Difference between revisions of "АССИРИЯ"
м (→top: clean up, replaced: м-н → менен (9), ж-а → жана (12)) |

1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АССИРИЯ--'''Кош өзөндүн түндүгүндөгү тарыхый аймак ж-а байыркы мамлекет (азыркы Ирак). А-нын борбору ''Ашшур'' ш. болгон. Калкынын алгачкы этникалык курамы белгисиз. Б. з. ч. 2000-ж. калкынын көпчүлүгү семит-аккаддардан турган. Ашшур б. з. ч. 19-к-дын башында аморейлик Шамшиадад Iнин (1813‒1781) ири державасынын борбору болуп калат. 18-к-да Ашшур ж-а ага жанаша жайгашкан шаарлар ''Вавилон'' падышасы Хаммураппиге, ал эми 16-к-да Митанни падышаларына баш ийген. Акырындык м-н А. Вавилония ж-а Митанниден көз карандылыктан кутулуп, Ашшурдун башкаруучусу Ашшурубаллит Iнин (15-к-дын аягы 14-к-дын башында) тушунда кайрадан күчтүү державага айланган. Анын тукумдары «Ассириянын падышалары» деген титул алышкан. [[File:АССИРИЯ5.png | thumb | Ассириялык аскерлерде согуштук арабалардын чабуул коюусу негизги роль ойногон.]] Б. з. ч. 1307‒1206-ж. аралыгында А. тарабынан Митанни, Вавилон, Закавказьедеги Наири урууларына, Кичи Азиянын түш.-чыгышына, Сирияга, Финикияга жеӊиштүү жортуулдар уюштурулган. 14‒13-к-да алар Түн. Месопотамияны толук каратууга жетишишет. Баш ийдирилген аймактардан алынуучу салыктардын эсебинен гүлдөгөн А. мамлекети 11‒10-к-да ''арамей'' урууларынын басып кирүүсүнүн натыйжасында төмөндөгөн. 10‒7-к-да темир өндүрүү ж-а иштетүүнүн жогорулашына байланыштуу А. кайрадан согуштук ж-а экон. абалын чыӊдаган. Эл аралык кырдаалдын өзгөрүүсү (Египет ж-а Вавилониянын начарлоосу, Хетт падышалыгынын кыйрашы) А-га баскынчыл саясатын жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн. ''Тиглатпаласар III'' (745‒727) мамл. каржылоодо турган туруктуу армияны түзүп, анын жардамы м-н империядагы сепаратисттик кыймылдарды басып турган. Ассириялык аскерлер бир нече жолу ''Вавилонияга, Урартуга, Мидияга,'' Сирияга басып киришкен. 671-ж. Асархаддон Египетти, 640-жылдары Ашшурбанапал Эламды ж-а Түн. Аравия урууларын баш ийдирген. А-нын жүргүзгөн баскынчыл согуштары баш ийген өлкөлөрдүн, ошол эле учурда мамлекеттин өзүнүн калкын да жакырлантып, экон. абалын начарлаткан. Ага каршы түзүлгөн мамлекеттердин коалициясы (Вавилония м-н Мидия) м-н болгон согушта А-нын борбору Ашшур ш. кыйратылып (614), ал эми 609-ж. Харрандын алдындагы салгылашууда армиясынын калган бөлүктөрү толук талкаланган. Ошентип байыркы дүйнөлүк алгачкы империя тарыхый аренадан кеткен. Анын аймагы жеӊген мамлекеттердин курамына кирип, 6-к-дын ортосунда А. Перс империясы, 4-к-дын акыркы чейрегинде Александр Македонский тарабынан каратылган. Андан соӊ Македонскийдин аскер башчысы Селевка I Никатордун ээлигине айланган. 140-ж. бүткүл Месопотамия Парфия тарабынан каратылат. 115-ж. римдиктер парфиялыктарды талкалап, А. провинциясын түзүшкөн. Бирок көп өтпөй жерг. калктын көтөрүлүшүнөн кийин, А-нын аймагы кайрадан парфиялыктарга кайтарылган. Б. з. 3-к-да А-нын аймагы Персиянын (Сасаниддер династиясы) бийлиги астына өткөн. А-нын иск-восунун гүлдөө мезгили 13‒14-к-га таандык. Ашшур (б. з. ч. 9‒14-к.), Кальху (б. з. ч. 9-к.), Дур-Шаррукин (б. з. ч. 7‒8-к.) ш. мад-ттын тарыхый борборлору болгон. Шаардын айланасы таш түптөлгөн, бышкан кирпичтен салынган чеп-дубалдар м-н курчалган. Бийик