Difference between revisions of "АНТЕННА"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
1 -сап: 1 -сап:
'''АНТЕННА'''  (лат. ''antenna'' – мачта, бийик мамы) – толкун талааларын өзгөрткүч; радиотолкундарды кабыл алуучу ж-а таратуучу түзүлүш. Толкун таратуучу А. келген электр-магниттик термелүүлөрдүн энергиясын радиотолкундардын  энергиясына өзгөртөт. Кабыл алуучу A-да, тескерисинче, келүүчү радиотолкундардын энергиясын электр-магниттик термелүүлөрдү кабыл алгычтын кириш термелүү контурундагы энергияга айландырылат. А-нын формасы, өлчөмү ж-а констр-сы таралуучу ж-а кабыл алынуучу радиотолкундардын узундугуна ж-а А-ны пайдалануунун максатына жараша алынат. Көбүнчө бир эле А. толкунду таратат ж-а кабыл алат. Таратуучу А. катары колдонулган вибраторду  пайдаланып, 1888-ж. немец физиги Г. Герц (Герц  диполу) 1=0,6-10 ''м'' толкун узундуктагы электрмагниттик толкундарды алган. 1895-96-ж. орус  илимпозу А. С. Попов ж-а ага байланышпастан эле итал. инженер Г. Маркони биринчи кабыл алуучу А-ны ойлоп чыгарышкан. Көпчүлүк учурларда толкун таралуучу радиотолкундун интенсивдүүлүгү анын багытына жараша болот.  Таралуучу кубаттуулуктун көбөйүшүн сан жагынан баалоо үчүн багытталган аракеттенүү коэфф-и (БАК) киргизилген. Узун толкундарды  таратууда колдонулуучу А-нын бийикт. 300 ''м''ге  жетет. Узун толкунду горизонталь тегиздикте  таратуу талап кылынса, активдүү вибратордон  ж-а пассивдүү рефлектордон түзүлгөн татаал А.  пайдаланылат. Орт. толкундарды кабыл алууда рама түрүндөгү магнит А-лары колдонулат.  Кыска толкундуу А. байланыш линиясынын  узундугуна жараша аныкталат. Өтө кыска толкундуу байланышта синфазалуу ж-а ромбдук  А-лар пайдаланылат. Толкундун таралуу аймагын кеңейтүү үчүн А-лар бийикт. 100-300 ''м'' ж-а  андан да бийик мунарага же мачтага орнотулат. Телекөрсөтүү симметриялуу вибратор, «толкун каналы» тибиндеги А-лар м-н кабыл алынат. Өтө жогорку жыштыктагы радиорелелик    байланыш линиясында, радиолокацияда, космостук байланышта ж-а радиоастрономияда  синфазалык беттик А-лар кеңири таралган. Бул  толкундарда колдонулган линзалуу А. линзадан ж-а анын фокусуна орнотулган нурланткычтан турат. Линзалуу А-нын бир түрү – рупордуу-линзалуу А. чоң бурчка (60—70°ка) айлана турган рупордон ж-а анын чыгуучу жерине орнотулган линзадан түзүлүп, ал радиолокатордо  колдонулат. Өтө жогорку жыштыктуу, күзгүлүү  А. параболоид түспөлдүү металл күзгүдөн ж-а  нурланткычтан туруп, нурланткыч параболоиддин фокусуна орнотулат. Нурланткыч катары  рупор, кичине рефлекторлуу вибратор, спираль  алынат. Өтө жогорку жыштыктуу толкундарды таратуу ж-а кабыл алуу үчүн спиралдуу ж-а диэлектрдик А-лар, импеданс А-сы пайдаланылууда. Радио байланышында кыска, метрдик  ж-а сантиметрдик толкундар диапазонунда  иштөөчү, жыштыкка көз каранды эмес А-лар  кеңири колдонулуп жатат. Мындай А-нын кеңири таралган түрү – логомезгилдүү А.<br> ''Ад''.: ''Цейтман. Н. М.'' Антенная техника и радиоастрономия. М., 1976; ''Кинг'' Р., ''Смегт'' Г. Антенны в материальных сферах: В 2 кн. М., 1984.
