Difference between revisions of "АК СЕРКЕ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
228-323>KadyrM
 
м (1 revision imported)
(Айырма жок)

21:27, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы

‒ кыргыздын улуттук тамактарынын бири; эзилген сүзмө, курут же айран катыкталган шорпо. А. шорпого азыраак суу кайтарып, 

кесме салып бышырып, сүзүп алгандан кийинки кесменин шорпосуна кымыз, айран же эзилген сүзмө, курут катыктоо м-н даярдалат. Эттин шору, кесменин маӊызы, катыктын ачкылы ‒ үчөө кошулган А. ток ж-а даамдуу болот. А. тамакты сиӊирүү үчүн суусундук катарында «беш бармактан» кийин ичилет.