Difference between revisions of "АКТИВДҮҮ ЧӨЙРӨ"
Jump to navigation
Jump to search
228-323>KadyrM |
м (1 revision imported) |
(Айырма жок)
|
21:27, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы
‒ бөлүкчөлөрдүн (атом, молекула, ион) энергетикалык абал б-ча теӊсалмаксыз бөлүштүрүлүшү ж-а энергия деӊгээлинин кеминде бир түгөйү үчүн жыштык инверсия аткарылуучу зат. Эгерде кванттык күчөткүч коэфф-и А. ч-дө энергиянын азаюу (жоготуу) коэфф-инен көбүрөөк болсо, анда А. ч. аркылуу өтүүчү резонанстык электр-магниттик нурлануу су күчөйт. А. ч. кванттык электроникадагы приборлордун (кванттык күчөткүч, кванттык генератор) негизги элементтеринин бири. Атомардык ж-а молекулалык газдар, жарым өткөргүчтөр ж-а плазма А. ч. болушу мүмкүн (к. Лазер, Мазер).