Difference between revisions of "АДАТ УКУГУ"
м (→top: clean up, replaced: ж‑а → жана (6)) |

| 1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АДАТ УКУГУ''' – адаттагы адеп нормаларынын ж‑а жүрүш‑туруш эрежелеринин жыйындысы. Коомдун тарыхый өнүгүүсүнүн байыркы мезгилдеринде жаралып, коомдук ар кандай мамилелерди жөнгө салган жалпыга милдеттүү эрежелерине бириктирилип, бийликтин күч бирдигине айланган ж‑а элдин эс‑тутумунда сакталып келген, оозеки түрүндө муундан муунга өткөн укуктун тарыхый түрлөрүнүн бири. А. у‑нун түпкүрүндө байыркы уруучулук коомдо пайда болгон адат эрежелери жатат. Бара‑бара бул эрежелер уруу ж‑а аймактык тар чөйрөнүн чегинен чыгып, коомдук турмуштагы жалпылык мүнөзгө өткөн. Анын мындай даражага ээ болуусу жеке менчиктик ээлик укуктун ж‑а мамлекеттүүлүктүн пайда болушуна тушташ келет. Уруучулук мезгилде пайда болгон эрежелер мамлекет тарабынан таанылып, алар юрид. күчкө ээ болгон ж‑а алардын саясий‑социал. мүнөзү бекемделген. Башка элдердей эле кыргыз элинин турмушунда да А. у. маанилүү роль ойногон. Кыргыз адаты кыргыздардын элдүүлүгүн, мамлекеттүүлүгүн бекемдөөгө ж‑а алардын тарыхта жок болуп кетишине жол бербеген күчтөрдүн бири катары саналат. Совет доорунда кыргыздардын А. у‑на таптык мүнөздөмө берилип, бир беткей бааланып, анын жалпы адамзаттык нарк дөөлөтү, баалуу жактары айтылган эмес. А. у‑нун эрежелерин колдонууга Совет мезгилинин 1920–30‑ж‑нда биротоло тыюу салынган.
| '''АДАТ УКУГУ''' – адаттагы адеп нормаларынын жана жүрүш‑туруш эрежелеринин жыйындысы. Коомдун тарыхый өнүгүүсүнүн байыркы мезгилдеринде жаралып, коомдук ар кандай мамилелерди жөнгө салган жалпыга милдеттүү эрежелерине бириктирилип, бийликтин күч бирдигине айланган жана элдин эс‑тутумунда сакталып келген, оозеки түрүндө муундан муунга өткөн укуктун тарыхый түрлөрүнүн бири. А. у‑нун түпкүрүндө байыркы уруучулук коомдо пайда болгон адат эрежелери жатат. Бара‑бара бул эрежелер уруу жана аймактык тар чөйрөнүн чегинен чыгып, коомдук турмуштагы жалпылык мүнөзгө өткөн. Анын мындай даражага ээ болуусу жеке менчиктик ээлик укуктун жана мамлекеттүүлүктүн пайда болушуна тушташ келет. Уруучулук мезгилде пайда болгон эрежелер мамлекет тарабынан таанылып, алар юрид. күчкө ээ болгон жана алардын саясий‑социал. мүнөзү бекемделген. Башка элдердей эле кыргыз элинин турмушунда да А. у. маанилүү роль ойногон. Кыргыз адаты кыргыздардын элдүүлүгүн, мамлекеттүүлүгүн бекемдөөгө жана алардын тарыхта жок болуп кетишине жол бербеген күчтөрдүн бири катары саналат. Совет доорунда кыргыздардын А. у‑на таптык мүнөздөмө берилип, бир беткей бааланып, анын жалпы адамзаттык нарк дөөлөтү, баалуу жактары айтылган эмес. А. у‑нун эрежелерин колдонууга Совет мезгилинин 1920–30‑ж‑нда биротоло тыюу салынган.

''К. Асаналиев.''
| ''К. Асаналиев.''

14:53, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 -деги абалы
АДАТ УКУГУ – адаттагы адеп нормаларынын жана жүрүш‑туруш эрежелеринин жыйындысы. Коомдун тарыхый өнүгүүсүнүн байыркы мезгилдеринде жаралып, коомдук ар кандай мамилелерди жөнгө салган жалпыга милдеттүү эрежелерине бириктирилип, бийликтин күч бирдигине айланган жана элдин эс‑тутумунда сакталып келген, оозеки түрүндө муундан муунга өткөн укуктун тарыхый түрлөрүнүн бири. А. у‑нун түпкүрүндө байыркы уруучулук коомдо пайда болгон адат эрежелери жатат. Бара‑бара бул эрежелер уруу жана аймактык тар чөйрөнүн чегинен чыгып, коомдук турмуштагы жалпылык мүнөзгө өткөн. Анын мындай даражага ээ болуусу жеке менчиктик ээлик укуктун жана мамлекеттүүлүктүн пайда болушуна тушташ келет. Уруучулук мезгилде пайда болгон эрежелер мамлекет тарабынан таанылып, алар юрид. күчкө ээ болгон жана алардын саясий‑социал. мүнөзү бекемделген. Башка элдердей эле кыргыз элинин турмушунда да А. у. маанилүү роль ойногон. Кыргыз адаты кыргыздардын элдүүлүгүн, мамлекеттүүлүгүн бекемдөөгө жана алардын тарыхта жок болуп кетишине жол бербеген күчтөрдүн бири катары саналат. Совет доорунда кыргыздардын А. у‑на таптык мүнөздөмө берилип, бир беткей бааланып, анын жалпы адамзаттык нарк дөөлөтү, баалуу жактары айтылган эмес. А. у‑нун эрежелерин колдонууга Совет мезгилинин 1920–30‑ж‑нда биротоло тыюу салынган.
К. Асаналиев.