Difference between revisions of "АГРОБИОЦЕНОЗ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 revision imported)
м (1 revision imported)
(Айырма жок)

11:37, 17 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы

 (агро..., bios ‒ жашоо, koinos ‒ жалпы) ‒ а. ч. азык-түлүктөрүн өндүрүү шартында түзүлүп, жөнгө салынып туруучу өсүмдүк, жаныбар ж-а микроорганизмдер жамааты. Ал өзү калыбына келүүгө жөндөмсүз ж-а экол. өзгөрүүлөргө чыдамсыз келет; бул жерде түшүмдүүлүк кыйла жогору болот. Себеби адам айдаган өсүмдүккө жагымдуу шарт түзүү м-н башка түрдүн өсүшүн басаӊдатат. А. негизинен агрофитоценоздон — агротех. чаралардын негизинде түзүлгөн өсүмдүктөрдөн ж-а зыянкеч курт-кумурскалардан турат. Табигый өсүмдүктөр өскөн жерлерге маданий өсүмдүктөрдүн бир эле түрүн эгүү анын зооценозунун кескин өзгөрүшүнө да алып келет. Өсүмдүктөр өскөн жерди иштетүүгө чыдабаган жаныбарлар жок болуп кетет, айрымдары үчүн (негизинен фитофаг ‒ курт-кумурскалар) жагымдуу шарт түзүлүп, алар көбөйүп, эгилген өсүмдүктөргө зыян келтирет.