мунаралуу, дарбазалары арка түрүндө, төрт бурчтуу салынган бастиондор курулган. Шаардын борборунда чеп-сарайлары, көркөмдөлгөн, татаал пландагы көптөгөн храмдар, зиккурат-мунаралар, чарба курулуштары (Дур-Шаррукиндеги Сарогон IIнин ак сарайы) орун алган. Ак сарайлардын кире беришине басып бара жаткан канаттуу букага падышанын башын орноткон таштан чегилген статуялар ‒ «шеду» тургузулган. Падышанын жатуучу ж-а кабыл алуучу бөлмөлөрү түстүү боёктор м-н тартылган оймо-чиймелер, дубалдарга жазылган жазуулар, бронза ж-а таш колдонулуп жасалган рельеф, статуялар м-н кооздолгон. Идеялык-көркөм чыгарманын мазмуну ошол кездеги падышалардын баатырдыгын даӊазалайт. А-нын аймагында иск-во эстеликтери б. з. ч. 4-миӊ жылдыкта бийик порталдар курушуп, андагы композициянын тактыгы, дубалга оюм-чийим салуу, кирпичтерди кыноо аркылуу кооздоо өнөрү өркүндөгөн. Гипертрофияланган адамдардын мүчөлөрүн, булчуӊдарын, келбетин рельефтерде эркин композициялар м-н (Ниневиядагы Синахериба ак сарайындагы рельефтерде) чагылдырышкан. Таштан жасалган эстеликтер, падышалардын статуялары, скульптуралар жогорку чеберчиликте жасалган. Рельефтер ж-а статуялар м-н ак сарайлардын, храмдардын ичин кооздошкон. А. живописинен сүрөттөрдүн сыныктары сакталып калган («Ассириялык эки төрө», «Арстандарга мергенчилик» ж. б., б. з. ч. 8-к., Халеб музейи). Асыл таштарга, ташка оймо-чийме, сүрөттөрдү кесип түшүрүү өнөрү кеӊири өнүккөн. Кесип оюлган таштар мөөр, тумар ж-а жасалга катары колдонулган. Көркөмдөп токуу, жыгач ж-а сөөк буюмдарын жасап, иштетүү өнүккөн. Дубалдардагы рельефке падышалардын мергенчиликтеги, жеӊиштүү жүрүштөрдөгү сүрөттөрү, муз. аспаптарда ойногон, бийлеген, ырдаган адамдардын келбети түшүрүлгөн.
| '''АССИРИЯ--'''Кош өзөндүн түндүгүндөгү тарыхый аймак жана байыркы мамлекет (азыркы Ирак). А-нын борбору ''Ашшур'' ш. болгон. Калкынын алгачкы этникалык курамы белгисиз. Б. з. ч. 2000-ж. калкынын көпчүлүгү семит-аккаддардан турган. Ашшур б. з. ч. 19-к-дын башында аморейлик Шамшиадад Iнин (1813‒1781) ири державасынын борбору болуп калат. 18-к-да Ашшур жана ага жанаша жайгашкан шаарлар ''Вавилон'' падышасы Хаммураппиге, ал эми 16-к-да Митанни падышаларына баш ийген. Акырындык менен А. Вавилония жана Митанниден көз карандылыктан кутулуп, Ашшурдун башкаруучусу Ашшурубаллит Iнин (15-к-дын аягы 14-к-дын башында) тушунда кайрадан күчтүү державага айланган. Анын тукумдары «Ассириянын падышалары» деген титул алышкан. [[File:АССИРИЯ5.png | thumb|Ассириялык аскерлерде согуштук арабалардын чабуул коюусу негизги роль ойногон.]] Б. з. ч. 1307‒1206-ж. аралыгында А. тарабынан Митанни, Вавилон, Закавказьедеги Наири урууларына, Кичи Азиянын түш.-чыгышына, Сирияга, Финикияга жеӊиштүү жортуулдар уюштурулган. 14‒13-к-да алар Түн. Месопотамияны толук каратууга жетишишет. Баш ийдирилген аймактардан алынуучу салыктардын эсебинен гүлдөгөн А. мамлекети 11‒10-к-да ''арамей'' урууларынын басып кирүүсүнүн натыйжасында төмөндөгөн. 10‒7-к-да темир өндүрүү жана иштетүүнүн жогорулашына байланыштуу А. кайрадан согуштук жана экон. абалын чыӊдаган. Эл аралык кырдаалдын өзгөрүүсү (Египет жана Вавилониянын начарлоосу, Хетт падышалыгынын кыйрашы) А-га баскынчыл саясатын жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн. ''Тиглатпаласар III'' (745‒727) мамл. каржылоодо турган туруктуу армияны түзүп, анын жардамы менен империядагы сепаратисттик кыймылдарды басып турган. Ассириялык аскерлер бир нече жолу ''Вавилонияга, Урартуга, Мидияга,'' Сирияга басып киришкен. 