Difference between revisions of "АБЕЛЯР"
м (→top: clean up, replaced: м-н → менен (3), ж-а → жана, а. и. → анын ичинде) |

1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АБЕЛЯР''' Пьер (1079, Ле-Пале, Нантка жакын – 21. 4. 1142, Бургундия, Сен-Марсель аббатчылыгы) – | '''АБЕЛЯР''' Пьер (1079, Ле-Пале, Нантка жакын – 21. 4. 1142, Бургундия, Сен-Марсель аббатчылыгы) – орто кылымдагы француз философу, теолог, акын, концептуализмдин негиздөөчүсү. 1113-жылы өз мектебин ачкан. Пьердин жаш Элоизага, кийин жеке турмушундагы трагедияга айланган сүйүүсү алардын монастырга кетиши менен аяктаган. Абелярдын көз карашына рационализм мүнөздүү. Анын ишениминин алгачкы шарты - акыл-эс («ишенүү үчүн түшүнөм» дейт). Абелярдын ою боюнча акыл-эстин сынагына туруштук бере албаган ишеним адамга арзыбайт. Чиркөө талаптары да акыл-эс менен ырасталышы керек. Ыйык жазуулар жана чиркөөнүн жашыруун сырлары гана буга муктаж эмес. Ал чындыкты изилдөөдө ар кандай ой жүгүртүүлөрдү, анын ичинде «карама-каршы ой жүгүртүүлөрдү да талкуулоо керек» - деген. Чиркөө догмаларындагы сокур ишенимден акыл-эс алда канча артык. Ыймандуулуктун (нравалуулуктун) критерийи, чен-өлчөмү - адамдын кылык-жоругу менен уят-сыйытынын өз ара шайкеш келиши. Абелярдын чыгармалары азыр да окумдуу. | ||
''Т. Эсенгелдиев.'' | ''Т. Эсенгелдиев.'' | ||

09:54, 26 Июль (Теке) 2023 -деги абалы
АБЕЛЯР Пьер (1079, Ле-Пале, Нантка жакын – 21. 4. 1142, Бургундия, Сен-Марсель аббатчылыгы) – орто кылымдагы француз философу, теолог, акын, концептуализмдин негиздөөчүсү. 1113-жылы өз мектебин ачкан. Пьердин жаш Элоизага, кийин жеке турмушундагы трагедияга айланган сүйүүсү алардын монастырга кетиши менен аяктаган. Абелярдын көз карашына рационализм мүнөздүү. Анын ишениминин алгачкы шарты - акыл-эс («ишенүү үчүн түшүнөм» дейт). Абелярдын ою боюнча акыл-эстин сынагына туруштук бере албаган ишеним адамга арзыбайт. Чиркөө талаптары да акыл-эс менен ырасталышы керек. Ыйык жазуулар жана чиркөөнүн жашыруун сырлары гана буга муктаж эмес. Ал чындыкты изилдөөдө ар кандай ой жүгүртүүлөрдү, анын ичинде «карама-каршы ой жүгүртүүлөрдү да талкуулоо керек» - деген. Чиркөө догмаларындагы сокур ишенимден акыл-эс алда канча артык. Ыймандуулуктун (нравалуулуктун) критерийи, чен-өлчөмү - адамдын кылык-жоругу менен уят-сыйытынын өз ара шайкеш келиши. Абелярдын чыгармалары азыр да окумдуу.
Т. Эсенгелдиев.