Difference between revisions of "АК-СУУ САНАТОРИЙИ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
228-323>KadyrM
 
м (1 revision imported)
(Айырма жок)

21:27, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы

‒ Каракол (Пржевальск) ш-нан 15 км аралыкта, бийик тоолуу Ак-Суу өрөөнүндө деӊиз деӊг. 1950 м бийиктикте жайгашкан бальнеологиялык дарылоо мекемеси. Аймагында карагай, четин, бөрү карагат 
Санаторийде дарыланып жаткан балдар.

ж. б. мөмөлүү өсүмдүктөр өсөт. Ак-Суунун ысык дары суулары жерг. элге небактан бери белгилүү болгон. 2 ванна корпусу ж-а 2 барак тибиндеги жай курулган. 1957-жылдан бери балдардын шал ооруларын (полимиелит) дарылоочу жыл бою иштөөчү санаторий. Анын климатына жайы-кышы тоӊбогон Ысык-Көл, бийик тоо ж-а узун, тар капчыгай таасирин тийгизет. Тоо климаты м-н деӊиз климатынын айкалышып турушу кыштын жумшак, жайдын салкын болушун камсыз кылат. Ысык, өтө ысык ж-а радиоактивдүүлүгү төмөн азот газы аралаш минералдуу суулар дарылоонун негизин түзөт. Курортто жерден чыккан тогуз булак бар. Алардын ичинен дарылык үчүн ¹1 булактан чыккан ысык суу гана колдонулат. Андагы минерал заттар бир литрде 350 гга жетет. Хим. составы б-ча Ысык-Атанын арашан суусуна жакын, бирок аниондордон хлорид м-н сульфаттар, катиондордон натрий, калий м-н кремний к-тасы көптүк кылат. Жерден өзү атылып чыккан суулар өтө ысык болгондуктан (57°С) адегенде муздаткыч бассейнге агып келип, андан кийин ванналарга барып, керектелүүчү темп-рада колдонулат. ¹ 4 булактын суусу ичилет. Оорулуу балдарды айыктырууда анын минералдуу суулары жакшы жардам көрсөтөт. Д. Алымкулов.