Difference between revisions of "«А» ТАМГАСЫ"
Jump to navigation
Jump to search
(Removed redirect to А тамгасы) Tags: Визуалдык редактор Removed redirect |
м (Mariya moved page А ТАМГАСЫ to «А» ТАМГАСЫ) |
(Айырма жок)
|
17:03, 21 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы
А – 1) латын, Кирилл графикасын колдонгон элдердин, а. и. кыргыз элинин алфавитиндеги биринчи тамга.
Жазуунун түрү | Белгиси | Мезгили |
Орхон-Енисей жазуусу | V - Х-к. | |
Араб алфавити | 1 | XVIII к - 1927-ж. |
Латын алфавити | А а | 1927 - 1941-ж. |
Орус (кириллица) алфавити | А а | 1941-жылдан |
Адегенде байыркы финикия жазмасында жаралып, кийин байыркы грек графикасы аркылуу латын алфавитине, андан кириллицага өткөн; 2) кыргыз адабий тилиндеги кең, жоон, ачык, кыска, созулма (А тамгасынын эки ирет жазылышы аркылуу туюнтулат) үндүү тыбышты билдирет; 3) байыркы кыргыз (түрк) жазмасында -Г сөлөкөтүндө жазылган. Сүйлөм тутумунда байламта катары да колдонулат; 4) чет тилдерден кирген сөздөрдүн башында кыргызча «сыз» мүчөсүндөй терс маанини туюндурат (мис., алогикалык - логикасыз; асимметрия - симметриясыз); 5) иретти туюнтууда «биринчи» деген маанини билдирет.