Difference between revisions of "АЛИМЖАНОВ Ануар Турлыбек уулу"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
1 -сап: 1 -сап:
'''АЛИМЖАНОВ''' Ануар Турлыбек улы (12. 5. 1930, Алматы обл., Сарканд р-ну, Карлыгаш айылы ‒ 9. 11. 1993, Алматы) ‒ казак жазуучусу. Казак мамл. ун-тин бүтүргөн (1954). Орус тилинде жазган. «Алма-Атинская правда», «Литературная газета» (Россия), «Ленинская смена», «Правда» (Россия) гезиттеринде иштеген. «Казакфильм» студиясынын, «Казак адабияты» гезитинин башкы редактору, Казакстан ЖСнун 1-секретары, Казакстан тарых ж-а мад-т эстеликтерин коргоо б-ча борб. кеӊештин төрагасы болгон. Алгачкы аӊгеме, очерк, публ. макалалары 1952-ж. жарык көргөн. А. ‒ «Ак дос, сары дос, кара дос» (1958), «Достор жолугушканда » (1958), «Суу менен, кургак менен элүү миӊ миль» (1962), «Күнгө бет алган кербен» (1962), «Көгүлтүр тоолор» (1964, 1967), «Жалындаган найза» (1965) ж. б. учурдагы проблемалар ж-дөгү китептердин автору. Ага «Күнгө бет алган кербен», «Көгүлтүр тоолор» аттуу китептери үчүн Казак ССР мамл. сыйл. (1965, 1967), «Отрар сувенири» повести, Индия ж-дөгү чыгармалары үчүн Джавахарлал Неру атн. сыйл. (1969) берилген. Ал өмүрүнүн акыркы жылдары «Махамбеттин жебеси» (1969), «Чабарман » (1974), «Мугалимдин кайтып келүүсү» (1979), «Эл жолу» (1984) аттуу тарыхый романдарын жазган. А-дун чыгармалары Азия, Африка, Европа элдеринин тилдерине которулган.<br>
'''АЛИМЖАНОВ''' Ануар Турлыбек улы (12. 5. 1930, Алматы обл., Сарканд р-ну, Карлыгаш айылы ‒ 9. 11. 1993, Алматы) ‒ казак жазуучусу. Казак мамлекеттик университетин бүтүргөн (1954). Орус тилинде жазган. «Алма-Атинская правда», «Литературная газета» (Россия), «Ленинская смена», «Правда» (Россия) гезиттеринде иштеген. «Казакфильм» студиясынын, «Казак адабияты» гезитинин башкы редактору, Казакстан Жазуучулар Союзунун 1-секретары, Казакстан тарых ж-а маданият эстеликтерин коргоо б-ча борбордук кеӊештин төрагасы болгон. Алгачкы аӊгеме, очерк, публицистикалык макалалары 1952-ж. жарык көргөн. А. ‒ «Ак дос, сары дос, кара дос» (1958), «Достор жолугушканда » (1958), «Суу менен, кургак менен элүү миӊ миль» (1962), «Күнгө бет алган кербен» (1962), «Көгүлтүр тоолор» (1964, 1967), «Жалындаган найза» (1965) ж. б. учурдагы проблемалар жөнүндөгү китептердин автору. Ага «Күнгө бет алган кербен», «Көгүлтүр тоолор» аттуу китептери үчүн Казак ССР мамлекеттик сыйлыгы (1965, 1967), «Отрар сувенири» повести, Индия жөнүндөгү чыгармалары үчүн Джавахарлал Неру атындагы сыйлыгы (1969) берилген. Ал өмүрүнүн акыркы жылдары «Махамбеттин жебеси» (1969), «Чабарман » (1974), «Мугалимдин кайтып келүүсү» (1979), «Эл жолу» (1984) аттуу тарыхый романдарын жазган. А. Алимжановдун чыгармалары Азия, Африка, Европа элдеринин тилдерине которулган.<br>

14:49, 4 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 -деги абалы

АЛИМЖАНОВ Ануар Турлыбек улы (12. 5. 1930, Алматы обл., Сарканд р-ну, Карлыгаш айылы ‒ 9. 11. 1993, Алматы) ‒ казак жазуучусу. Казак мамлекеттик университетин бүтүргөн (1954). Орус тилинде жазган. «Алма-Атинская правда», «Литературная газета» (Россия), «Ленинская смена», «Правда» (Россия) гезиттеринде иштеген. «Казакфильм» студиясынын, «Казак адабияты» гезитинин башкы редактору, Казакстан Жазуучулар Союзунун 1-секретары, Казакстан тарых ж-а маданият эстеликтерин коргоо б-ча борбордук кеӊештин төрагасы болгон. Алгачкы аӊгеме, очерк, публицистикалык макалалары 1952-ж. жарык көргөн. А. ‒ «Ак дос, сары дос, кара дос» (1958), «Достор жолугушканда » (1958), «Суу менен, кургак менен элүү миӊ миль» (1962), «Күнгө бет алган кербен» (1962), «Көгүлтүр тоолор» (1964, 1967), «Жалындаган найза» (1965) ж. б. учурдагы проблемалар жөнүндөгү китептердин автору. Ага «Күнгө бет алган кербен», «Көгүлтүр тоолор» аттуу китептери үчүн Казак ССР мамлекеттик сыйлыгы (1965, 1967), «Отрар сувенири» повести, Индия жөнүндөгү чыгармалары үчүн Джавахарлал Неру атындагы сыйлыгы (1969) берилген. Ал өмүрүнүн акыркы жылдары «Махамбеттин жебеси» (1969), «Чабарман » (1974), «Мугалимдин кайтып келүүсү» (1979), «Эл жолу» (1984) аттуу тарыхый романдарын жазган. А. Алимжановдун чыгармалары Азия, Африка, Европа элдеринин тилдерине которулган.