Difference between revisions of "АГЛОМЕРАЦИЯ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
v1e2_72-116>Kadyrm
 
v1e2_72-116>Kadyrm
(Айырма жок)

18:37, 13 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы

(лат. аgglomerare ‒ бириктирүү, чогултуу) м е т а л л у р г и я д а ‒ эритүү үчүн зарыл формага ж-а касиетке (хим. курамына ж-а структурасына) келтирүү максатында кызытып бириктирүү жолу м-н майда материал дарды (кенташты, металл аралаш кенташ концентраттарын) ирилештирүүчү термиялык процесс. Термин 1887-ж. Ф. Геберлейн ж-а Т. Хантингтон (Улуу Британия) тарабынан сунуштал ган. Жогорку темп-рада (1150°С) кенташтын сырткы беттери бир аз жумшарып, бири бирине жабышып калат же беттериндеги жеӊил эрүүчү бирикмелер эрип, кенташ муздаганда бөлүкчөлөрдү чапташтырат. Кызытып бириктирүү үчүн зарыл жылуулук А-лануучу мате

риалга кошулган көмүртектүү отундун күйүүсүнөн же күкүртүү кенташ концентраты А-ланганда, андагы сульфиддин кычкылданы шынан бөлүнүп чыгат. Негизги баштапкы материалдары: майда күкүм түрүндөгү кенташ ж-а анын концентраты, 3 ммге чейинки кокс ж-а антрацит күкүмдөрү, боксит. Алынуучу өнүм (продукт) ‒ агломерат. Мунун 95%тен көбүрөөгү кара металлургияда алюминий, никель ж-а коргошун өндүрүшүндө колдонулат. А. процессинде негизги жумушту А-лык үзгүлтүксүз жылып туруучу тасмалуу машина аткарат. Бул машиналар өндүрүштө 1 жылда 2‒3 млн т агломератты өндүрөт. А-лык өндүрүш негизинен бардык катуу калдыктарды кайрадан иштете алат, бирок өндүрүштөн чыккан заттар (көмүртектин оксиди, күкүрт диоксиди, катуу бөлүкчөлөр ж.б.) атм-ны булгоочу булактардын бири болуп эсептелинет. Ад.: Базилевич С. В., Вегман Е. Ф. Агломерация. М., 1967; Коротич В. И., Фролов Ю. А. Бездежский Г. Н. Агломерация рудных материалов. Екатеринбург, 2003.