Difference between revisions of "АЛТАЙ тоосу"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
1 -сап: 1 -сап:
(түркчө «алтан» – алтындай; хакасча -
(түркчө «алтан» – алтындай; хакасча -
 
б�
б�
бийик тоо, тоолуу өлкө) – 1) Россия, МЭР ж-а
бийик тоо, тоолуу өлкө) – 1) Россия, МЭР ж-а

17:23, 10 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 -деги абалы

(түркчө «алтан» – алтындай; хакасча -

б� бийик тоо, тоолуу өлкө) – 1) Россия, МЭР ж-а Кытайдын аймактарындагы тоо тизмеги. Уз. 2000 кмден ашык. Обь, Иртыш, Енисейдин ж-а Борб. Азия туюк аймагынын дарыяларынын өтө

АЛТАЙ. Орографиялык схема

Сан менен тоо аралык өрөөндөр белгиленди:
Кан талаасы
Абай талаасы
Котанды талаасы
Масштабы 1: 28 000 000
Масштабы 1: 5 500 000

тармактанган суу бөлгүч тоо системаларынан турат. Эң бийик чокусу – Белуха (4506 м). А-дын өзүнө (же Орус A-на), Моңгол Алтайына ж-а Гоби Алтайына бөлүнөт. А-дын өзү геол. түзүлүшүнө ж-а өнүгүү тарыхына карай каледон мезгилинде пайда болгон. Тоолуу А-га ж-а герцин мезгилинде пайда болгон Кендүү Алтайга ажыратылат. А. тоолору Урал-Моңгол геосинклиналь кырчоосунун ж-а Сибирь платформасынын түш. чет жакасынын кайтадангыс көтөрүлүшүнөн пайда болгон. Чөкмө, метаморфизмделген ж-а жанар тоо тектеринен, жиреп чыккан интрузиялардан турат. Кен байлыктары: темир рудасы, сымап, асыл ж-а түстүү металл (Кендүү А.). Ысык булактары: Абакан, Белокуриха, Рахманов ж-а Жумалы. Чыгышы м-н түштүгүндө Катунь, Түн. ж-а Түш. Чүй бийик кырка тоолору, түндүгү м-н батышында орто бийик Уба, Чергинский, Бащелак кырка тоолору ж. б. тайпац жондуу калдык тоо массивдери жайгашкан. Талаа деп аталган тоо аралык ири өрөөндөр (Чүй, Курай) бар. Климаты континенттик. Кышы катаал ж-а көпкө созулат. Январдын орт. темп-расы тоо этектеринде –15°Сден –28°Сге, тоо аралык өрөөндөрдө (мында темп-pa инверсиясы болот) –32°Сге чейин. Жайы салыштырмалуу кыска ж-а мелүүн; июлдун орт. темп-расы тоо этектеринде 19–22°С, бийик тоолордо 14–16°С. А-дын батыш ж-а түн.-чыгышындагы нымдуу айдарым капталдарында жылдык жаан-чачындын өлчөмү 1200 чөмү 1200 ммге, түш.-чыгыш капталдарында 200 ммге чейин. Тоо-өрөөн шамалдары (фён) мүнөздүү. 1500дөй мөңгү (жалпы аянты 900 0 км2ден ашык) белгилүү. Дарыя тармактары көп. Ирилери: Катын, Буктурма, Бий, Чүй. 3500дөн ашуун көл бар, анын көбү бөгөт көлдөр. Эң чоңдору: Марка-Көл, Төлөс (Алтын-Көл).л).

A-да ландшафттын бийиктик алкактуулугу даана байкалат. Түн. ж-а батыш тоо этектеринде 400–700 м бийиктикке чейин түркүн чөп өсүмдүктүү шалбаалуу талаа, 1200–1500 мге чейин шыбак-бетегелүү талаа жайгашкан. Too токойлорунда (аймагынын 2/3 бөлүгүнө жакынын ээлейт) кызыл карагай (2000–2200 мге чейин) басымдуу. Түндүгүндө ийне жалбырактуу токой (а. и. кедр токою) өсөт. Бийик чөптүү шалбаа, айрым жерлеринде тоолуу талаа мүнөздүү. Бийик тоолуу (бийикт. 1800–2400 0 м) субальп бадалы жогорулаган сайын кыска чөптүү альп шалбаасына өтөт. Чыгыш ж-а түн.-чыгыш аймагында тоолуу тундра (бадалдуу, мамык чөп-эңилчектүү, таш-шагылдуу тундра), андан жогору аска, шагыл, кар-мөңгү каптал жатат. A-да � Алтай коругу уюшулган.
2) Алтай крайы ээлеген аймактын көп колдонулуучу аты. А-да 5 табигый аймак өзгөчө коргоого алынган; алар – Алтай коругу, Төлөс (Телец) көлүнүн тегереги, Катын коругу, Белуха паркы ж-а 4 көк бейкут зонасы. Булар жалпы Алтайдын «Алтын тоолору» деп аталып, 1998- жылдан н Буткул дуйнөлук мурастын. тизмесине катталган. Марка-Көл коругунда табигый ландшафттар ж-а айрым табият эстеликтери да корголот. А-дын экономикасы жөнүндө к. Алтай крайы, Алтай (Алтай Респ.), Тува макалаларын.
Ад.: Михайлов Н. И. Горы Южной Сибири. М., 1961; Большой Атлас. Сб., т. 1-3. М., Л., 1934-36;

Давыдов М. И., Раковская Э.М., Тушинский Г. К. Физическая география СССР. Том 2: Азиатская часть СССР. Современные проблемы физической географии. М., 1990.90.