымал жазуулары) база болгон. А. 1857-ж. жаӊы илим деп таанылган. Э. Хинкс (Ирландия) вавилон-ассирия шынаа сымал жазуусу м-н эки башка тилдеги тексттер жазылгандыгын аныктаган. Булардын 1-си семит тобуна кирип, 2-си белгисиз болгон. Кийин ал шумер тили экени аныкталган. Шумер тилин изилдеп үйрөнүү б-ча алгачкы иштер П. Хауптка (АКШ), Ж. Оппертке (Франция) таандык. Э. де Сарзек (Франция) байыркы Лагаш ш. урандыларынан (б. з. ч. 3-жылдагы) чыныгы шумер жазууларын ж-а чарбалык документтерин таап, аларды 1884‒1905-ж. А. Амьо м-н Ф. Тюро-Данжен (Франция) чечмелеп, окуп чыгышкан ж-а А-нун бир тармагы катарында шумер таануу илимине негиз салынган; вавилон-ассириялык шынаа сымал жазуусу ж-а Вавилониянын бардык мад-ты шумерден чыккандыгы далилденген. Россияда А. б-ча эмгектер 19-к-дын 90-ж-да жарыялана баштаган (В. С. Голенищев, Б. А. Тураев). Орустун 1-ассириологу ж-а шумерологу М. В. Никольский тарабынан чогултулган шумерге таандык документтерди бастырып чыгарган. 19-к-да ж-а 20-к-дын 1-жарымында А. илимин изилдеп үйрөтүүчү тилдердин катарына урарту, хетт, хуррит, луви, палай ж-а элам тилдери кошулган. Урартолог Б. Б. Пиотровский археология тармагында да ийгиликтерге жетишкен. Санкт-Петербург, Тбилиси, Ереван ун-ттери А. илимин иликтөө борбору болуп калган. А. ж-дөгү макалалар россиялык «Вестник древней истории» (1937-жылдан чыгат), «Кавказско-ближневосточный сборник» , о. эле чет өлкөлүк бир нече атайын А. маселелерине арналган журналдарда жарыяланып турат. А-нун чет мамлекеттердеги негизги борборлору Чикаго (Чыгыш ун-ти), Москва (Россия ИАнын Чыгыш таануу ин-ту), Санкт-Петербург (Эрмитаж), Багдад (Багдад музейи), Рим (Папанын библиялык ин-ту), Стамбул (Стамбул музейи), Анкара, Берлин, Мюнхен, Гейделберг, Прага ж. б. ш-ларда жайгашкан. Кийинки жылдарда А-га Ирактын илимпоздору да өз салымдарын кошууда.<br>

16:07, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 -деги абалы

АССИРИЯ ТААНУУ‒ шынаа сымал жазууга негизделген жазма системасын пайдаланышкан байыркы Ж. Чыгыш элдеринин тарыхы, мад-ты ж-а тили ж-дөгү илимдердин комплекси. Алгач аккад тилинин вавилондук ж-а ассириялык диалекттери, жазуусу ж-а байыркы Месопотамиянын тарыхы ж-дөгү илим. А. шумерологияны, хеттологияны, хурритологияны, эламитологияны, урарту таанууну да камтыйт. А-га О. Г. Лейарддын (Англия) ж-а П. Э. Боттун (Франция) 19-к-дын орто ченинде Иракта жүргүзгөн изилдөөлөрү, Г. Роулинсондун (Англия) Ирандагы ачкан жаӊылыгы (Персия падышасы Дарий Iнин б. з. ч. 521-жылга жакын, Бехустун аскасындагы байыркы фарс элам-вавилон тилиндеги шынаа сымал жазуулары) база болгон. А. 1857-ж. жаӊы илим деп таанылган. Э. Хинкс (Ирландия) вавилон-ассирия шынаа сымал жазуусу м-н эки башка тилдеги тексттер жазылгандыгын аныктаган. Булардын 1-си семит тобуна кирип, 2-си белгисиз болгон. Кийин ал шумер тили экени аныкталган. Шумер тилин изилдеп үйрөнүү б-ча алгачкы иштер П. Хауптка (АКШ), Ж. Оппертке (Франция) таандык. Э. де Сарзек (Франция) байыркы Лагаш ш. урандыларынан (б. з. ч. 3-жылдагы) чыныгы шумер жазууларын ж-а чарбалык документтерин таап, аларды 1884‒1905-ж. А. Амьо м-н Ф. Тюро-Данжен (Франция) чечмелеп, окуп чыгышкан ж-а А-нун бир тармагы катарында шумер таануу илимине негиз салынган; вавилон-ассириялык шынаа сымал жазуусу ж-а Вавилониянын бардык мад-ты шумерден чыккандыгы далилденген. Россияда А. б-ча эмгектер 19-к-дын 90-ж-да жарыялана баштаган (В. С. Голенищев, Б. А. Тураев). Орустун 1-ассириологу ж-а шумерологу М. В. Никольский тарабынан чогултулган шумерге таандык документтерди бастырып чыгарган. 19-к-да ж-а 20-к-дын 1-жарымында А. илимин изилдеп үйрөтүүчү тилдердин катарына урарту, хетт, хуррит, луви, палай ж-а элам тилдери кошулган. Урартолог Б. Б. Пиотровский археология тармагында да ийгиликтерге жетишкен. Санкт-Петербург, Тбилиси, Ереван ун-ттери А. илимин иликтөө борбору болуп калган. А. ж-дөгү макалалар россиялык «Вестник древней истории» (1937-жылдан чыгат), «Кавказско-ближневосточный сборник» , о. эле чет өлкөлүк бир нече атайын А. маселелерине арналган журналдарда жарыяланып турат. А-нун чет мамлекеттердеги негизги борборлору Чикаго (Чыгыш ун-ти), Москва (Россия ИАнын Чыгыш таануу ин-ту), Санкт-Петербург (Эрмитаж), Багдад (Багдад музейи), Рим (Папанын библиялык ин-ту), Стамбул (Стамбул музейи), Анкара, Берлин, Мюнхен, Гейделберг, Прага ж. б. ш-ларда жайгашкан. Кийинки жылдарда А-га Ирактын илимпоздору да өз салымдарын кошууда.