Difference between revisions of "АВТОУЧКУЧ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
v1e2_72-116>Kadyrm
 
v1e2_72-116>Kadyrm
(Айырма жок)

18:37, 13 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы

, а в т о п и л о т (авто ... ж-а фр. pilote ‒ руль кармоочу, тизгинчи) ‒ учуучу аппараттардын (самол¸т, вертол¸т, башкарылуу чу снаряд ж. б.) учушун автоматтык башкаруу чу түзүлмө. Ал самол¸ттун учушуна ж-а ылдамдыгына байкоо жүргүзөт, пландалган параметрден кандайдыр четтөөлөр болгондо аларды жөнгө салат. Анын системасы ар түрдүү болуп, канатты теӊ салмакта кармоочу жөнөкөй түзүлүштөн компьютердик түзүлүшкө чейин болот. Аны түзүүнү ж-а схемасын орус окумуштуусу К. Э. Циолковский сунуш кылган (1898). А. м-н автоматтык башкарылуучу алгачкы самол¸тту 1914-ж. Парижде Бүткүлдүйнөлүк көргөзмөгө Сперри (АКШ) фирмасы алып чыккан. Ал адегенде самол¸ттун бурчтук кыймылын турукташ тыруу үчүн гана пайдаланылган, бул учкучсуз эле самол¸ттун белгилүү учуу режимин кармоого мүмкүндүк берген. СССРде алгачкы А. 1932-ж. жасалган. А-тун иштөө схемасы сүрөттө көрсөтүлгөн. Типтүү А-та учуунун алдын-ала эсептелген параметри самол¸ттун компьютерине (1) киргизилет. Учуп чыккандан кийин А. ишке кирет. Эки дисплей (2) самол¸ттун абалын, анын белгиленген маршрутун ж-а бийиктигин көр

Автоучкучтун түзүлүш схемасы.

сөтөт. Самол¸ттун сырткы бетиндеги кичине капкактардын (3) абалынын өзгөрүшү анын багытындагы анча-мынча өзгөрүү тууралуу билдирип, компьютерлерге берип турат. Самол¸т тун абалын аныктоо үчүн навигациянын глобалдуу системасы (4) пайдаланылат. Тулкунун жогорку бөлүгүндө кабыл алгыч (5) жайгашкан. Компьютерлер маршрутка байкоо жүргүзүп турат ж-а жапкычтар (10), элерондор (9), бийиктик рулдары (8), руль (7) м-н башкарыла турган сервомеханизмдердин (6) таасиринен зарыл өзгөрүүлөрдү автоматтык түрдө жүргүзөт. Керек учурда учкуч А-ту өчүрүп, кол м-н башкарууга (11) өтөт.