Difference between revisions of "АЙШАБҮБҮ КҮМБӨЗҮ"
м (→top: clean up, replaced: м‑н → менен, ж‑а → жана (3)) |

1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЙШАБҮБҮ КҮМБӨЗҮ''' – | '''АЙШАБҮБҮ КҮМБӨЗҮ''' – орто кылымга (12‑кылым) таандык архитектуралык эстелик. Казакстан Республикасы­нын Жамбыл облусунун Тараз (мурунку Жам­был) шаарына жакын жердеги Айшабүбү айылын­да жайгашкан. Бул көөнө эстеликти алгач 1897‑жылы В. А. Каллаур, кийин 1938–39‑жылдары А. Н. Бернштам, 1953‑жылы Казакстан ИАнын археологиялык тобу изилдешкен. Сырткы көрүнүшү төрт чар­чы келип, бурчтары мунара сыяктуу жумуру (түркүк сымал) жана бийик, төбөсү кумпа (ка­занбак сымал салынган). Күмбөз бышкан кыш­тан курулуп, маңдай жагы ар кандай айба­наттардын сүрөттөрү жана оймо‑чиймеленген жа­зуулар менен кооздолгон. Айшабүбү белгилүү та­рыхый инсан – Карахандын аялы болгондук­тан, күмбөздү Карахан салдырткан деген маа­лыматтар да бар. Айшабүбү күмбөзү Казакстан Республикасынын тарых жана маданият эстеликтеринин тизмесине киргизилип оңдолуп, калыбына келтирилип, мамлекеттик корукка алынган.

''Ш. Керимова.'' | ''Ш. Керимова.'' |
14:00, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2023 -деги абалы
АЙШАБҮБҮ КҮМБӨЗҮ – орто кылымга (12‑кылым) таандык архитектуралык эстелик. Казакстан Республикасынын Жамбыл облусунун Тараз (мурунку Жамбыл) шаарына жакын жердеги Айшабүбү айылында жайгашкан. Бул көөнө эстеликти алгач 1897‑жылы В. А. Каллаур, кийин 1938–39‑жылдары А. Н. Бернштам, 1953‑жылы Казакстан ИАнын археологиялык тобу изилдешкен. Сырткы көрүнүшү төрт чарчы келип, бурчтары мунара сыяктуу жумуру (түркүк сымал) жана бийик, төбөсү кумпа (казанбак сымал салынган). Күмбөз бышкан кыштан курулуп, маңдай жагы ар кандай айбанаттардын сүрөттөрү жана оймо‑чиймеленген жазуулар менен кооздолгон. Айшабүбү белгилүү тарыхый инсан – Карахандын аялы болгондуктан, күмбөздү Карахан салдырткан деген маалыматтар да бар. Айшабүбү күмбөзү Казакстан Республикасынын тарых жана маданият эстеликтеринин тизмесине киргизилип оңдолуп, калыбына келтирилип, мамлекеттик корукка алынган.
Ш. Керимова.