'''АНТЕННА'''  (лат. ''antenna'' – мачта, бийик мамы) – толкун талааларын өзгөрткүч; радиотолкундарды кабыл алуучу ж-а таратуучу түзүлүш. Толкун таратуучу А. келген электр-магниттик термелүүлөрдүн энергиясын радиотолкундардын  энергиясына өзгөртөт. Кабыл алуучу A-да, тескерисинче, келүүчү радиотолкундардын энергиясын электр-магниттик термелүүлөрдү кабыл алгычтын кириш термелүү контурундагы энергияга айландырылат. А-нын формасы, өлчөмү ж-а констр-сы таралуучу ж-а кабыл алынуучу радиотолкундардын узундугуна ж-а А-ны пайдалануунун максатына жараша алынат. Көбүнчө бир эле А. толкунду таратат ж-а кабыл алат. Таратуучу А. катары колдонулган вибраторду  пайдаланып, 1888-ж. немец физиги Г. Герц (Герц  диполу) 1=0,6-10 ''м'' толкун узундуктагы электрмагниттик толкундарды алган. 1895-96-ж. орус  илимпозу А. С. Попов ж-а ага байланышпастан эле итал. инженер Г. Маркони биринчи кабыл алуучу А-ны ойлоп чыгарышкан. Көпчүлүк учурларда толкун таралуучу радиотолкундун интенсивдүүлүгү анын багытына жараша болот.  Таралуучу кубаттуулуктун көбөйүшүн сан жагынан баалоо үчүн багытталган аракеттенүү коэфф-и (БАК) киргизилген. Узун толкундарды  таратууда колдонулуучу А-нын бийикт. 300 ''м''ге  жетет. Узун толкунду горизонталь тегиздикте  таратуу талап кылынса, активдүү вибратордон  ж-а пассивдүү рефлектордон түзүлгөн татаал А.  пайдаланылат. Орт. толкундарды кабыл алууда рама түрүндөгү магнит А-лары колдонулат.   
[[File:АНТЕННА_103.png | thumb | Зор радиотелескоптун 27 антеннадан турган комплекси.]]
[[File:АНТЕННА_103.png | thumb | Зор радиотелескоптун 27 антеннадан турган комплекси.]]
Кыска толкундуу А. байланыш линиясынын  узундугуна жараша аныкталат. Өтө кыска толкундуу байланышта синфазалуу ж-а ромбдук  А-лар пайдаланылат. Толкундун таралуу аймагын кеңейтүү үчүн А-лар бийикт. 100-300 ''м'' ж-а  андан да бийик мунарага же мачтага орнотулат. Телекөрсөтүү симметриялуу вибратор, «толкун каналы» тибиндеги А-лар м-н кабыл алынат. Өтө жогорку жыштыктагы радиорелелик    байланыш линиясында, радиолокацияда, космостук байланышта ж-а радиоастрономияда  синфазалык беттик А-лар кеңири таралган. Бул  толкундарда колдонулган линзалуу А. линзадан ж-а анын фокусуна орнотулган нурланткычтан турат. Линзалуу А-нын бир түрү – рупордуу-линзалуу А. чоң бурчка (60—70°ка) айлана турган рупордон ж-а анын чыгуучу жерине орнотулган линзадан түзүлүп, ал радиолокатордо  колдонулат. Өтө жогорку жыштыктуу, күзгүлүү  А. параболоид түспөлдүү металл күзгүдөн ж-а  нурланткычтан туруп, нурланткыч параболоиддин фокусуна орнотулат. Нурланткыч катары  рупор, кичине рефлекторлуу вибратор, спираль  алынат. Өтө жогорку жыштыктуу толкундарды таратуу ж-а кабыл алуу үчүн спиралдуу ж-а диэлектрдик А-лар, импеданс А-сы пайдаланылууда. Радио байланышында кыска, метрдик  ж-а сантиметрдик толкундар диапазонунда  иштөөчү, жыштыкка көз каранды эмес А-лар  кеңири колдонулуп жатат. Мындай А-нын кеңири таралган түрү – логомезгилдүү А.<br> ''Ад''.: ''Цейтман. Н. М.'' Антенная техника и радиоастрономия. М., 1976; ''Кинг'' Р., ''Смегт'' Г. Антенны в материальных сферах: В 2 кн. М., 1984.

