Difference between revisions of "АЖЫКЕ"
м (→top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> (2), ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (7)) |
м (Begay moved page АЖЫКЕ to АЖЫКЕ Жайлоо) |
(Айырма жок)
|
17:47, 16 Август (Баш оона) 2023 -деги абалы
АЖЫКЕ – Түш. Кыргызстандагы жайлоо, табигый кооз жер. Тар суусунун алабында. Чыгышынан Чакан‑Таш тоосу, түш.-батышынан жана батышынан Ак‑Башат, Чалкан тоо кырлары менен чектешет. Кара‑Кулжа кыш‑нан 40‑45 км түш.-чыгыш тарапта. Аянты 30 км2дей, деңиз деңг. орт. бийикт. 1800–2300 м, эң бийик жери 2600 м (Чакан‑Таш тоосунда). А‑нин түш. жана чыгыш капталы тик келип, түн.-батышка жантайыңкы. Бор мезгилинде пайда болгон акиташ тектеринен турат. Батыш жана түн.-батыш капталы палеоген‑неоген мезгилдеринин конгломерат, кумдуу чопо жана гипс тектери менен капталган. Өрөөндөн Ажыке суусу агып өтөт. Климаты континенттик, жылдык орт. темп‑расы 3,2°С, январдыкы –15,1°С, июлдуку – 15,4°С. Жылдык жаан‑чачыны 345 мм. Батыш жана түн. капталында карагай, арча токою, чыгыш жана түш. беттеринде майда бадал, сейрек арча өсөт. А‑ге талаа, токой, субальп жана альп шалбаа ландшафт алкактары мүнөздүү. Табиятына карагай, арча, четин, шилби, табылгы, дарак‑бадалдар; бетеге, шыбак ж. б. өсүмдүктөр кооздук берип турат. Жайлоого Кара‑Кулжа р‑нунун малы жайылат.