Difference between revisions of "АЛТАЙ РЕСПУБЛИКАСЫ"
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЛТАЙ РЕСЛУБЛИКАСЫ''' – Россия Федерациясынын курамындагы адм. бирдик. Сибирь федерация округуна кирет. Түштүгүнөн Монголия ж-а Кытай Эл Респ. м-н чектешет. Аянты | |||
92,9 миң ''км<sup>2</sup>.'' Калкы 209,2 миң (2009); алтайлыктар, орус, казак ж. б. улут өкүлдөрү жашайт. Орт. жыштыгы 1 ''км<sup>2'' жерге 2,2 киши. Борбору – Горно-Алтайск ш.; шаар калкы | |||
26,4%. Адм.-айм. жактан 10 районго, 1 шаарга бөлүнөт.<br> | |||
Мамл. бийлик органдарынын системасы А. | |||
Респ-нын Конституциясы (1997) тарабынан | |||
аныкталат. Мамл. бийлик респ. башчысы, | |||
Мамл. чогулуш – Эл Курултайы (парламент), | |||
өкмөт тарабынан ишке ашырылат. Респ. башчысы – РФнын Президенти тарабынан сунушталып, Мамл. чогулуш тарабынан бекитилет | |||
ж-а ошол эле учурда аткаруу бийлигинин башчысы болуп саналат. Жогорку мыйзам чыгаруу | |||
(өкүлчүлүк) органы – Мамл. чогулуш 41 депутаттан турат. Респ-нын аткаруу бийлигинин | |||
жогорку органы – Өкмөт. Анын курамы респ. башчысы тарабынан түзүлөт.<br> | |||
Республика Батыш Сибирдин түш.-чыгышында, Түш. Сибирдин бийик тоолуу аймагында | |||
жайгашкан (эң бийик жери Белуха чокусу,4506 ''м).'' Бийик кырка тоолорду (Катунь, Курай, | |||
Түн. ж-а Түш. Чүй ж. б.) «талаа» деп аталган | |||
өрөөндөр ж-а жазы чуңкурдуктар бөлүп жатат. | |||
Климаты кескин континенттик. Январдын | |||
орт. темп-расы –12°...–32°С, июлдуку 9–18°С. | |||
Жылдык жаан-чачыны 100 ''мм''ден (тоо аралык | |||
өрөөндөрдө) 1000 ''мм''ге чейин. Табияты калктын жашоосуна ыңгайлуу. Респ-нын экологиялык абалы канааттандыраарлык. Дарыялары: Катунь, Бия, Чары ж. б.; көлү – Төлөс (Алтын-Көл). Кара ж-а тоонун күл топурактары басымдуу. Аймагынын 25% токой. Ири чуңкурдуктарында тоо-талаа ж-а жарым чөл тибиндеги өсүмдүктөр өсөт. Алтын, күмүш, жез, молибден, вольфрам, курулуш материалдары казылып алынат. | |||
А-дын аймагынан таш дооруна таандык (төмөнкү палеолиттик Улалинка, мустье доорундагы Коркунучтуу, Усть-Канск ж. б. үңкүрлөрү,мезолиттик усть-семин мад-ты, неолиттик ортонку Катунь мад-ты) тургун жайлар табылган.Коло доору Афанасьев мад-тынын (Балык Туу-Көл, Семи-Сарт) эстеликтери м-н белгилүү. Эрте темир дооруна скиф–сибирь тибиндеги (а. и.пазырык мад-тынын эстеликтери: Үкөк, Туюктуу, Башадар ж. б.) коргондор таандык. Жакында 1997-ж. А. респ-ндагы Локоть деген жердей б. з. ч. 5- 4-к-га (сак мезгилиндеги урууларга) таандык табылган алтын адам тышкы | |||
түспөлү б-ча Ысык коргонунан (Казакстан) табылган ''Алтын адам'' м-н окшош болуп, кийимдери толугу м-н алтын пластиналардан турган. Анын буюмдарынын саны 1800гө жетип, салмагы 1 кгды түзгөн. Б. з. ч. 3-к-дын аягы – 2-кдын башынан б. з. 1-к-на чейин А. гунндардын мамлекетинин курамында келген. 2–4-к-да алтайлыктарга ''сянбилер'' чоң таасир тийгизишсе,4-к-дын аягы 6-к-дын ортосуна чейин алар ''жужандарга'' баш ийип келген. 552-ж. алтайлык түрктөрдүн өз алдынча мамлекети – ''Түрк каганаты'' негизделип, анын борбору А-дан Орхон д-нын жээгине которулган. Түрк кагандыгынын курамына Чоң Хинган кырка тоосунан Аму-Дарыяга ж-а Түн. Кавказга чейинки аймактар | |||