16:30, 23 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 -деги абалы

АНТЕННА (лат. antenna – мачта, бийик мамы) – толкун талааларын өзгөрткүч; радиотолкундарды кабыл алуучу ж-а таратуучу түзүлүш. Толкун таратуучу А. келген электр-магниттик термелүүлөрдүн энергиясын радиотолкундардын энергиясына өзгөртөт. Кабыл алуучу A-да, тескерисинче, келүүчү радиотолкундардын энергиясын электр-магниттик термелүүлөрдү кабыл алгычтын кириш термелүү контурундагы энергияга айландырылат. А-нын формасы, өлчөмү ж-а констр-сы таралуучу ж-а кабыл алынуучу радиотолкундардын узундугуна ж-а А-ны пайдалануунун максатына жараша алынат. Көбүнчө бир эле А. толкунду таратат ж-а кабыл алат. Таратуучу А. катары колдонулган вибраторду пайдаланып, 1888-ж. немец физиги Г. Герц (Герц диполу) 1=0,6-10 м толкун узундуктагы электрмагниттик толкундарды алган. 1895-96-ж. орус илимпозу А. С. Попов ж-а ага байланышпастан эле итал. инженер Г. Маркони биринчи кабыл алуучу А-ны ойлоп чыгарышкан. Көпчүлүк учурларда толкун таралуучу радиотолкундун интенсивдүүлүгү анын багытына жараша болот. Таралуучу кубаттуулуктун көбөйүшүн сан жагынан баалоо үчүн багытталган аракеттенүү коэфф-и (БАК) киргизилген. Узун толкундарды таратууда колдонулуучу А-нын бийикт. 300 мге жетет. Узун толкунду горизонталь тегиздикте таратуу талап кылынса, активдүү вибратордон ж-а пассивдүү рефлектордон түзүлгөн татаал А. пайдаланылат. Орт. толкундарды кабыл алууда рама түрүндөгү магнит А-лары колдонулат.

Зор радиотелескоптун 27 антеннадан турган комплекси.


Кыска толкундуу А. байланыш линиясынын узундугуна жараша аныкталат. Өтө кыска толкундуу байланышта синфазалуу ж-а ромбдук А-лар пайдаланылат. Толкундун таралуу аймагын кеңейтүү үчүн А-лар бийикт. 100-300 м ж-а андан да бийик мунарага же мачтага орнотулат. Телекөрсөтүү симметриялуу вибратор, «толкун каналы» тибиндеги А-лар м-н кабыл алынат. Өтө жогорку жыштыктагы радиорелелик байланыш линиясында, радиолокацияда, космостук байланышта ж-а радиоастрономияда синфазалык беттик А-лар кеңири таралган. Бул толкундарда колдонулган линзалуу А. линзадан ж-а анын фокусуна орнотулган нурланткычтан турат. Линзалуу А-нын бир түрү – рупордуу-линзалуу А. чоң бурчка (60—70°ка) айлана турган рупордон ж-а анын чыгуучу жерине орнотулган линзадан түзүлүп, ал радиолокатордо колдонулат. Өтө жогорку жыштыктуу, күзгүлүү А. параболоид түспөлдүү металл күзгүдөн ж-а нурланткычтан туруп, нурланткыч параболоиддин фокусуна орнотулат. Нурланткыч катары рупор, кичине рефлекторлуу вибратор, спираль алынат. Өтө жогорку жыштыктуу толкундарды таратуу ж-а кабыл алуу үчүн спиралдуу ж-а диэлектрдик А-лар, импеданс А-сы пайдаланылууда. Радио байланышында кыска, метрдик ж-а сантиметрдик толкундар диапазонунда иштөөчү, жыштыкка көз каранды эмес А-лар кеңири колдонулуп жатат. Мындай А-нын кеңири таралган түрү – логомезгилдүү А.
Ад.: Цейтман. Н. М. Антенная техника и радиоастрономия. М., 1976; Кинг Р., Смегт Г. Антенны в материальных сферах: В 2 кн. М., 1984.