671-ж. Асархаддон Египетти, 640-жылдары Ашшурбанапал Эламды жана Түн. Аравия урууларын баш ийдирген. А-нын жүргүзгөн баскынчыл согуштары баш ийген өлкөлөрдүн, ошол эле учурда мамлекеттин өзүнүн калкын да жакырлантып, экон. абалын начарлаткан. Ага каршы түзүлгөн мамлекеттердин коалициясы (Вавилония менен Мидия) менен болгон согушта А-нын борбору Ашшур ш. кыйратылып (614), ал эми 609-ж. Харрандын алдындагы салгылашууда армиясынын калган бөлүктөрү толук талкаланган. Ошентип байыркы дүйнөлүк алгачкы империя тарыхый аренадан кеткен. Анын аймагы жеӊген мамлекеттердин курамына кирип, 6-к-дын ортосунда А. Перс империясы, 4-к-дын акыркы чейрегинде Александр Македонский тарабынан каратылган. Андан соӊ Македонскийдин аскер башчысы Селевка I Никатордун ээлигине айланган. 140-ж. бүткүл Месопотамия Парфия тарабынан каратылат. 115-ж. римдиктер парфиялыктарды талкалап, А. провинциясын түзүшкөн. Бирок көп өтпөй жерг. калктын көтөрүлүшүнөн кийин, А-нын аймагы кайрадан парфиялыктарга кайтарылган. Б. з. 3-к-да А-нын аймагы Персиянын (Сасаниддер династиясы) бийлиги астына өткөн. А-нын иск-восунун гүлдөө мезгили 13‒14-к-га таандык. Ашшур (б. з. ч. 9‒14-к.), Кальху (б. з. ч. 9-к.), Дур-Шаррукин (б. з. ч. 7‒8-к.) ш. мад-ттын тарыхый борборлору болгон. Шаардын айланасы таш түптөлгөн, бышкан кирпичтен салынган чеп-дубалдар менен курчалган. Бийик мунаралуу, дарбазалары арка түрүндө, төрт бурчтуу салынган бастиондор курулган. Шаардын борборунда чеп-сарайлары, көркөмдөлгөн, татаал пландагы көптөгөн храмдар, зиккурат-мунаралар, чарба курулуштары (Дур-Шаррукиндеги Сарогон IIнин ак сарайы) орун алган. Ак сарайлардын кире беришине басып бара жаткан канаттуу букага падышанын башын орноткон таштан чегилген статуялар ‒ «шеду» тургузулган. Падышанын жатуучу жана кабыл алуучу бөлмөлөрү түстүү боёктор менен тартылган оймо-чиймелер, дубалдарга жазылган жазуулар, бронза жана таш колдонулуп жасалган рельеф, статуялар менен кооздолгон. Идеялык-көркөм чыгарманын мазмуну ошол кездеги падышалардын баатырдыгын даӊазалайт. А-нын аймагында иск-во эстеликтери б. з. ч. 4-миӊ жылдыкта бийик порталдар курушуп, андагы композициянын тактыгы, дубалга оюм-чийим салуу, кирпичтерди кыноо аркылуу кооздоо өнөрү өркүндөгөн. Гипертрофияланган адамдардын мүчөлөрүн, булчуӊдарын, келбетин рельефтерде эркин композициялар менен (Ниневиядагы Синахериба ак сарайындагы рельефтерде) чагылдырышкан. Таштан жасалган эстеликтер, падышалардын статуялары, скульптуралар жогорку чеберчиликте жасалган. Рельефтер жана статуялар менен ак сарайлардын, храмдардын ичин кооздошкон. А. живописинен сүрөттөрдүн сыныктары сакталып калган («Ассириялык эки төрө», «Арстандарга мергенчилик» ж. б., б. з. ч. 8-к., Халеб музейи). Асыл таштарга, ташка оймо-чийме, сүрөттөрдү кесип түшүрүү өнөрү кеӊири өнүккөн. Кесип оюлган таштар мөөр, тумар жана жасалга катары колдонулган. Көркөмдөп токуу, жыгач жана сөөк буюмдарын жасап, иштетүү өнүккөн. Дубалдардагы рельефке падышалардын мергенчиликтеги, жеӊиштүү жүрүштөрдөгү сүрөттөрү, муз. аспаптарда ойногон, бийлеген, ырдаган адамдардын келбети түшүрүлгөн.