каратылган. Кагандыктын чек арасы Түндүктө Енисей ж-а Тоолуу Алтай, түштүктө Улуу Кытай дубалы ж-а Тибетке чейин созулган. 581-ж.кагандык Чыгыш ж-а Батыш болуп бөлүнүп, А. Чыгыш Түрк кагандыгынын курамында калган. 8-к-да Түрк кагандыгы кыйраган соң, А.Уйгур, кийинчерээк Кыргыз кагандыгынын курамына кирген. 8-к-дан A-да манихейизм дини таралган. 13-к-дын башынан Монгол империясынын курамына кирген. 15-к-дын ортосунан Түш. А-дын калкы батыш монголдордун (ойроттордун) таасирине кирип, түн. алтайлыктар (кумандиндер, тубалар, челкандар) кыргыздарга ж-а алтайлык телеуттарга көз каранды болгон.<br> | |||
17-к-дын аягында алар Орус мамлекетинин букаралары болуп калышкан (алардын 100дөн ашуун улус, айылдары казынага ясак төлөшкөн). Цинь империясынын ''Жунгар хандыгына'' | |||
каршы согуштарынын мезгилинде (1755–57) хандыктын калкынын көпчүлүгү кырылып, 1756-ж.түш. алтайлыктар (алтай-кижи, теленгиттер) орус букаралыгына өткөн. А-дын аймагы Сибирь губерниясынын (1756–79), Колыван облусунун (1779–83), Колыван (1873–96), Тобол (1796–1804) ж-а Томск губернияларынын (1804–1917) курамында келген. А-дын калкы негизинен көчмөн мал чарбасы, аңчылык ж-а кедр жаңгагын чогултуу м-н кесиптенген. Убактылуу өкмөттүн чечими м-н Томск губерниясынын карамагынан өз алдынча Алтай губерниясы (1917-25) бөлүнгөн. Дыйкан депутаттардын Алтайлык | |||
съездинде (1917, Улала кыш.) Тоолуу Алтайдын Бий уездинин курамынан чыгаруу ж-а Кара-Корум–Алтай ж-а Ойрот Респ-н (Орус ж-а Монгол Алтайын, Урянхайды, Жунгарияны камтыган) түзүү чечими кабыл алынган. Бирок, бул чечим Сибирде бийликтин А. В. Колчактын колуна өтүшүнө байланыштуу ишке ашкан эмес.1919-ж. Улала кыш-нын Кызыл Армия тарабынан ээлениши м-н Тоолуу Алтай РСФСРдин курамына кирген. 1922-ж. борбору Улала (1928-жылдан шаар статусун алган, 1932-ж. Ойрот Туру, 1948-жылдан Тоолуу Алтай) болгон Ойрот Автономиялуу обл. (1948-жылдан Тоолуу | |||
Алтай) түзүлгөн. Облус РСФСРдин курамындагы Сибирь (1925–30), Батыш Сибирь (1930–37), | |||
Алтай крайынын (1937–91) карамагына кирген.<br> | |||
1991-ж. Тоолуу Алтай ССРи, 1992-жылдан Рос-сия Федерациясынын курамындагы Тоолуу Ал-тай Респ. болуп кайра түзүлгөн. 1992-жылдан | |||
Алтай Республикасы.<br> | |||
Экономикасында өнөр жайдын үлүшү төмөн. | |||
Экономиканын негизин мал чарбасы түзөт. Койэчки, уй, топоз, жылкы асыралып, чаар бугу | |||
м-н марал көбөйтүлүүдө. Тыбыт берүүчү эчкилери | |||
жогорку продуктуулугу ж-а тыбыты м-н айырмаланат. Аары чарбасы, аңчылык өнүккөн. | |||
Токой, түстүү металлургия, жыгаччылык, жеңил, тамак-аш (жоопкерчилиги чектелген «Майма-Молоко» коому; жогорку сапаттагы сыр чыгарат), курулуш материалдар, электр тех., металл иштетүү, машина куруу өнөр жайы бар. | |||
Тоют өсүмдүктөрү, дан эгиндери (буудай, сулу | |||
ж. б.) эгилет. Негизги транспорт магистралы - | |||
Чүй тракты. Темир жолу жок. Автомобиль жолунун уз. 3396 ''км'' (а. и. 1217 ''км'' асфальтталган). Мамл. ун-т (2003), драма театры, филармония, край таануу музейи, китепканалар бар. | |||
Too климаттык Чемал курорту иштейт.<br> | |||
''С. Айткулоеа, А. Орозов.'' | ''С. Айткулоеа, А. Орозов.'' |
09:41, 29 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 -деги абалы
АЛТАЙ РЕСЛУБЛИКАСЫ – Россия Федерациясынын курамындагы адм. бирдик. Сибирь федерация округуна кирет. Түштүгүнөн Монголия ж-а Кытай Эл Респ. м-н чектешет. Аянты
92,9 миң км2. Калкы 209,2 миң (2009); алтайлыктар, орус, казак ж. б. улут өкүлдөрү жашайт. Орт. жыштыгы 1 км2 жерге 2,2 киши. Борбору – Горно-Алтайск ш.; шаар калкы
26,4%. Адм.-айм. жактан 10 районго, 1 шаарга бөлүнөт.
