Difference between revisions of "АК-ТАЛАА"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
228-323>KadyrM
 
м (1 revision imported)
(Айырма жок)

21:27, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы

‒ Нарын обл-нун Нарын р-ндагы кыштак. Эмгек-Талаа айыл аймагынын борбору. Нарын д-нын оӊ жээгинде, деӊиз деӊг. 1860м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Нарын ш-нан 32 км батыш тарапта, Балыкчы темир жол бекетинен 212 км аралыкта. 1930-ж. орношкон. Калкы 1050 (2009); негизинен мал чарбасында ж-а дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, клуб, китепкана, ФАП, мончо, тегирмен бар. Кыштактын четинде ипподром курулган.

==Ак-талаа району ==Нарын обл-нун түш.-батыш бөлүгүндө жайгашкан. Чыгышынан Нарын,

АК-ТАЛАА7.png

түндүгүнөн Жумгал, түштүгүнөн Ат-Башы р-ндору, батышынан Жалал-Абад обл-нун Тогуз-Торо ж-а Ош обл-нун Өзгөн р-ндору м-н чектешет. Аянты 6,4 миӊ км2 (Нарын обл-нун аймагынын 14,2% түзөт). Район 1939-ж. түзүлгөн. Калкы 30,6 миӊ (2009). Район 13 айыл аймагына бөлүнгөн. Райондо 18 кыштак бар. Борбору ‒ Баетов кыш.
Райондун аймагы Ортонку Нарын өрөөнүндө жайгашкан. Түндүгүнөн Молдо-Тоо , түштүгүнөн Жаман-Тоо , түш.-батышынан Фергана тоо тизмеги м-н курчалган. Райондун аймагы деӊиз деӊг. 1170‒4737 м бийиктикте. Кен байлыкта рынан курулуш материалдарынын кендери бар. Климаты континенттик, кышы суук, узак, кар аз түшөт, жайы мелүүн, жылуу. Январдын орт. темп-расы ‒25°С... ‒30°С, июлдуку 25°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны 300‒500 мм. Суу тармактары жыш; ирилери: Нарын, Алабуга, Жаман-Даван, Жерге-Тал , Коӊорчок, Мазар, Ак-Тал, Коргон, Куртка ж. б. Райондун түн. бөлүгүндө Соӊкөл жайгашкан. Боз ж-а күрөӊ топурак басымдуу. Боз топурактуу жерлеринде шыбак, эрмен, кара бүргөн, эбелек ж. б., тоолуу бөлү гүндө бетеге өсөт. Климаттын кургак болгонду гуна байланыштуу чөл, жарым чөл ж-а талаа ландшафттары кеӊири таралган. Түзөӊдөрдө ж-а тектирлерде шыбак-эфемер өсүмдүктүү чөл, жарым чөл басымдуу; топурагы агыш коӊур же бозомтук күрөӊ топурактуу. Чаптуу жерлерде өсүмдүктөр өтө сейрек, бирин-серин баялыш, кара бүргөн, адырашман, чекенде, терескен, эбелек ж. б. өсүмдүктөр; батыш жагында ж-а Ала-Бука өрөөнүндө, таш-шагылдуу жерлерде төөтаман, тикендүү куурай кезигет.
Райондо облустун калкынын 11,7% жашайт. Төрөлүүнүн деӊгээли (2001-ж.) 24,7‰, өлүм-житим ‒ 7,8‰, табигый өсүш ‒ 16,9‰. Калкынын 99,9% кыргыздар; 45,8%и эмгек жашына чейинкилер, 46,1% эмгек жашындагылар, 8,1% эмгек жашынан өткөндөр. Орт. жыштыгы: 1км2 жерге 4,8 киши. 2002-ж. районго көчүп келгендердин саны 154, кеткендердики 350 адам болгон. 13,5 миӊ эмгек жашындагы кишинин ичинен 1087 билим берүү, 536 саламаттыкты сактоо, 204 байланыш ж-а транспорт, 185 коммуналдык ж-а курулуш чөйрөлөрүндө, 6790 дыйкан ж-а фермер чарбаларында иштейт.
Райондун экономикасынын негизин мал чарбасы түзөт. Райондо 2003-ж. 106,1 миӊ кой-эчки, 12,6 миӊ бодо мал, 11,2 миӊ жылкы, 18,8 миӊ үй кушу болгон; 7,8 миӊ т эт (облуста өндүрүлгөн эттин 15,3%), 18,5 миӊ т сүт (14,7%), 303 т жүн (15,3%), 730 миӊ даана жумуртка (11,9%) өндүрүлгөн. А. ч.га жарактуу жери 389,6 миӊ га. Көпчүлүк жери (369,5 миӊ га) жайыт, 15,0 миӊ га жайлоо. Айдоо аянты 16,9 миӊ га, анын 15,7миӊ гасы сугат жер, 1,6 миӊ га чабынды, 9,0 га көп жылдык өсүмдүктөр. Дан эгиндери (15 миӊ т), картошка (7,2 миӊ т), жашылча (2,3миӊ т) жыйналган (2003).
Райондо мамл., 5176 дыйканчылык (фермердик), 9 биргелешкен чарбалар иштейт. 2003-ж. 2,4 млн сомдук өнөр жай продукциясын өндүргөн. Район облуста өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын 5,4%ин берет. Райондо негизинен автомобиль транспорту өнүккөн. 2003-ж. жүк ташуу 72,1 миӊ т, жүргүнчү 436,8 миӊ адам (а. и. автобус м-н 429,7 миӊ, такси м-н 7,1 миӊ адам) ташылган.
Райондо 2003/04-окуу жылында 18 орто (9279 окуучу, 854 мугалим), 3 башталгыч мектеп (220 бала, 8 мугалим), кесиптик-тех. лицей (287 окуучу, 39 мугалим) болгон. Райондо борб. ж-а 3 участкалык оорукана, диспансер, санитария -эпидемиологиялык станция, 10 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 9 ФАП (2003-ж.), 19 китепкана, 19 клуб, 2 кинотеатр иштейт (2002). Райондук «Айыл турмушу» гезити чыгат.
Э. Жолочиева, А. Мырзаев.