Difference between revisions of "АБАКИРОВ 3"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
Tag: New redirect
 
1 -сап: 1 -сап:
#REDIRECT [[АБАКИРОВ Барктабас]]
'''АБАКИРОВ''' Барктабас (2. 5. 1933, Нарын обл., Кочкор р-ну, Төрткүл айылы - 26. 5. 2006, Бишкек) - акын, журналист, коомдук ишмер, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1983). Бишкектеги К. И. Скрябин атындагы Айыл чарба ин-тун (1955), Москвадагы Жогорку партиялык мектептин журналистика бөлүмүн (1970) бүткөн. 1963-ж. «Советтик Кыргызстан», 1963-68-ж. райондук «Эмгек туусу», 1971-80-ж. облустук «Нарын правдасы» гезитинде башкы редактор, 1983-ж. «Кыргызстан» басмасында директор, 1987-ж. «Кыргызстан айыл чарбасы» журналында башкы редактор, 1987-жылдан КРдин Маданият министрлигинде жетектөөчү редактор болуп иштеген. «Чаарчык» аттуу туңгуч ырлар жыйнагы 1961-ж. жарыкка чыккан. Ал «Сапар» (1965), «Тоо таңы» (1968), «Бийик жерде» (1970), «Нарын агат» (1973), «Жылдар барагы» (1978), «Күтүү» (1979), «Соң-Көл толкуну» (1982), «Элүүнчү жаз», «Жыр кесте» (1983), «Нарын күндөрү», «Арча бешик» (1985), «Өмүр кадамдары» (1989), «Манасчы Сагымбай» (1993), «Кыргыз үнү» (1997) аттуу китептердин автору. Лирикаларында, публ. поэмаларында бийик граждандык пафос, терең социалдык мазмун ачык туюлат. Анын 200дөн ашык ырларына музыка жазылган. Китептери орус, казак тилдерине, көптөгөн ырлары дүйнө элдеринин тилдерине которулган. М. Ю. Лермонтов, С. Есенин, Р. Гамзатов, М. Турсун-Заде, Д. Кугультинов, Б. Степанюк, В. Бээкман ж. б. акындардын ырларын кыргызчага которгон. «Ардак Белгиси» ордени ж-a медалдар м-н сыйланган. ''Ж. Медералиева.''<br>

15:04, 27 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы

АБАКИРОВ Барктабас (2. 5. 1933, Нарын обл., Кочкор р-ну, Төрткүл айылы - 26. 5. 2006, Бишкек) - акын, журналист, коомдук ишмер, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1983). Бишкектеги К. И. Скрябин атындагы Айыл чарба ин-тун (1955), Москвадагы Жогорку партиялык мектептин журналистика бөлүмүн (1970) бүткөн. 1963-ж. «Советтик Кыргызстан», 1963-68-ж. райондук «Эмгек туусу», 1971-80-ж. облустук «Нарын правдасы» гезитинде башкы редактор, 1983-ж. «Кыргызстан» басмасында директор, 1987-ж. «Кыргызстан айыл чарбасы» журналында башкы редактор, 1987-жылдан КРдин Маданият министрлигинде жетектөөчү редактор болуп иштеген. «Чаарчык» аттуу туңгуч ырлар жыйнагы 1961-ж. жарыкка чыккан. Ал «Сапар» (1965), «Тоо таңы» (1968), «Бийик жерде» (1970), «Нарын агат» (1973), «Жылдар барагы» (1978), «Күтүү» (1979), «Соң-Көл толкуну» (1982), «Элүүнчү жаз», «Жыр кесте» (1983), «Нарын күндөрү», «Арча бешик» (1985), «Өмүр кадамдары» (1989), «Манасчы Сагымбай» (1993), «Кыргыз үнү» (1997) аттуу китептердин автору. Лирикаларында, публ. поэмаларында бийик граждандык пафос, терең социалдык мазмун ачык туюлат. Анын 200дөн ашык ырларына музыка жазылган. Китептери орус, казак тилдерине, көптөгөн ырлары дүйнө элдеринин тилдерине которулган. М. Ю. Лермонтов, С. Есенин, Р. Гамзатов, М. Турсун-Заде, Д. Кугультинов, Б. Степанюк, В. Бээкман ж. б. акындардын ырларын кыргызчага которгон. «Ардак Белгиси» ордени ж-a медалдар м-н сыйланган. Ж. Медералиева.