Difference between revisions of "АБД ЭЛЬ-КЕРИМ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (Kerimova-59 moved page АБД АЛ-КЕРИМ to АБД ЭЛЬ-КЕРИМ)
(Айырма жок)

09:31, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы

АБД ЭЛЬ-КЕРИМ, А б д а л ь-К р и м (12. 1. 1882, Марокко, Аджир – 7. 2. 1963, Египет, Каир) – Мароккодогу риф уруулардын көтөрүлүшүнүн жол башчысы, Риф респ-нын (1921–26) жетекчиси. 1915-ж. өз уруулаштарын улуттук-боштондук күрөшкө үндөгөндүгү үчүн Испания колониялык бийлиги аны түрмөгө камап, 1916-ж. бошоткон. 1921–26-ж. рифтиктердин адегенде испан, 1925-жылдан француз колонизаторлоруна каршы боштондук күрөшүнүн башында болгон. 1921–26-ж. Риф респ-нын президенти (эмири). 1926-ж. француздардын колуна түшүп, Реюньон а-на сүргүнгө айдалат. 1947-ж. май айында саясий иш жүргүзүүдөн баш тартуу шарты м-н Францияда жашоого уруксат алган. Порт-Саидде кемеден качып чыгып, Каирге туруп калат. 1948–56-ж. Түн. Африканы боштондукка чыгаруу к-тинин башында болгон. Марокко көз карандысыздыгын алган соң (1956), Африка жергесинде француз аскерлери турганда мекенине кайтып келбестигин билдирген.