Мамл. бийлик органдарынын системасы А.
Респ-нын Конституциясы (1997) тарабынан
аныкталат. Мамл. бийлик респ. башчысы,
Мамл. чогулуш – Эл Курултайы (парламент),
өкмөт тарабынан ишке ашырылат. Респ. башчысы – РФнын Президенти тарабынан сунушталып, Мамл. чогулуш тарабынан бекитилет
ж-а ошол эле учурда аткаруу бийлигинин башчысы болуп саналат. Жогорку мыйзам чыгаруу
(өкүлчүлүк) органы – Мамл. чогулуш 41 депутаттан турат. Респ-нын аткаруу бийлигинин
жогорку органы – Өкмөт. Анын курамы респ. башчысы тарабынан түзүлөт.
Республика Батыш Сибирдин түш.-чыгышында, Түш. Сибирдин бийик тоолуу аймагында
жайгашкан (эң бийик жери Белуха чокусу,4506 м). Бийик кырка тоолорду (Катунь, Курай,
Түн. ж-а Түш. Чүй ж. б.) «талаа» деп аталган
өрөөндөр ж-а жазы чуңкурдуктар бөлүп жатат.
Климаты кескин континенттик. Январдын
орт. темп-расы –12°...–32°С, июлдуку 9–18°С.
Жылдык жаан-чачыны 100 ммден (тоо аралык
өрөөндөрдө) 1000 ммге чейин. Табияты калктын жашоосуна ыңгайлуу. Респ-нын экологиялык абалы канааттандыраарлык. Дарыялары: Катунь, Бия, Чары ж. б.; көлү – Төлөс (Алтын-Көл). Кара ж-а тоонун күл топурактары басымдуу. Аймагынын 25% токой. Ири чуңкурдуктарында тоо-талаа ж-а жарым чөл тибиндеги өсүмдүктөр өсөт. Алтын, күмүш, жез, молибден, вольфрам, курулуш материалдары казылып алынат.
А-дын аймагынан таш дооруна таандык (төмөнкү палеолиттик Улалинка, мустье доорундагы Коркунучтуу, Усть-Канск ж. б. үңкүрлөрү,мезолиттик усть-семин мад-ты, неолиттик ортонку Катунь мад-ты) тургун жайлар табылган.Коло доору Афанасьев мад-тынын (Балык Туу-Көл, Семи-Сарт) эстеликтери м-н белгилүү. Эрте темир дооруна скиф–сибирь тибиндеги (а. и.пазырык мад-тынын эстеликтери: Үкөк, Туюктуу, Башадар ж. б.) коргондор таандык. Жакында 1997-ж. А. респ-ндагы Локоть деген жердей б. з. ч. 5- 4-к-га (сак мезгилиндеги урууларга) таандык табылган алтын адам тышкы
түспөлү б-ча Ысык коргонунан (Казакстан) табылган Алтын адам м-н окшош болуп, кийимдери толугу м-н алтын пластиналардан турган. Анын буюмдарынын саны 1800гө жетип, салмагы 1 кгды түзгөн. Б. з. ч. 3-к-дын аягы – 2-кдын башынан б. з. 1-к-на чейин А. гунндардын мамлекетинин курамында келген. 2–4-к-да алтайлыктарга сянбилер чоң таасир тийгизишсе,4-к-дын аягы 6-к-дын ортосуна чейин алар жужандарга баш ийип келген. 552-ж. алтайлык түрктөрдүн өз алдынча мамлекети – Түрк каганаты негизделип, анын борбору А-дан Орхон д-нын жээгине которулган. Түрк кагандыгынын курамына Чоң Хинган кырка тоосунан Аму-Дарыяга ж-а Түн. Кавказга чейинки аймактар
каратылган. Кагандыктын чек арасы Түндүктө Енисей ж-а Тоолуу Алтай, түштүктө Улуу Кытай дубалы ж-а Тибетке чейин созулган. 581-ж.кагандык Чыгыш ж-а Батыш болуп бөлүнүп, А. Чыгыш Түрк кагандыгынын курамында калган. 8-к-да Түрк кагандыгы кыйраган соң, А.Уйгур, кийинчерээк Кыргыз кагандыгынын курамына кирген. 8-к-дан A-да манихейизм дини таралган. 13-к-дын башынан Монгол империясынын курамына кирген. 15-к-дын ортосунан Түш. А-дын калкы батыш монголдордун (ойроттордун) таасирине кирип, түн. алтайлыктар (кумандиндер, тубалар, челкандар) кыргыздарга ж-а алтайлык телеуттарга көз каранды болгон.
