Difference between revisions of "АГРОФИТОЦЕНОЗ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 revision imported)
м (1 revision imported)
(Айырма жок)

11:37, 17 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы

 (агро..., гр. phyton ‒ өсүмдүк, koinos ‒ жалпы) ‒ а. ч. (маданий) өсүмдүктөрүнүн ээлеген аймактарда (айдоо талаасын да, огороддо, жемиш-мөмө багында ж. б.) бирге өскөн түрлөрүнүн тобу. Алар азык-түлүк, тоют ж-а кайра иштетүүчү өнөр жай үчүн чийки зат болуп эсептелет. А-ду аймактар б-ча жайгаштырууда топурак-климаттык шарттар, өзгөчө аба темп-расы, вегетация мезгилинин узактыгы чоӊ роль ойнойт ж-а рынок мыйзамына ылайык өзгөрүүлөр болуп турат. Кырг-ндын А-ун дан өсүмдүктөрү (буудай, арпа, сулу, жүгөрү), акшак ж-а белоктуу дан өсүмдүктөрү

(таруу, кара күрүч, буурчак, соя, фасоль ж. б.), тех. өсүмдүктөр (пахта, тамеки, кант кызылчасы), май өсүмдүктөрү (сафлор, күн карама, рапс, жүгөрү), жашылчалар (томат, бадыраӊ, калемпир, сабиз, пияз ж. б.), тоют өсүмдүктөрү (беде, эспарцет, силостук жүгөрү ж. б.) ж-а бахча өсүмдүктөрү (дарбыз, коон ж. б.) түзөт. Бул өсүмдүктөр жыш же жөөктө себилет. Ар бир А-дун өзүнө гана тиешелүү топурак иштетүү, сугаруу, жер семирткич чачуу, илдет ж-а отоо чөптөн коргоо системасы иштелип чыккан. Өлкөбүздүн сугат ж-а кайрак айдоолорунда жогоруда аталган А-дун катышуусу м-н которуштуруп эгүү түзүлөт. Баалуу көп фитомассаны топуракка калтырып, жерди семиртүү м-н кийинки өсүмдүктүн түшүмүн жогорулатуучу А-го беде, эспарцет сыяктуу көп жылдык чанактуу чөп өсүмдүктөрү кирет. Алынган түшүм м-н көп фитомасса кошо кетип, талаада аз гана аӊыз калдыктары калып, жерди арыктатуучу А-го кант ж-а тоют кызылчасы, пияз, сарымсак, турп, шалгам, сабиз кирет. Калган өсүмдүктөр топурактын күрдүүлүгүнө анча таасир этпейт.