Difference between revisions of "АБСОЛЮТТУК КАРА НЕРСЕ"
м (→top: clean up, replaced: м-н → менен, ж-а → жана (3), а. и. → анын ичинде) |

1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АБСОЛЮТТУК КАРА НЕРСЕ''' – өзүнө түшкөн ар кандай жыштыктагы электр-магниттик толкундарды толук жутуучу зат. | '''АБСОЛЮТТУК КАРА НЕРСЕ''' – өзүнө түшкөн ар кандай жыштыктагы электр-магниттик толкундарды толук жутуучу зат. Абсолюттук кара нерсенин жутуу жөндөмдүүлүгүнүн коэффициенти бирге барабар,анын темппературасына жана жуткан толкундун узундугуна көз каранды эмес. Бул түшүнүктү илимге 1859-жылы немец физиги Г. Р. Кирхгоф киргизген. Ал табиятта кезикпейт жана шарттуу түрдө ичи көңдөй, жарык өткөрбөгөн, бардык бөлүктөрүнүн температурасы бирдей жана нур кире турган кичинекей тешиги бар сфера Абсолюттук кара нерсе катары алынат. Анткени мындай нерсеге тешикчеси аркылуу нур түшкөндө, анын ичинде нур көп ирет чагылып, нерсеге жутулуп (сиңип) отуруп, белгилүү бир убакыт өткөндөн кийин толук жутулат. Көөнүн нур жутуу жөндөмдүүлүгүнүн коэфф-ициенти бирге жакын болгондуктан аны да жакындатылган мааниде Абсолюттук кара нерсе деп кароого болот. Анын нур чыгаруу жөндөмдүүлүгү бирдей эле температурада ысытылган башка нерселерге салыштырмалуу жогору. | ||
[[File:АБСОЛЮТТУК КАРА НЕРСЕ55.png | thumb|none]] | [[File:АБСОЛЮТТУК КАРА НЕРСЕ55.png | thumb|none]] | ||
Абсолюттук кара нерсе нур чыгаруу жөндөмдүүлүгү анын кайсы заттан экендигине көз каранды болбостон, анын температурасы менен гана аныкталып, ''Планк нурлануу законуна'' баш ийет.

09:46, 27 Июль (Теке) 2023 -деги абалы
АБСОЛЮТТУК КАРА НЕРСЕ – өзүнө түшкөн ар кандай жыштыктагы электр-магниттик толкундарды толук жутуучу зат. Абсолюттук кара нерсенин жутуу жөндөмдүүлүгүнүн коэффициенти бирге барабар,анын темппературасына жана жуткан толкундун узундугуна көз каранды эмес. Бул түшүнүктү илимге 1859-жылы немец физиги Г. Р. Кирхгоф киргизген. Ал табиятта кезикпейт жана шарттуу түрдө ичи көңдөй, жарык өткөрбөгөн, бардык бөлүктөрүнүн температурасы бирдей жана нур кире турган кичинекей тешиги бар сфера Абсолюттук кара нерсе катары алынат. Анткени мындай нерсеге тешикчеси аркылуу нур түшкөндө, анын ичинде нур көп ирет чагылып, нерсеге жутулуп (сиңип) отуруп, белгилүү бир убакыт өткөндөн кийин толук жутулат. Көөнүн нур жутуу жөндөмдүүлүгүнүн коэфф-ициенти бирге жакын болгондуктан аны да жакындатылган мааниде Абсолюттук кара нерсе деп кароого болот. Анын нур чыгаруу жөндөмдүүлүгү бирдей эле температурада ысытылган башка нерселерге салыштырмалуу жогору.
Абсолюттук кара нерсе нур чыгаруу жөндөмдүүлүгү анын кайсы заттан экендигине көз каранды болбостон, анын температурасы менен гана аныкталып, Планк нурлануу законуна баш ийет.