Difference between revisions of "АНГЛЕЗИТ"
Jump to navigation
Jump to search
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АНГЛЕЗИТ | '''АНГЛЕЗИТ''' [алгачкы жолу табылган Англси аралынын (Улуу Британия) атынан], коргошун купоросу – минерал, сульфаттар классына кирет. Химиялык формуласы Pb(S0<sub>4</sub>). Ромб сингониясында кристаллданат. Өңү ак келип, саргыч же жашыл түстөр кошумчаланып турат. Алмаз сымал жалтырайт. Катуулугу ''Моос шкаласы'' боюнча 2,5–3, тыгыздыгы 6380 ''кг/м3.'' Салыштырма салмагы 6,4. Негизинен коргошун, цинк, сульфид кендеринин кычкылдануу зоналарында галениттин өзгөрүшүнөн пайда болот. Англезит – коргошундун негизги кенташы (рудасы). | ||
кирет. |
11:03, 25 Сентябрь (Аяк оона) 2023 -деги абалы
АНГЛЕЗИТ [алгачкы жолу табылган Англси аралынын (Улуу Британия) атынан], коргошун купоросу – минерал, сульфаттар классына кирет. Химиялык формуласы Pb(S04). Ромб сингониясында кристаллданат. Өңү ак келип, саргыч же жашыл түстөр кошумчаланып турат. Алмаз сымал жалтырайт. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 2,5–3, тыгыздыгы 6380 кг/м3. Салыштырма салмагы 6,4. Негизинен коргошун, цинк, сульфид кендеринин кычкылдануу зоналарында галениттин өзгөрүшүнөн пайда болот. Англезит – коргошундун негизги кенташы (рудасы).