17-к-дын аягында алар Орус мамлекетинин букаралары болуп калышкан (алардын 100дөн ашуун улус, айылдары казынага ясак төлөшкөн). Цинь империясынын Жунгар хандыгына
каршы согуштарынын мезгилинде (1755–57) хандыктын калкынын көпчүлүгү кырылып, 1756-ж.түш. алтайлыктар (алтай-кижи, теленгиттер) орус букаралыгына өткөн. А-дын аймагы Сибирь губерниясынын (1756–79), Колыван облусунун (1779–83), Колыван (1873–96), Тобол (1796–1804) ж-а Томск губернияларынын (1804–1917) курамында келген. А-дын калкы негизинен көчмөн мал чарбасы, аңчылык ж-а кедр жаңгагын чогултуу м-н кесиптенген. Убактылуу өкмөттүн чечими м-н Томск губерниясынын карамагынан өз алдынча Алтай губерниясы (1917-25) бөлүнгөн. Дыйкан депутаттардын Алтайлык
съездинде (1917, Улала кыш.) Тоолуу Алтайдын Бий уездинин курамынан чыгаруу ж-а Кара-Корум–Алтай ж-а Ойрот Респ-н (Орус ж-а Монгол Алтайын, Урянхайды, Жунгарияны камтыган) түзүү чечими кабыл алынган. Бирок, бул чечим Сибирде бийликтин А. В. Колчактын колуна өтүшүнө байланыштуу ишке ашкан эмес.1919-ж. Улала кыш-нын Кызыл Армия тарабынан ээлениши м-н Тоолуу Алтай РСФСРдин курамына кирген. 1922-ж. борбору Улала (1928-жылдан шаар статусун алган, 1932-ж. Ойрот Туру, 1948-жылдан Тоолуу Алтай) болгон Ойрот Автономиялуу обл. (1948-жылдан Тоолуу
Алтай) түзүлгөн. Облус РСФСРдин курамындагы Сибирь (1925–30), Батыш Сибирь (1930–37),
Алтай крайынын (1937–91) карамагына кирген.
1991-ж. Тоолуу Алтай ССРи, 1992-жылдан Рос-сия Федерациясынын курамындагы Тоолуу Ал-тай Респ. болуп кайра түзүлгөн. 1992-жылдан
Алтай Республикасы.
Экономикасында өнөр жайдын үлүшү төмөн.
Экономиканын негизин мал чарбасы түзөт. Койэчки, уй, топоз, жылкы асыралып, чаар бугу
м-н марал көбөйтүлүүдө. Тыбыт берүүчү эчкилери
жогорку продуктуулугу ж-а тыбыты м-н айырмаланат. Аары чарбасы, аңчылык өнүккөн.
Токой, түстүү металлургия, жыгаччылык, жеңил, тамак-аш (жоопкерчилиги чектелген «Майма-Молоко» коому; жогорку сапаттагы сыр чыгарат), курулуш материалдар, электр тех., металл иштетүү, машина куруу өнөр жайы бар.
Тоют өсүмдүктөрү, дан эгиндери (буудай, сулу
ж. б.) эгилет. Негизги транспорт магистралы -
Чүй тракты. Темир жолу жок. Автомобиль жолунун уз. 3396 км (а. и. 1217 км асфальтталган). Мамл. ун-т (2003), драма театры, филармония, край таануу музейи, китепканалар бар.
Too климаттык Чемал курорту иштейт.
С. Айткулоеа, А. Орозов.