Ад: ''Дьяконов И. М.'' Развитие земельных отношений в Ассирии. Л., 1949; ''Olmstead A. Е.'' History of Assyria. Chi., 1960; ''Дандамаева М. М''. Понятия «Ассирия», «Вавилония», «Месопатамия» в античной традиции // История и языки Древнего Востока: Памяти И. М. Дьяконова. СПб., 2002. | Ад: ''Дьяконов И. М.'' Развитие земельных отношений в Ассирии. Л., 1949; ''Olmstead A. Е.'' History of Assyria. Chi., 1960; ''Дандамаева М. М''. Понятия «Ассирия», «Вавилония», «Месопатамия» в античной традиции // История и языки Древнего Востока: Памяти И. М. Дьяконова. СПб., 2002. | ||
А. Орозов, Н. Жылдызова. | А. Орозов, Н. Жылдызова. |
17:44, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 -деги абалы
АССИРИЯ--Кош өзөндүн түндүгүндөгү тарыхый аймак жана байыркы мамлекет (азыркы Ирак). А-нын борбору Ашшур ш. болгон. Калкынын алгачкы этникалык курамы белгисиз. Б. з. ч. 2000-ж. калкынын көпчүлүгү семит-аккаддардан турган. Ашшур б. з. ч. 19-к-дын башында аморейлик Шамшиадад Iнин (1813‒1781) ири державасынын борбору болуп калат. 18-к-да Ашшур жана ага жанаша жайгашкан шаарлар Вавилон падышасы Хаммураппиге, ал эми 16-к-да Митанни падышаларына баш ийген. Акырындык менен А. Вавилония жана Митанниден көз карандылыктан кутулуп, Ашшурдун башкаруучусу Ашшурубаллит Iнин (15-к-дын аягы 14-к-дын башында) тушунда кайрадан күчтүү державага айланган. Анын тукумдары «Ассириянын падышалары» деген титул алышкан.
Б. з. ч. 1307‒1206-ж. аралыгында А. тарабынан Митанни, Вавилон, Закавказьедеги Наири урууларына, Кичи Азиянын түш.-чыгышына, Сирияга, Финикияга жеӊиштүү жортуулдар уюштурулган. 14‒13-к-да алар Түн. Месопотамияны толук каратууга жетишишет. Баш ийдирилген аймактардан алынуучу салыктардын эсебинен гүлдөгөн А. мамлекети 11‒10-к-да арамей урууларынын басып кирүүсүнүн натыйжасында төмөндөгөн. 10‒7-к-да темир өндүрүү жана иштетүүнүн жогорулашына байланыштуу А. кайрадан согуштук жана экон. абалын чыӊдаган. Эл аралык кырдаалдын өзгөрүүсү (Египет жана Вавилониянын начарлоосу, Хетт падышалыгынын кыйрашы) А-га баскынчыл саясатын жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн. Тиглатпаласар III (745‒727) мамл. каржылоодо турган туруктуу армияны түзүп, анын жардамы менен империядагы сепаратисттик кыймылдарды басып турган. Ассириялык аскерлер бир нече жолу Вавилонияга, Урартуга, Мидияга, Сирияга басып киришкен. 671-ж. Асархаддон Египетти, 640-жылдары Ашшурбанапал Эламды жана Түн. Аравия урууларын баш ийдирген. А-нын жүргүзгөн баскынчыл согуштары баш ийген өлкөлөрдүн, ошол эле учурда мамлекеттин өзүнүн калкын да жакырлантып, экон. абалын начарлаткан. Ага каршы түзүлгөн мамлекеттердин коалициясы (Вавилония менен Мидия) менен болгон согушта А-нын борбору Ашшур ш. кыйратылып (614), ал эми 609-ж. Харрандын алдындагы салгылашууда армиясынын калган бөлүктөрү толук талкаланган. Ошентип байыркы дүйнөлүк алгачкы империя тарыхый аренадан кеткен. Анын аймагы жеӊген мамлекеттердин курамына кирип, 6-к-дын ортосунда А. Перс империясы, 4-к-дын акыркы чейрегинде Александр Македонский тарабынан каратылган. Андан соӊ Македонскийдин аскер башчысы Селевка I Никатордун ээлигине айланган. 