Difference between revisions of "АПАХИДА"
3 -сап: | 3 -сап: | ||
оюлуп, сүрөт түшүрүлгөн айнек кубок, саптуу кылыч, бел кур, асыл таш чөгөрүлүп жасалган кооздук буюмдар, ооздук ж. б. ат жабдыктары; | оюлуп, сүрөт түшүрүлгөн айнек кубок, саптуу кылыч, бел кур, асыл таш чөгөрүлүп жасалган кооздук буюмдар, ооздук ж. б. ат жабдыктары; | ||
3-көрүстөндө асыл таш чөгөрүлгөн алтындан жасалган кооздуктар ж. б. кездешкен. Бул көрүстөндөр жогорку катмардагы аристократтар - | 3-көрүстөндө асыл таш чөгөрүлгөн алтындан жасалган кооздуктар ж. б. кездешкен. Бул көрүстөндөр жогорку катмардагы аристократтар - | ||
гепидцерге тургузулган болуу керек. Бул бай табылгалар | гепидцерге тургузулган болуу керек. Бул бай табылгалар ''Элдердин улуу көчүү'' доорунда вар­вар королдуктарынын элитасынын калыптаныш мезгилинен кабар берет.<br> |
17:31, 28 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 -деги абалы
АПАХИДА– 5-к-дын 2-жарымына таандык Трансильваниядагы археол. эстелик. Түн. Батыш Румыниядагы Клуж – Напока ш-нын чыгышында, Апахида кыш-нын аймагында бири биринен 250 мден 500 мге чейинки аралыкта жайгашкан үч көрүстөн. Алгач 1889-ж., кийин 1968–69-ж., 1978–79-ж. казылып, бирок толук изилденген эмес. Изилденген көрүстөндөн тереңдиги 2 2 м келген казанакта жыгач табытка салынып, башы кыбыланы каратып жаткызылган маркумдун сөөгү табылган. 1-көрүстөндө бетине рельефтүү сүрөт түшүрүлгөн 2 күмүш кумура алтын рим фибуласы, билерик, 3 шакек
(«omharus» жазуусу бар; монограмма; 5 крест түшүрүлгөн), асыл таш чөгөрүлүп, алтындан жасалган кооздук буюмдар ж. б.; 2-көрүстөндө
оюлуп, сүрөт түшүрүлгөн айнек кубок, саптуу кылыч, бел кур, асыл таш чөгөрүлүп жасалган кооздук буюмдар, ооздук ж. б. ат жабдыктары;
3-көрүстөндө асыл таш чөгөрүлгөн алтындан жасалган кооздуктар ж. б. кездешкен. Бул көрүстөндөр жогорку катмардагы аристократтар -
гепидцерге тургузулган болуу керек. Бул бай табылгалар Элдердин улуу көчүү доорунда варвар королдуктарынын элитасынын калыптаныш мезгилинен кабар берет.