Difference between revisions of "АК-СУУ - Аксы районундагы кыштак."
Jump to navigation
Jump to search
228-323>KadyrM |
м (1 revision imported) |
(Айырма жок)
|
21:27, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы
‒ Жалал-Абад обл-нун Аксы р-ндагы кыштак, Ак-Суу айыл аймагынын борбору. Бозбу-Тоонун түш. этегинде, деӊиз деӊг. 1040 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Кербен шаарынан 75 км түш.-чыгыш тарапта. Таш-Көмүр темир жол бекетинен 35 км. 1930-ж. орношкон. Калкы 2645 (2009). Негизинен мал чарбасында, дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, бала бакча, оорукана, дарыкана, клуб, китепкана, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштакта кыргыз эл акыны Т. Үмөталиев, Соц. Эмг. Баатыры Э. Андабеков туулган.