140-ж. бүткүл Месопотамия Парфия тарабынан каратылат. 115-ж. римдиктер парфиялыктарды талкалап, А. провинциясын түзүшкөн. Бирок көп өтпөй жерг. калктын көтөрүлүшүнөн кийин, А-нын аймагы кайрадан парфиялыктарга кайтарылган. Б. з. 3-к-да А-нын аймагы Персиянын (Сасаниддер династиясы) бийлиги астына өткөн. А-нын иск-восунун гүлдөө мезгили 13‒14-к-га таандык. Ашшур (б. з. ч. 9‒14-к.), Кальху (б. з. ч. 9-к.), Дур-Шаррукин (б. з. ч. 7‒8-к.) ш. мад-ттын тарыхый борборлору болгон. Шаардын айланасы таш түптөлгөн, бышкан кирпичтен салынган чеп-дубалдар менен курчалган. Бийик мунаралуу, дарбазалары арка түрүндө, төрт бурчтуу салынган бастиондор курулган. Шаардын борборунда чеп-сарайлары, көркөмдөлгөн, татаал пландагы көптөгөн храмдар, зиккурат-мунаралар, чарба курулуштары (Дур-Шаррукиндеги Сарогон IIнин ак сарайы) орун алган. Ак сарайлардын кире беришине басып бара жаткан канаттуу букага падышанын башын орноткон таштан чегилген статуялар ‒ «шеду» тургузулган. Падышанын жатуучу жана кабыл алуучу бөлмөлөрү түстүү боёктор менен тартылган оймо-чиймелер, дубалдарга жазылган жазуулар, бронза жана таш колдонулуп жасалган рельеф, статуялар менен кооздолгон. Идеялык-көркөм чыгарманын мазмуну ошол кездеги падышалардын баатырдыгын даӊазалайт. А-нын аймагында иск-во эстеликтери б. з. ч. 4-миӊ жылдыкта бийик порталдар курушуп, андагы композициянын тактыгы, дубалга оюм-чийим салуу, кирпичтерди кыноо аркылуу кооздоо өнөрү өркүндөгөн. Гипертрофияланган адамдардын мүчөлөрүн, булчуӊдарын, келбетин рельефтерде эркин композициялар менен (Ниневиядагы Синахериба ак сарайындагы рельефтерде) чагылдырышкан. Таштан жасалган эстеликтер, падышалардын статуялары, скульптуралар жогорку чеберчиликте жасалган. Рельефтер жана статуялар менен ак сарайлардын, храмдардын ичин кооздошкон. А. живописинен сүрөттөрдүн сыныктары сакталып калган («Ассириялык эки төрө», «Арстандарга мергенчилик» ж. б., б. з. ч. 8-к., Халеб музейи). Асыл таштарга, ташка оймо-чийме, сүрөттөрдү кесип түшүрүү өнөрү кеӊири өнүккөн. Кесип оюлган таштар мөөр, тумар жана жасалга катары колдонулган. Көркөмдөп токуу, жыгач жана сөөк буюмдарын жасап, иштетүү өнүккөн. Дубалдардагы рельефке падышалардын мергенчиликтеги, жеӊиштүү жүрүштөрдөгү сүрөттөрү, муз. аспаптарда ойногон, бийлеген, ырдаган адамдардын келбети түшүрүлгөн.
Ад: Дьяконов И. М. Развитие земельных отношений в Ассирии. Л., 1949; Olmstead A. Е. History of Assyria. Chi., 1960; Дандамаева М. М. Понятия «Ассирия», «Вавилония», «Месопатамия» в античной традиции // История и языки Древнего Востока: Памяти И. М. Дьяконова. СПб., 2002.
А. Орозов, Н. Жылдызова.