Difference between revisions of "АМАНБАЕВ Акмат"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
(Айырма жок)

16:37, 17 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 -деги абалы

АМАНБАЕВ Акмат (1920, Нарын обл., Тянь-Шань р-ну, Кара-Булак айылы – 1964, Фрунзе) – композитор, Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери (1963)

1935-38-ж. Москвадагы Ипполитов-Иванов атындагы музыкалык техникумда окуган. 1939-ж. Кыргыз искусствосунун Москвада өткөн 1-декадасында оркестрдин
дирижёру катары катышкан. 1940-ж. Москвадагы П. И. Чайковский атн. консерваториянын улуттук студиясынын композиция бөлүмүнө кирген.
1945-ж. Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайынын, 1946-51-ж. Кыргыз филармониясынын директору болуп иштеген. Аманбаев ар түрдүү жанрдагы чыгармалары: К. Жантөшевдин «Ким кантти» (1943, А. Малдыбаев, М. Абдраев, А. Түлөев м-н бирге); «Айдар жана Айша» опералары (1952, С. Л. Германов м-н бирге); «Жаштар маршы», «Партия жөнүндө ода», «Эмне үчүн», «Фрунзем» ырлары, «Үч бөлүмдүү квартети», «Скрипка үчүн үч бөлүмдүү сюитасы» ж. б. хорлору бар. 1-4-класстар үчүн жалпыга билим берүүчү мектептердин «Ырдоо» аттуу окуу китебинин (Н. Давлесов м-н бирге) ж. б. автору. «Ардак Белгиси» ордени ж-а медаль м-н сыйланган.

АМАНБАЕВ 1 31.png

Ад.: АлагушовБ. Кыргыз композиторлору. Ф., 1964; Виноградов В. Кыргыз ССРинин музыкалык маданияты. Ф., 1958.