Difference between revisions of "АБРАМЗОН Саул Матвеевич"
Jump to navigation
Jump to search
м (Kerimova-59 moved page АБРАМЗОН to АБРАМЗОН Саул Матвеевич) |
|
(Айырма жок)
|
10:27, 22 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы
[22. 6. (5.7). 1905, Орлов губерниясы, Дмитровск ш. – 1. 9. 1977, Ленинград] – этнолог, түрколог, тарых илимд. доктору (1968); кыргыз этнография илимин негиздегендердин бири.
1926-ж. Ленинград мамл. ун-тинин география ф-тин бүтүргөн. 1926–31-ж. Кырг-нда эмгектенип, аймак таануу музейинин директору, Мекен таануу ил.-из. ин-тунун директорунун орун басары, Эл агартуу комиссариатьна караштуу Маданий курулуш ил.-из. ин-тунун директору болуп иштеген. 1931-жылдан СССР ИАнын Этнография ин-тунун Ленинграддагы бөлүмүнүн улук ил. кызматкери, сектор башчысы кызматтарын аткарган. 1946–47- ж-а 1953–55-ж. Кырг-нда этногр. экспедицияларды уюштуруп, кыргыздардын тарыхын, мад-тын, үрп-адатын, о. эле «Манас» эпосун изилдеп, эпостун этногр. булак катары баалуулугун белгилеп кеткен. 100дөн ашуун ил. эмгектерди жараткан. Анын көп жылдык изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы «Кыргыз элинин маданиятынын очерки» (1946), «Түндүк Кыргызстандагы кыргыздардын этностук курамы» (1960), «Кыргыздар жана алардын этногенетикалык жана тарыхый-маданий байланыштары» (1971) ж.б. эмгектеринде чагылдырылган. Кырг-нда этногр. илиминин өнүгүшүнө, этнограф адистерин даярдоого зор эмгек сиңирген. «Ардак Белгиси» ордени, медалдар м-н сыйланган.
Эмг.: Абрамзон С. М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. Б., 1999; Абрамзон С. М., Антипина К. И., Васильева Г. П., Махова Е. И., Сулайманов Д. «Быт колхозников киргизских селений Дархан и Чичкан*. М., 1958; С. М. Абрамзон. Киргизы, т. II., М., 1963.