Difference between revisions of "АНАНД МУЛК РАДЖ"
м (Mariya moved page АНАНД to АНАНД МУЛК РАДЖ) |
|
(Айырма жок)
|
17:22, 18 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 -деги абалы
АНАНД Мулк Радж (12. 12. 1905, Пешавар - 28. 9. 2004) – инди жазуучусу, илимпоз ж-а коомдук ишмер. Англис тилинде жазган. 1929-ж. Лондон университетин бүтүргөн. Философия илимдеринин доктору, Пенжаб университетинин проф. (1962). 1936-ж. Индия прогрессчил жазуучуларынын ассоциациясын уюштурган. Ал алгачкы «Кол тийбес» (1935), «Кыштак» (1939) деген чыгармаларында карапайым жумушчулардын, кедей-дыйкандардын оор турмушун сүрөттөйт. А. – «Индия раджасынын жеке турмушу» (1953), «Жол» (1961), «Баатырдын өлүмү» (1963) ж. б. прозалык чыгармалардын автору. «Жети жыл» (1951) ж-а «Тад супасы» (1964), «Сүйгөндүн дилинен чыккан сөз» (1976) аттуу автобиографиялык үчилтигинде колониализмдин калдыктарын айыптаган. Анын «Кулдар» (1936), «Кылыч жана орок» (1942) аттуу романдарында социалдык маселелер козголуп, карапайым калктын жашоо турмушун чагылдырат. М. Р. Ананд – Тынчтыктын эл аралык сыйлыгынын лауреаты (1953).